САРЫ-КОЛ: Адабий бет

Сары-Колум

Уларың тоодо ышкырган,

Жерим соонун Сары-Колум.

Мал чарба менен иш кылган,

Элим соонун Сары-Колум.

 

Алтының, тузу- аралаш,

Катылып жаткан Сары-Колум.

Мадиян, Бахбур сууларың,

Атылып жаткан Сары-Колум.

 

Нокетек, шыбак чөптөрүң,

Мал оттой берип жарылган.

Мазардын суусун ичкендер,

Мээнетинен арылган.

 

Рубин менен күкүртү,

Шаңшыган шумкар бүркүтү.

Санап бир бүтө албайсың,

Сары-Колум сага арнаймын.

 

Кереметтүү жерим Сары-Колум,

Кеселден-дарттан оңолгонун,

Кеп кылышат келгендер.

Касиеттүү кайбереңдүү долондоруң.

 

Кыргый мүчө кымча бел,

Кыздарың сулуу Сары-Колум.

Колунан көөрүң төгүлгөн,

Уздарың сулуу Сары-Колум.

 

Ат жалында ойногон,

Жигиттериң Сары-Колдун.

Капыстан көрүп каласың,

Кийиктерин Сары-Колдун.

 

Айтып бүтпөс керемет,

Ыйык жерим Сары-Колум.

Бүт ааламга таанымал,

Бийик жерим Сары-Кол.

“Марко поло” деп аталат,

Кийиктерин Сары-Колдун.

 

Айтылбай ичте сыр калды,

Катылып жаткан ырларды.

Сары-Колум сага арнадым,

Саргарган сары кырларды.

 

Жалындуу жаштык жылдарым,

Жандуу үн менен ырдадым.

Көп ырдан муну тандадым,

Сары-Колум сага арнадым.

 

Сары-Кол ыйык бүт ааламга адамга,

Келип кетип урматташат ананда.

Өспөсө да алма, өрүк, банан да,

Адам таза, аба таза жана да.

 

Ата салтын сактаган,

Ак калпактан чанбаган.

Акактай дили тап-таза,

Нактай кыргыз Сары-Колдо.

 

Басышат элим бир жолдо,

Назарың салып карасаң.

“Балли” деп баа бересиң,

“Нукура кыргыз Сары-Колдо.

 

Илгертен тажик-кыргыз жашап келген.

“Сары-Колум” – деп ыйык тутуп атап келген.

Келип кеткен мыймандарды тосушуп,

Кой союшуп, үстүнө чапак берген.


Калайык калкым тынч болсун,

Жараткан өзү колдосун.

Ынтымак менен көп жашап,

Береке байлык бүт болсун.


Турсунбаев Маматибраим


Апакем

Алпештеп бизди чоңойткон,

Тай-тайлап жүрүп өстүргөн.

Чарчабастан ар убак,

Акылын айтып бир жүргөн.


Алтыным менин апам,

Асылым менин апам.


Мээримин төгүп ай болуп,

Дүйнөгө бизди алып келген.

Ар дайым сизди сыйлайбыз,

Алтыным менин апакем.


Асылым менин апам,

Алтыным менин апам.

 

Таза-суу

Керек болуп жашоого,

Жаралгандыр таза суу.

Ар бир адам жандыкты,

Ала келген таза-суу.


Жан-жаныбар адамга,

Керек болгон таза-суу.

Көңүлдөрдү агартып,

Дабасы бар таза-суу.


Жердин бетин жашартып,

Пайда берген таза-суу.

Баарын жууп тазалап,

Агартып келген таза-суу.


Жусупалиева Турсунай


Амансыңбы Сары Колум

Амансыңбы менин журтум Сары Колум

Алыс жакта кызың журот сагынып

Асман тиреп чокуларын кар баскан,

Тургандырсың коп сырларды батырып.

 

Көз мелжиген аска зоолуу Сары Колум,

Балалыгым калган сенде жашынып.

Көп жыл өтүп кетсе дагы арадан,

Жүрөмүн мен бир өзүңдү сагынып.

 

Тоолорумду сагынам ак кар баскан,

Тоолукмун мен койнуңдан өсүп чыккан.

Көп элдер көз артышып кызыгышкан,

Койнуңда сан байлыктар уюп жаткан.

 

Намыскөй элим тоодо жашап келет,

Токтобой өмүр көчүн улай берет.

Беймарал бейпил күндө өмүр сүрүп,

Менин элим бийиктикте жашай берет.

 

Балалык курак өткөн ошол жерде,

Тасмадай көз алдымда элесимде.

Таңдагы жылдыздардай тарап кеткен,

Кызмат кылып уул кызың бөтөн жерде.

 

Өмүрүмдүн дарагы гүлдөп турган,

Тамыры сен өзүңдө терең жаткан.

Кайда мен, кайсы жерде жүрсөм дагы,

Сары Колум сени менен азыктанам.

 

Муун алмашып өзүңдө барган сайын,

Өз жериме чоочун болуп калгансыйм.

Тааныбастыр мүмкүн мени жаңылар,

Кантсе дагы даңктайт сени ырларым.

 

Сага деген ырым бүтпөй жазылат,

Канат байлап бир өзүңө талпынат.

Куттуу жерим сенден кетип калсам да,

Көөдөнүмдө өмүр бою сакталат.

 

Тоосу бийик Сары Колдун эли бийик,

Бийик жерде бийиктигин сезе билип.

Тамырлаш да, сырдаш да тоолор менен,

Сары Колум кыргыз үчүн дайым бийик.

 

Эркайым Мамытова


Дүйнө жалган

Бул жашоо өзү жалган

Жакшы тилек, жаман тилек оо адамдар көптөн калган.

Өткөрөбү өзгөрөбүз ким калыптыр

Аттиң ай бул дүйнө өзү арман.

 

Бул жашоо чындыгында жалган бекен,

Илгертен акылмандар асылзаттар айткан экен.

Канчалык билсек деле мейманбызго,

Көңүл гүлго абайлачы, ардактачы эң кымбат адам деген.

 

Бул жашоону сындаганга акым жок,

Ыр жазып даңктаганга алым жок.

Миң-миллион тазим сага чиркин жашоо,

Кечир мени сен армандуу колдоп жүрчү шүгүрчүлүк элим ток.

 

Бул жашоо жашай билсең абдан жыргал,

Сезилбестен, билинбестен алаксытып өтөт жылдар

Толгон токой суроолор курчап турат

Айтылбай, айталбаган катылууда терең сыр бар.

 

Ырчы эмесмин ноота түзүп ырдаганга,

Акын эмесмин жазык сөздү сындаганга.

Кыялымда ааламды мен гыдырамын,

Жамап койдум сөздөрүмдү арнаганга.

 

Матысакова

 

Арак

Алкаштарга кошулуп,

Арак менен тос уруп.

Иштеп тапкан акчасын,

Водка алып жок кылып.

 

Кыйраткансып арак ичип мастанат,

Арам сууну бал ичкендей тамшанат.

Арак деген адам затты буздуго,

Адамдар айбан сыяк болдуго.

 

Арак ичип үйгө келет мас болуп,

Балдары олтурушат ач болуп.

Аялы жүрөт көкүрөктө үмүт толуп,

Мас кирет үйүнө уруп согуп.

 

Сатуучулар ушул сууну сатпачы,

Ээ адамдар ушул ырды жүрөгүңө сактачы

Жинди суу ичип эмне пайда таптыңар,

Жинди болуп көчөдө эле калдыңар.

 

Таалайбек уулу Мухаммедали

Кара-Көл айылы

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.