Мыйман Токтобекова: «Ырлар жыйнагы»

Мыйман Токтобекова: «Ырлар жыйнагы»

Токтобекова Мыйман 10-март 1955-жылы Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Баш-Булак айлында туулган. Мыйман Токтобекованын атасы Кулатов Токтобек Сары-Кол өрөөнүнүн Мургаб районуна караштуу Ак-Суу айлынан, апасы Ош областынын Курманжан-Датка айлынан болушкан.


Токтобекова Мыйман 1972-жылы ТР Мургаб районуна караштуу Жданов атындагы N-3 мектебин жакшы жетишүүлөр менен аяктап, 1978-жылы Дүйшөмбү шаарындагы Абу-Али-Ибн-Сино атындагы медициналык окуу жайынын педиатрия факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 1979-1980-жылдары Мургаб райондук ооруканадан баштаган, андан кийин 1980-1983-жылдары Сары- Могол айылында, 1984-1995-жылдары Ош шаарында, 1995-2008-жылдары Мургаб районунда медицина тармагында үзүрлүү эмгектенген.

Бактылуу эне, чоң эне 3-уул, 2-кызы, 5-небереси бар.


 

Жаш кезек кетти кайрылбай

 

Жаш кезек кетти кайрылбай

Карылык келет басмырлай

Ойносок оюн жарашпай

Жаштар бир күлөт мыскылдай

 

Аттиң ай, аттиң ай

Токточу жаштык ай

Бир азга сабыр кыл

Карылык шаштырбай

 

Чачтарды бубак ак басты

Беттерди тырыш из басты

Олтурган жерден туралбай

Денени салмак жүк басты

 

Карылык; карылык

Кадырлуу карыйлык

Уул-кыздан күтөлү

Урмат-сый жакшылык

 

Кадырлуу карып төр ээлеп

Балдарга айтып насаат-кеп

Олтурсак эми жарашат

Небере бизге эркелеп

 

Аттиң ай, аттиң ай

Картайбайт жаштык ай

Өмүрлөр өтсө да

Жүрөгүн жаштардай

 

Ызгаар суук

 

Эшике чыксан ызгаар суук титиретет

Даярсыңбы кышка деп сага эскертет

Ичкериде оорулардын онтогону

Жүрөк сыгып жан дүйнөңдү кейитет

 

Жыйып терип тиричилик кылам деп

Өзүн өзу аябастан жанын жеп

Күч кетип,боор эзилип,жүрөк чарчап

Бүткөн кезде адам келет сакайт деп

 

Комплекс дарылануу кымбат турат

Жанды жеп жыйганын жетпей калат

10-күндүк дарылоодон эмне айыгат

1-айдан соң кайра келет онтоп-сантап

 

Мына ушинтип күн артынан күн санап

Акырындап барасың гөргө карап

Ден соолукта жашоо үчүн адамзат

Жашыбыздан өзүбүздү карасак

 

Соо кезиңде барктабастан өмүрдү

Ойноп күлүп өткөрөсүң көңүлдүү

Ооруганда жан көзүңө көрүнүп

Суранасың жараткандан өмүрдү

 

ФБ

 

Ача салсам фейсбукту алым сурайт

Эмне жанылык сенде деп сурап турат

Бүгүн менде өзгөчө жанылыкты

Жазгым келди кокус болгон капалыкты

 

63-жашка чыгып,оорубапмын

Дари ичип такыр укол албапмын

Кокустуктан сынып калып 4-кабырга

Оорукана койкасына өзүм жаттыпмын

 

Милициядан, больницадан сакта дешсе

Больницадан сакайып кетет келсе

Деп нараазы болуп келгем элдерге

Жетпепмин мен ал кептин маанисине

 

Башыма келген кезде түшүндүм мен

Алладан шыпаа тилеп жатамын мен

Саартан кечке шыпты тиктеп жатасын

Онтогон ооруларга кыжаалатсын

 

Онтогон оорулар айыгышсын

Шыпаа таап үйлөргө кайтышсын

Ар пенденин тилеги ишке ашып

Жаратканым эч пендесин оорутпасын

Ыр десте классташтарга

 

Кимин качан,кайсыл айда туулганын

Кыйналып эстей албай олтурамын

Кантсе да быйыл биздин баарыбыз

Пайгамбар жашындабыз айдан ачык

 

Балалыкта сезилбеген баркыбыз

Олтурамын силерди эстеп мен жалгыз

Мына азыр байкалбастан жылдар өтүп

Картайып биз чоң эне, чоң атабыз

 

Ар кимибиз учкан куштай ар жердебиз

Кээ бирибиз кызматта, кээбиз пенсиядабыз

Уул үйлөп,кыз чыгардык баарыбыз

Азыр мына небере багуудабыз

 

Окуучулук таттуу күндөр кайталангыс

Тамаша оюн күлкү бизден алыс

Азыр биздин оюбузда тиричилик

Чач агарып,бетибизди баскан тырыш

 

Куттуу болсун пайгамбар жашыбыз

Келгиле чогулалы эстеп өткөн жашыбыз

Чач агарып бет тырышып турса да

Жүрөк айтат али жашсыз, дале жашбыз

 

Телефонго

 

Майда-майда тетиктерди улаштырып

Бөлүктөрдү бир-бирине туташтырып

Тээ алысты бир ирмем жакын кылып

Интернетти ойлоп тапкан ким болду

Ал адамга айткым келди раазылык

 

Алакандай нерсени ача салып

Турасын баары менен саламдашып

Кээде арманын төгөсүн жаш агызып

Кээде сырын айтасың черин жазып

Сага айтпай кимге айтамын раазылык

 

Бүт дүйнөнүн жаңылыгын угасын

Бардыгынын ал абалын туясын

Кимдин кандай экенине баа берип

Лайкты сен кубанып каласын

Буга айтпай кимге раазылык айтайын

 

Кимдин кандай экенинин байкайсын

Кимдин жакшы,жаманыны ылгайсын

Ким дос,ким душманын дагы байкап

Өзүнчө эле калыс статус аласын

Сага айтпасам раазылык кимге айтайын

 

Телофонду ойлогонго таазим кылсак

Бүт ааламды кошкон башты сыйласак

Ошо инженер,ошол адамды жараткан

Аллага, ата-энеге таазим кылып

Миң бир ирет раазылык биз айтсак


Көз артым


Түн жарым уйку жок ойго баттым

Мен акмак өзүмө өзүм көз артым

Ушул жашка келип такыр оорубапмын

Деп Алланы ойлобой сүйлөп алдым


Сен коруучу,угуучу улуу затсың

Айтканыма нак эле здача алдым

Сезчи кана,тартчы оору азабын деп

Аз гана кырсык менен жабыркаттың


Өз мучөмө өзум ушинтип көз артым

Кечир кунөөм кагылайын жаратканым

Жаным ооруп,уйкум качып эске алдым

Купур сөзүм өзүң кечир кайра алдым


Бул берген кырсыгына шүгүр кылам

Алты саным аманына тообо кылам

Шыпаа берип кагылайын жаратканым

Кечир күнөөм бир акмак пенде затмын


Аллага кайрылуу

Мен Аллага чексиз-чексиз раазымын

Жаратканым колдоп келет, мени дайм

Ар пенденин ниетине жараша

Насиб кылган нерсеси даяр анын

Сен ушундай мээримдүү ыйык затсың

Мээнетиме шыпаа бер кагылайын

Күнү-суу түгөп калган мезгилде

Алты саным аман сага барайын


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.