Сүмөлөк

Сүмөлөк

Асманда жамгыр себелеп,
Ай аалам жашыл көгөрөт.
Айт майрам менен Ноорузда,
Айланат жаштар төгөрөк.

 

Энелер салган сүмөлөк,
Шарак-шарак кайнаган.
Шайыр жаштык, шаңдуу күн,
Бактылуу жаштар жайнаган.

 

Аталар турат бакжайып,
Ак бата берип, төр ээлеп.
Ак элечек энелер,
Небере балдар эркелеп.


Ак чач эне күймөнөт,
Ак буудайдан сүмөлөк.
Ак жамгырды асмандан,
Жараткандан тиленет.


Чоң ата да күймөнөт,
Чоң казанда сүмөлөк.
Жерге жамгыр берсе деп,
Жараткандан тиленет.


Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Асыл жаштар түрлөнөт.
Карысы да, жашы да,
Эл-жерге бакыт тиленет.


Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Айда, жылда бир келет.
Ак жамгыр төксө жериме,
Ак буудай даны нан берет.


Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Ай жарыкта эркелеп.
Асыл жаштар жанашып,
Селкинчек тебет селкинчек.


Март айында сүмөлөк,
Жаз айында сүмөлөк.
Майда, жазда туулган,
Жаштар үчүн ыр келет.


Ак буудай даны сүмөлөк,
Ак калпак элим тиленет.
Жараткан Алла пендеге,
Жамгыр да берет, нур берет.


Халил Мурзахматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.