Полковник Абдирайим ага

Полковник Абдирайим ага

Кызматын өтөп мекенге,

Жакшылык кылган неченге.

Таянар тутка сап болгон,

Тамырлап көктөп өсөөргө.

Узакка таштап арышын,

Улуттун сактап намысын.

Кайберен түнөк Сарколдун ,

Кыраңда жанган шамысыз.

Алыска чуркайт ак - тулпар,

Айланып учат ак - шумкар.

Сары-Колдун болуп сыймыгы,

Көрүнүп жүрүң ашуудан.

Ай тийген жердин кырааны,

Алыстан сүрдүү карааны.

Ак -Байтал деген бийик бел,

Айтылуу Саркол дабааны.

Уңгулуу элге бел болуң,

Үлгүлүү журтка тең болуң.

Үркөрдөй жанган кыргызга,

Үмүтүн улап дем болуң.

Сыйлашат баары кол берип,

Сарыколдон чыккан Полковник.

Чыныгы тоонун шумкары,

Атына заты төп келип.

Күн сүйүп тоону нур чалат,

Күнгөйдө оттойт кулжалар.

Ай сүйүп тоону нур чалат,

Алыстан оттойт кулжалар.

Мекени сизден асылдын,

Кайберен жүргөн жылгалар.

Улуттан бата сый алып,

Улуктан баатыр сыйланып.

Уңгулуу болсун жолуңуз,

Узакка далай уланып.

Мезгилдин тартып тизгинин,

Эмгектин көрүп үзүрүн.

Касиет бүткөн тоолордун,

Капталдап териң түр гүлүн.

Уул - кыздын көрүп убайын,

Эсен соо жүрүң ылайым.

Балдардын көрүп убайын,

Бар болуп журуң ылайым.

 

Мен ушул ыр саптарын Сарыколдун чыгаан инсаны,

Полковник Матисаев Абдирайим агама арнадым

"Янги- Овоз" эл аралык

жазуучулар союзунун мүчөсү

Өскөнбай Бердибаев

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.