Мераж Теитбаев: “Менин элим”

Мераж Теитбаев: “Менин элим”

Менин элим

 

Тоо койнунда үч үйлүү бар бакканы мал

Жашыл шибер бейиш туура жатканыңар

Тунук булак күмүштөн суу ичкениңер

Аска зоолор алтын кечип басканынар

 

Терскен, кык коломтого жакканынар

Ыйык шоола чачып турат ак таңыңар

Шиберде өсүп турган гүл өңдөнүп

Казандан жыты урган ах... наныңар

 

Каухар таш көктөн жааган ак карыңар

Ак аркар тоодон тандап атканыңар

Ыйык жер гүл бейиштин арасында

Кой, топоз жана эчки бакканыңар

 

Ынтымак ыйман тунук тилегиңер

Ата-Журт Ата мекен жүрөгүңөр

Бийикте өмүр сүргөн менин элим

Күч кубат биримдикте билегиңер

 

Мераж Теитбаев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.