Мераж Теитбаев: "Сары-Кол болсун саламат"

Мераж Теитбаев: "Сары-Кол болсун саламат"

Сары-Кол болсун саламат

 

Дүйнөдө бүт болуп аламат,

Дүйнөнү бүт оору жаралап.

Бийиктикте бийик жашаган,

Сары-Кол болсун саламат.

 

Ааламаты болуп оорунун,

Дүнүйөнүн алып бүт ушун.

Менин бийик ыйык жеримде,

Күн куйкалап кетсин вирусуң.

 

Арылууга аалам умтулуп.

Дүнүйөгө чыктың жулкунуп.

Мургабымдын бопбоз ызгыган,

Шамалыга өлгүн тумчугуп.

 

Эзелтенен оору сыркоолор,

Узак болгон менин жеримде.

Кудай сактап ушул сапар да,

Тынчтык болсун менин элимде.

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.