Оорубаңыз карегим

Оорубаңыз карегим
Оо "атаке" оорубачы карегим, 
Кыйнабачы өсүп турган данегиң. 
Сен ооруба, мен ооруйун атакем, 
Керек болсо жүрөгүмдү берейин. 
 
Кандай мээнет сага келди жанашып, 
Уулуң ойлоп сени көрүп жаны ачыйт.
Күчүң топто мойун сунба оорууга, 
Келген мээнет кетсин кайра адашып. 
 
Сенин уулуң сени тарткан колу ачык, 
Сенин баскан чыйырыңдан жол ашып. 
Бир нерсени бере көрбө Атаке, 
Сынап келген бул мээнетке жол ачып. 
 
Билесиңго бар байлыгым бактымсың,
Жашоодогу бийлигимсин тактымсын. 
Сен бар болсоң күчүм толук тургандай, 
Сенсиз кантем сен жок кезде алсызмын. 
 
Ооруп калсам чыйрал балам дечү элең, 
Калп болсода уктум ата дечү элем. 
Кезек сизде чымырканың Атаке, 
Бул мээнетти жеңишиңе ишенем!
 
Камаров Токтобек Токурович
Токтомуш айылы

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.