САРЫ-КОЛ: Адабий бет

ЭХ, ӨМҮР

Өмүр кымбат бүт адамзатына

Көңүл назик жаралгандын баарына

Эх, адамзат өмүр, көңүл баркыны

Баалап өтсөк, кадырласак жакшына.

 

Адам үчүн эң кымбат бул-көңүл.

Жараткан бычып берген бизге бул-өмүр.

Ошол келген белек сымал өмүрдө,

Кирдебесин ушул назик көңүлдөр.

 

Узак болсун, мейли кыска бул буйрук.

Жараткан, жараттыго бизди жууруп.

Акыл берди, эс да берди баарына,

Алчай албай, адам өзү жаңылат.

 

Бирин бири түшүнүшсө адамдар,

Сыйлашалы кетип жатат кадамдар.

Келер күнү адамзатка арман болуп,

Кечээ түнкү бизден өткөн кадамдар.

 

Мансап байлык керек болсо адамга,

Андан артык көңүл өзү керек да.

Ооруп калса ачуу, жаман сөздөрдөн,

Байлыктан да артык анык көңүл да.

 

Теңсинтпей кээде адам бирөөнү,

Байлык үчүн жашап анык жүрөбү.

Адашкандык бул мүнөздүн дал өзү,

Эх, адамзат көңүл баркын билели.

Айзаада Жуниева

Баш-Гүмбөз айылы

 

КАРА-КӨЛ ЖАШТЫГЫМДЫН КҮБӨСҮСҮҢ

Кара Көл ажарыңды турсам карап

тээ качан өткөн күндү эске салат

жээгиңе барган кезде турчу эле

шамалың чачтан,сылап бетти аймалап

Кара Көл жаштыгымдын күбөсүсүң

сагынтып эңсетесиң эстеер замат

 

Койнуңда жаштык кезим өтүп жатты

жээгинде терип өскөн тешик ташты

андагы баё сезим балалыгым

толкунга аралашып кетип жатты

кыдырып дале издеп таппай келем

кыр ашып алыс кеткен бала чакты

 

Сагынсам көз алдыма сен келесиң

санааркап жүргөнүмдө дем бересиң

наристе курагымда сен алпештеп

толкунга кошуп мени термегенсиң

торолуп кучагыңда мен чоңоюп

бактылуу бала кезде сенде өстүм

 

Кара Көл күбөсүсүң жаштыгымдын

Кара Көл элесисиң жакшы күндүн

бейкапар оюн-күлкү коштоп турган

өзүндө калып кетти бактылуу күн

сүйүүмдү арнап келем түгөнбөгөн

Кара Көл уюткусу жакшы ырымдын

Таалай. Сайназаров

Кара Көл айылы

 

АПАКЕМ

Ушул күнгө чейин мени алпештеп,

Алтын апа чоңойттуңуз өзүңүз.

Ыйдасам түн ичинде уйку көрбөй,

Жараткандан өмүрүмдү тиледиңиз.

 

Апакем эмгегиңди дайым барктайм,

Бизге берген мээримиңизди эстейм дайым.

Канчалык жалоруп таманыңды өпсөм дагы

Мага берген ак сүтүңдү кантип актайм.

 

Апаке сиз мен үчүн бакытсыз,

Мен үчүн түгөнбөгөн байлыгымсыз.

Жараткандан жалынып сурай берем,

Ардайым бейиш болсун таманыңыз.

Самарила Кеңешбек уулу,

5-класстын окуучусу

БАШ-ГҮМБӨЗ АЙЫЛЫ

Баш-Гүмбөз сагындым сени,

Тоолору бийик, суусу таза

Бейиштей болгон абасы таза

Кандай кооз керемет жер.

Сагынган адам болбостур сени.

 

Кайберең жүрөт тоолорун чырмап,

Жыгама жылга уларың сайрап,

Эң кереметтүү тоолоруң турат,

Асман тиреген зоолоруң турат.

 

Аылда күйөт күн чырак,

Шамалы болсо кулпунат.

Сары-Зоо турат тынчтанбай,

Санаңды басып тынчтанат.

 

Эң кооз эң керемет Баш-гүмбөзүм,

Туулдум сенден, сенден өстүм.

Балалык күнүм сенде калды,

Ойногон күнү түнү, кадамдарым.

 

Канчалаган адам келет,

Кереметине суктанып.

Канчалаган адам жүрөт,

Бир көрсөм деп суктанып.

 

Кышында жүрсөң муз тээп,

Жазында жүрсөң гүл терип.

Сөз менен айтып бүтпөссүң.

Керемет болгон Баш-Гүмбөз.

Жакипов Таир Салимович,

Баш-Гүмбөз айылы

 

ЭНЕКЕМ

Энекем эң асылым, эң кымбатым,

Үй ичин жарык кылган шам чырагым.

Канчалык эркелетип жылуу, жумшак сөз айтсам да,

Мага берген ак сүтүңдү актай албаймын.

 

Энекем мен оорусам кошо ооруган

Уйку бербей түн ичинде ыйласам,

Алдейлеп, мээрим төгүп сооротуп,

Чоңойттуң эч нерседен кем кылбастан.

 

Энекем мен ыйласам кусаланган,

Мен күлсөм кошо күлүп кубанган.

Энекем “Эне” деген ыйык атыңды

Ар дайым энекем ай, ыйык сактайм.

 

Энедей эч кымбат зат жок бул ааламда,

Көзүнүн тирүүсүндө жетели биз кадырына.

Бул ааламга төрөп бизди алып келген,

Бейиш бул энелердин таманында.

Айткулу кызы Нуриза,

9-класс, Баш-Гүмбөз айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.