Мусабай уулу Беккелди: “Ыр саптар”

Мусабай уулу Беккелди: “Ыр саптар”

Апаке

Бар тапканың апа мага үйөсүң

Билем апа сен бир мени сүйөсүң

Эгер апа маанайыңыз жок болсо

Жок дегенде бир жылмайып күлөсүң

 

Дүйнөдө тирүү басып жүрсөң болду

Апаке издейли биз туура жолду

Алыста жүрөмүн го сага жетбей

Апакем аман болчу, аман болчу

 

Билем апа мени ойлоп жүрөсүң

Сен деп согот менин апа жүрөгүм

Эстей берип күндө сени сагынып

Мурункудан мен өзгөчө жүдөдүм

 

Студент кызга

Студенттик күндөр кандай өзгөчө

Студентмин деп сен бүгүн өзгөрбө

Баарибир сен мурунку эле адамсың

Кулак салгын мына ушул сөздөргө

 

Сен студент, мен студент башкача

Негизинен жүрөк болсун таптаза

Көйнөк кийгин сен болосуң кыз бала

Шымданбагын ал иш сага жакбаса

Сулууга

Ашык болдум сага жаным ардагым

Ак колуңдан келет жаным кармагым

Кимдир бирөө сага ашык болуп калса

Эч убакта сен аларга барбагын

 

Келчи жаным сен бир менин өзүмө

Макул болчу менин айткан сөзүмө

Канчалаган сулууларга көңүл бөлбөй

Ашык болдум мен бир сенин өзүңө

 

Бир өзүңдү жакшы көрөм бул дүйнөдө

Аракетим жасайм сага үйлөнүүгө

Арманымды айткым келет бир өзүңө

Макул болчу түбөлүккө бир өзүмө

 

Мургаб району

Токтомуш айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.