САРЫ-КОЛ ДАСТАНЫ (аудио/текст)

Сарыкол дастаны (1)

-Ак - мөңгүлүү бийик жер,

-Аскалуу адыр тоолуу жер.

-Кылымдап кыргыз жашаган ,

-Сарыколум көркөм соонун жер.

-Ат баскан чыйыр кыялап,

-Алты сап жаздым сыялап.

-Айланып бүркүт бийикте,

- Мекендейт тоону уялап.

- Санжыралуу Сарыколум ,

- Керилип жаткан Кең- Колум.

- Шамалың салкын сыдырым,

- Желпинген жеңил жорголуу.

- Сап саптын башы кайкалак,

- Сай ташы самын тайгалак.

- Ылаачын учса бийиктеп,

- Канаты бир аз чайпалат.

- Мадиян , Пышарт, Кара - Көл,

- Ак- Балык мөлтүр таза көл.

- Балыгы көп Булуң - Көл,

- Байыркы Зор -Көл Казан -Көл.

-Шаймактын шибер тулаңы,

-Бахпурдун кайнайт булагы.

- Байыртан кыргыз мекендеп,

-Сарыколум байырлап келген турагы.

-Ок- Салыр ата Шаты- Пут,

- Тарыхтар калбайт катылып.

-Ааламга кеткен кыргыздар ,

-Үркөрдөй болуп чачылып.

-Опол –Тоо, Муз- Тоо мөңгүлүү,

- Өзүнө бурат көңүлдү.

-Кереге - Өтөк Көр - Теке,

-Казылбай калган көмүрү.

-Аскада жанат Чырак - Таш,

-Мөлтүрөп ийет булактар.

-Боз шыбагы тегерек,

-Ак коёну улактай.

-Ак- Суу , Ак - Там , Баш - Күмбөз,

-Бозой- Күмбөз , Үч - Күмбөз,

- Кадам сайын мазарлуу ,

- Жарты - Күмбөз бүт күмбөз.

- Баатырлар басып өткөн жер,

-Бабалар жашап өскөн жер.

- Этегин кайрып эшендер,

- Батасын берип кеткен жер.

- Жылгада жүздөн төрт түлүк,

- Жеримде малдын көп түрү .

-Байырлап келип нечендер,

-Бай болуп кеткен көпчүлүк.

-Кылымдар өчпөс күү чалар,

- Кайберен түнөк жылгалар.

- Таң тосуп тиктейт тектирди,

-Калдайган караан кулжалар.

- Чубак , Кошой, Ак- Балта,

- Жакып жана Баабедин.

- Шерлер бектер өткөн жер,

- Ата теги Чоң Алай.

-Рахманкул- хан баш болуп,

Казы Атабай дагы бар.

- Көптөр туулуп өскөн жер.

-Кара - тоону айланып,

- Кашкарга жолу кеткен жер.

-Тойуту күчтүү тойумдуу ,

- Тоо түздө өскөн терскендер.

- Ак- Суунун суусу көк кашка,

-Арашан агылып түшкөн Топ -Ташка.

- Балыгы сууда көрүнөт,

- Балырлуу көбүк топтошсо.

-Сарыколум , Ак-Суу, Кош -Агыл,

- Сагынган биз- биз кусадар.

- Алыста жүргөн бара албай,

-Адамдар биз - биз кусалуу.

- Көпүрө - Башы, Суу- Башы,

- Көкөнбек өткөн миң башы.

-Көмүскө калган доордо,

-Көп бектер өткөн жүз башы.

- Жапаркул датка аминдер,

- Жаннатта жүрсө оомийин деер.

- Токурбек датка аминдер,

-Бейиштен жүрсө оомийин деер.

- Сарыколдук жалпы элиме,

- Салтыны сактап жүрсүн деп.

- Саламат эсен болсун деп,

- Сапарлаш болуп жолунда,

-Жылоолоп кызыр оомийин деер.

-Жылтырак жиптүү ат жабдык,

- Жылдызды кууп ат чаптык.

-Күмүштөн боолу ат жабдык,

-Кылымды кууп ат чаптык.

-Доорду көргөн нечендеп,

- Тоолорду сүйдүк мекендеп,

- Сары-Колдун өчпөйт тарыхы,

- Мезгилдер жазган бекемдеп.

-Күңгөйгө чаап күлүктү ,

- Өчүрбөй жанган биликти.

- Аталар жүргөн астейдил,

- Көтөрүп бийик түндүктү.

- Элеси өчпөйт Сары-Кол,

- Эңкесин өкчөйт Сары-Кол.

- Ата-эне жайык алган жер,

- Эң ыйык бизге жерибиз.

- Ысымың өчпөс түбөлүк,

- Ырларым далил күбөлүк.

- Кай жерде болсо урпактар,

-Тагдырлар айдап тураттар,

- Унутпай эстеп жүрөбүз.

- Бабалар өткөн тарыхым,

- Башаты өмүр тагдырдын.

- Санжыра салтын жоготпой,

- Кыл чокудагы сандыгым.

- Сандыгым жашайт Сарыколум.

-Бүркүттүн тууру күмүштө,

- Сулуунун сыны жүзүндө.

- Улуттун наркы санында эмес,

- Салтыны сактап жүрүүдө.

- Тулпарда жүгөн алтындан,

- Шумкардын боосу асылдан.

- Кадыры журттун кашта эмес ,

- Сактаган ыйык тилинде.

- Сан кылым өтсө сакталып,

- Сарыколдун баркы тилинде.

- Салтыны бекем кармаган,

- Кадыры баркы дининде.

-Бабалар баскан тарыхым,

-Сарыколум бараандуу баскан дилинде.

 

"Янги- Овоз" эл аралык жазуучулар

союзунун мүчөсү Өскөнбай Бердибаев

 

Абдували Акимбеков "Сарыкол дастаны"

 

 

Сарыкол дастаны (2)

Алай тоого уланган,

Аска зоодон куралган.

Санжыралуу Сары-Кол,

Кийиги качат кыраңдан.

Кызыл- Арт кыя кызыл өң,

Кыйгачтап түшсөң Кара- Көл.

Булуң - Көл, Шор- Көл ,Тогуз Көл,

Казан - Көл , Зор- Көл, Сарез - Көл.

Ажыдаар - Көл, Муз-Көл, Жашыл - Көл,

Турумтай - Көл , Айдын- Көл ,

Айтылуу Шор - Көл, Ыраң- Көл.

Акбайтал ашуу Ырабат,

Ырымдан дастан куралат.

Жеримди билип жазсам деп,

Түйшөлүп тарттым убара.

Жаңы жер менен Койонду,

Ширалжын жана Көл- Башы.

Шашылбай жазам санаттап,

Санжыра дастан төл башы.

Кокуй - Бел , Даңкай, Сай - Конуш,

Ата журт ыйык ар конуш.

Уй- Булак , Суук -Сай, Маркансуу,

Кайрылып Кашкар аркасы.

Байгашка- Турук, Ак - Жылга,

Орус- Булак, Тар- Жылга.

Ылык- Жылга , Кара- Артуу,

Мукур сайын ар жылга.

Ок- Салыр ата, Кара- Чым,

Дөң - Шибер нары Чыны-Суу.

Кызыл-Жээк, Чакыр - Жол,

Кызыгып бастым какыр жол.

Карнай- Тартты, Көк -Чукур,

Билбеген жерде көп чукур.

Аска зоо бети жалама,

Көлөгө - Таш, Кочкор- Калама.

Күкүрт , Чөбөк, Сарыжылга,

Тескейи аппак кар жылга.

Кампир -Өлдү, Жаргылчак,

Көк- Өтөк, Боз - Дөң, Чечекти,

Кыргыздын жери эзелки.

Боз- Артуу, Үзүк , Чырак- Таш,

Кылымдар менен куракташ.

Маамберди - Булак, Туз - Жылга,

Каухар таш чыккан түз жылга.

Маанисин билет билгендер,

Кен байлык кенен бул жылга.

Тоо жолу татаал көрүнүш,

Берилеп бассаң Бөрүлүк.

Жарлардын жанын сел алган,

Ой- Балгын, Чуулдай, Бел- Алма,

Алтынын казып тарыхта ,

Алыстан келип эл алган .

Арык-Кочкор , Шаты- Пут,

Кара - Жылга , Дам - Жайлоо.

Алыстан ат арытып,

Айланып келем ар жайлоо.

Чукур - Өтөк , Уй - Турук,

Кызыл - Күнгөй , Жан - булак.

Кыяк чөбү бел өйдө , Кош - Агыл ,

Кузгун ,Сары- Булак. Бака -Баш ,

Пышарт, Нургабым,

Миң жылдык тарых мурдагы .

Кызыл - Даңги , Таш- Короо,

Топозу тоодо беш короо.

Эчки - Тушар,Бүлөлү ,

Эл жерден калдык алыстап ,

Эли журтту ар дайым ,

Эскерип унутпай жүрөлү.

Бек - Жол ата мазары,

Нургапта Сарыкол базары.

Токтотпой калем бек кармап ,

Тарыхын терең жазармын.

Саткын -Жылга, Ак - Жылга,

Чат - Токой, Колтук, Кырк - Кечүү.

Алтын- Мазар, Балгын , өрөөнү,

Суктантат келип көргөндү .

Жыттап -Табар жылгасы ,

Алтын күмүш кум ташы .

Базар - Дара, Кулчак, Таш - Жылга ,

Күмүшү кенен , жези мол,

Жарыкташ , Моло Жар - Жылга .

Күңгөйгө күндө кой өтөт,

Күмүш жылга , Той- Өтөк,

Шибер-Айрык, Казынды.

Сарыкол деп дастан жазылды .

Кылымдап канча мезгилдер ,

Так эсеп жетпейт азыр бу.

Тарыхта калса екен дейм,

Аракет бир аз азыркы .

Тарыхтын баасы тараза ,

Кашка - Эчки , Кочкор - Калама ,

Энчисин алар ар адам,

Аракет ишке жараша.

Теке - Чапты, Сай, Кара - Бел,

Өгүз -Агыл, Ара - Бел,

Топ- Таш, Ак- Гөр, Текелүү,

Сарыколум жердин чекеси.

Текелүү чоку , Жар- Өтөк,

Бул дүйнөдөн баары өтөт .

Бетеге кетет бел калат ,

Бектер кетет эл калат .

Осмо кетет каш калат ,

Оомат кетет баш калат .

Байтал - Жарды , Жаанбай, К

ум- Чукур менен Кырк- Шейит .

Илгерки өткөн доордо,

Кыргында өлгөн көп шейит .

Ничке- Жылга, Бакшы -Өлдү,

Келин- Качты, Ак-Буура,

Чөккөн- Буура, Бодо- Бел.

Тетири - Жылга , Шор - Булак,

Кара- Чабыр өрөөнү .

Аталар жүргөн бул жерлер ,

Унутпай дайым жүрөлү.

Кыз- Мазар , Куу- Тал ,

Муз- Булак, Жаман - Тал ,

Зор- Таш, Туз- Булак.

Суук- Тумшук , Ак- Козу,

Мамай- Өлдү , Түз - Булак.

Чөгүн - Жарды , Кум - Кыя,

Кош- Таш, Жылбыз, Кум - Кокту.

Сагынып эстеп ата - журт,

Алыстан көз жаш ким төктү.

Ким эстеди ойлоду ,

Бабалар жүргөн тоолорду.

Кара- Дөмөр , Жылкычы,

Мадиядин жылкысы,

Керилип жуткун чаңкасаң.

Сарыколдун күчтүү кымызы.

Казан- Кулак , Чеп, Бурак,

Тетири- Жылга,Зулумарт.

Кара- Погон, Муз - Короо,

Таштан салган туз короо.

Торпок -Агыл, Кош -Агыл,

Өгүз -Агыл , Беш - Агыл.

Кемеге -Өтөк, Паңгазы,

Кашкарга жолу баруучу,

Чарык- Жыртты, Көлмө ашуусу.

Тозок - Дара , Сары- Кыр,

Кулжалуу - Төр баары кыр.

Гожек- Колтук, Чий -Өтөк,

Араласаң чий өтөт. Шакарак,

Сарыташ, Көр- Теке,

Аскада жүрөт чоң теке.

Кош- Бел , Көк - Жар, Тогуз -Көл,

Сарыколдо сансыз көл.

Кереге- Өтөк, Таш - Казык,

Басырык салдым таш казып.

Байтал- Өлдү, Таш- Казык,

Басырык салдым таш казып.

Кара - Тумшук, Кузгун, Чукур- Өтөк.

Карайлап шамал учуп өтөт,

Чагылган -Түштү , Миң- Гажыр.

Айланып шамал учуп өтөт.

Кызыл -Белес , Көк- Белес,

Тегерек -Балгын көп белес.

Кара - Белес, Хан - Жолу,

Хандар ашкан көп белес.

Тегирмен-Суу, Чапак- Таш,

Жармаңке - Таш , Жалпак- Таш.

Мумулай- Таш , Ара- Таш,

Бостери жылга ,Кара - Таш.

Кызыл- Горум , Токтомуш,

Дайрасы агат октолуп.

Бахпур- Ата, Ак- Шыйрак,

Шаймак, Бейик, Солоңгур.

Тарыхта даана чоң жолу.

Кара- Кыя, Дөбө- Өтөк,

Тарыхта бектер көп өткөн.

Айланып келип ааламдан,

Аалымдар ыйык көп өткөн.

Кызыл - Рабат, Дүкүлдөк,

Кызыл- Иймек , Жыртык- Үй.

Шамал - Гөй жана Курыстык.

Дарбаза- Таш, Суулыстык.

Тулпар- Чапты, Кызыл - Гөр,

Аюу - Жолу, Тар- Булуң,

Айланышта бар булуң.

Кара- Тумшук , Тар - Булуң,

Кайрылышта бар булуң.

Көөнө Коргон, Чеш- Төбө, Мукур,

Көк- Бел, Айдын- Көл. Мөк,

Кызыл -Дөң, Айрылыш.

Кош - Белдин жолу кайрылыш.

Бөрү- Көрбөс , Нан- Калды,

Жаман- Чулук, Күн - Тийбес.

Жаманаң- Шоро , Андемин.

Ак- Шор, Көңтөй, Беш- Арал,

Жарты- Күмбөз , Беш арал .

Жаңы- Даван, Бешик - Боз,

Сары-Горум, Чым- Сери.

Көл- Жылга менен Машаалы,

Тоо ташы түркүн жошолуу.

Айланып учкан улуу куш,

Кадамды тийген улуунун.

Бийиктеп учкан улуу куш,

Назары тийген улуунун.

Ийри- Кыяк, Үч- Жылга, Кептеш,

Көңтөй, Ала-Таш. Теке - Чапты,

Маржанай, Тарзан - Талаа,

Таш - Сери. Күмүш ,Делбак,

Зардали, Күйгөн- Өтөк, Жыланды.

Мамыры жыты буркурайт,

Мекендеп аркар кыраңды.

Таар - Какты, Чөкөбай, Мамазайир ,

Башкүмбөз. Аличор, Актам, Чатырташ.

Боз оттун жыты буркурайт,

Гүл өскөн бийик адырдан.

Сумө - Таш, Кумду, Бостери,

Капитан - Ата, Кең Уч- Кол.

Ак - Балык ата , Маржанай, Абдикарим ата,

Миң - Аркар. Кумду, Тамды, Жол Өтөк,

Кумайда жүрөт жүз аркар.

Базар -Дара өрөөнү,

Таң калтырат көргөндү.

Бозой- Күмбөз , Кара- Кум,

Ак- Аркар, Ак- Сай , Кара-Суу. Актал,

Тура , Аккыя , Кайынды , Чортон,

Мадиян, Ыссык-Булак , ылысуу.

Жер тешип чыккан жылуу суу.

Айланып барчу баарысы,

Дартка дабаа даары суу .

Жер-Үй, Ниязек, Ат- Камал,

Жалпак- Таш, Арал,Эчки -Айдар ,

Шилбилүү, Кыя, Горумду,

Көптөр келип узактан,

Көп көрүп кеткен соонунду.

Жармаңке - Таш, Кара- Таш,

Жар үстүндө Ала- Таш.

Сапта турат бир караан,

Сопойгон бийик моло таш.

Боз -Артуу менен Кум - Кыя,

Сасык- Булак , Көк - Кыя. 

Үсөн -Жылга, Жарты - Боз, 

Мусапыр- Гөр, Жар- Башы.

Кызыл- Кокту, Ак- Тайлак,

Сарыгул- Салбаң, Ийрисуу. 

Белең- Кийик, Чакалтай, Кара-Корум, 

Зулумарт. Байыртан кыргыз жүргөн жер,

Баасы кымбат туулган жер.

Боз- Дөң, Ыраң, Дөбө- Өтөк,

Ак-Суу, Муз- Тоо , Опол -Тоо.

Кыркалекей катар тоо ,

Ак мөңгүлүү Улуу -Тоо.

Чукур - Өтөк , Горумду,

Жайчи- Үңкүр, Көк- Мойнок.

Куу- Татыр, Көк - Бел,

Беш- Катын. Келин- Качты ,

Кырк -Шейит . Албастыр - Өтөк,

Кум- Жылга, Мукур- Өтөк,

Ат- Жайлоо, Нагыра- Кум, Жарык-Таш.

Текелүү -Чоку, Гүң жылга.

Сарыколдо чоң жылга,

Тетири жылга оң жылга.

Кулжасы бар кең жылга,

Тескей күңгөй өйүздүү,

Кийиги чоң мүйүздүү.

Ашкана- Жылга, Куу - Мойнок,

Дуния- Таш, Каляк- Таш,

Кең- Кокту,Муз- Төр , Мата - Таш.

Чий- Булуң ,Бел, Кең Кокту,

Кийиктер жүргөн чоң кокту.

Күнгөй - Өтөк , Агажан,

Беш - Булак жана Горумду.

Кош- Кечүү , менен Түтүн- Суу .

Шинденин бели чек ара ,

Шамалы турат аркырап.

Күн тийсе мөңгү чагылат ,

Күзгүдөй бети жаркырап.

Күйгөн- Өтөк, Сары-Кыр,

Мамыры- Жылга , Кош-Коргон.

Жаңы - Даван, Куу- Жигит,

Курбантай, Шайит, Бодо- Бел,

Мукурдун оозу Жол- Өтөк,

Бурулуп барып жол өтөт .

Коктунун оозу Жол- Өтөк,

Кайрылып барып жол өтөт.

Базар - Дара, Бөрүлүк,

Өгүз - Агыл, Муз- Короо,

Күйгөн - Токой, Миң - Аркар.

Аюу - Жолу, Сарез-Көл,

Байгашка-Турук, Миң- Гажыр.

Кызыл үңкүр , Кырк-Шейит,

Мазарлуу жерде көп шейит .

Арык - Кочкор , Кең- Булуң,

Ашкана -Жылга, Чоң-Бурак.

Шакарак, Актал, Мадиян,

Келин - Качты, Кырк- Кечүү.

Кечип өтсө агызбас ,

Тизеден ашып өтпөсө .

Алас алып кетпесе ,

Анда санда бүт кечүү.

Карачым, Токтор- Калама,

Саткын- Жылга , Жамантал.

Тахтамышбек , Хан- Өлдү,

Көбүргөндү, Чий- Булуң.

Майда- Кара,Муз- Короо,

Көпүрө - Башы, Түз жылга.

Жаңырык , Артуу, Жар-Өтөк.

Кеңи болсо кең өтөк ,

Тары болсо тар өтөк.

Шамал тийбес паанасы ,

Бороон тйбес далдаасы .

Ыңгайы бар журт калка.

Ылайыкташса баары өтөк .

Тегирмен-Суу,Жаргылчак ,

Көлөгө - Таш , Портумшук.

Бөлөк - Дөң, мен Үч- Кечүү .

Бут кече алса бүт кечүү.

Сарыгой менен Арам- Таш,

Шамал тийбес Шор-Өтөк.

Мусаапыр- Гөр , Кампир чык.

Шор- Өтөк ,Бурум, Ийри- Бел,

Кара- Чым, Кош- Бел, Дааналүү.

Өгүз - Агыл, Дүңкүлдөк, Көк- Кыя,

Ак- Жар, Үч Күңгөй.

Күн тийген бет бүт күнгөй.

Зулумарт, Мөк- Суу,

Жашыл - Көл, Ранкөл, Шор- Көл,

Куудара. Жаны- Жер, Моожу,

Кыяк-Баш. Кызыл - Тоо,

Чумбус, Таш- Коргон. Ак- Чий,

Ак- Тоо, Чукур- Көл,

Текелүү - Чоку, Газы- Өлдү.

Бекжол- Ата , Кызыл - Жар,

Тогуз- Көл, Көк- Сай, Горумду.

Ала-Таш, Күмүш, Жан- Булак.

Ээр калды, Сай- Мукур, Гулжалуу -Төр,

Гүң жылга. Кыз - Мазар менен Беш- Күңгөй.

Айтып бүтпөс санатым,

Жазсам жетпес калемим.

Жылга жыбыт кең өрөөн,

Учууга дилгир канатым.

Кара- Корум , Көлмө , Кум- Чукур,

Тозок - Дара, Көк - Секи. Тик - Кыя ,

Булак -Курбантай, Гөрустан өтөк ,

Жар Өтөк. Кызыгы бүтпөс Кызыл-Бел,

Сарыколго келсең кызык жер.

Күнгөй- Өтөк, Беш - Үңкүр.

Жарык- Таш, Актам, Кош-Коргон.

Кароол -Дөбө, Беш -Коргон,

Куу- Татыр , Жал , Хастанат. Агажан,

Токтор - Калама, Кызыр - Өтөк , Жол -Өтөк.

Сарыколдон айланып айтылуу жибек жолу өтөт.

Ажыдаар-Көл, Үч - Жылга, Жалаң - Жылга

Оңой - Гөш. Алтын- Төр, Балгын ,

Кош - Артуу, Бел - Өтөк, Ыстык,

Найза -Таш. Маңкан- Өлдү,

Жанайдар, Акберди , Аксай,

Сайконуш. Усой, Узбел, Кең -Арал ,

Күмбөздү-Кол ,Красин Көрк.

Алтыны көп Сарыкол ,

Асылы көп Сарыкол .

Атына заты жарашкан,

Ак тооң көрк Сарыкол.

Мата- Таш , Кочкор- Калама,

Көр - Теке, Акжар, Кош -Өтөк.

Белгилүү жерде беш өтөк ,

Белгисиз жерде эки өтөк.

Гез, Тагарма, Муз -Айрык,

Шамалынан ыр кайрык .

Бөлөк -Таш , Көк- Кыр, Кызыл-Жон,

Жерлери соонун кызыктуу.

Үсөн- Жылга , Чым - Короо,

Кой камаган чоң короо.

Айти-Капа чым короо ,

Мал камаган чоң короо.

Дубур - Жаан , Найза - Таш ,

Маржанай ашуу жылгасы .

Маржандай акак суу ташы.

Акбайтал ашуу белеси ,

Ааламдын бийик сереси .

Чырак таш күйөт балбылдап,

Өчпөгөн шамал жамгырда .

Жер суунун баары аталып ,

Жазылып калды сап ырда.

Жер суунун көбү жазылып ,

Сакталып калды сап ырда.


Өскөнбай Бердибаев

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.