Мыйман Токтобекова: "Жаш кезек кетти кайрылбай"

Мыйман Токтобекова: "Жаш кезек кетти кайрылбай"

Жаш кезек кетти кайрылбай

Карылык келет басмырлай

Ойносок оюн жарашпай

Жаштар бир күлөт мыскылдай

 

Аттиң ай, аттиң ай

Токточу жаштык ай

Бир азга сабыр кыл

Карылык шаштырбай

 

Чачтарды бубак ак басты

Беттерди тырыш из басты

Олтурган жерден туралбай

Денени салмак жүк басты

 

Карылык; карылык

Кадырлуу карыйлык

Уул-кыздан күтөлү

Урмат-сый жакшылык

 

Кадырлуу карып төр ээлеп

Балдарга айтып насаат-кеп

Олтурсак эми жарашат

Небере бизге эркелеп

 

Аттиң ай, аттиң ай

Картайбайт жаштык ай

Өмүрлөр өтсө да

Жүрөгүн жаштардай

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.