Сагындым мен силерди

Сагындым мен силерди

Бүгүн мен сени эстедим көк шибер көлдүн жээги

Сагындым балалыкты сенде өткөн бир кездеги

Алтын доор ошол кезим көп издеп таппай келем

Канча ирет көл жээгине келсем да издеп сени


Сагындым көл жээгинде сыдырым кечки желди

Сагындым бир кездеги кыялкеч селкилерди

Турмуштун шары менен бир жүрбөй алыс кеткен

Алтындай классташтар сагындым мен силерди


Отуз төрт жыл болуптур кеткенге онду бүтүп

Твркадык ар кимибиз ар түрлүү жолго түшүп

А бирок бир кездеги балалык мезгил дале

Тургансыйт көл жээгинде сагынып бизди күтүп


Мен дагы сагынганмын силердей балалыкты

Чогулуп көл жээгине бүгүн да баралыкбы?

Наристе баё сезим алыстап бизден кеткен

Келгиле классташтар бирге издеп табалыкчы?


Убакыт токтолбостон өтүүдө улам шашып

Кетипбиз байкабастан элүүдөн эчак ашып

Карылык кылчайтбастан жылоолоп бараткансыйт

Капкара чачтарыбыз жыл сайын бубак басып


Наристе баё сезим бала элек күнү кечээ

Бүгун биз улгайганбыз айырма ошол эле

Жаш кездей бмрге олтуруп шаракташып

Бүгүн да бир топтолсок болбойт неге?


Анткени ар кайдабыз аралык бир күнчүлүк

Ар кимде турмуш ар кыл чектелүү мүмкүнчүлүк

Андыктан аман-эсен жүрсөк болду

Жагдайды кереги не ар кимге түшүндүрүп...


Таалай Сайназаров

Мургаб району Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.