Мераж Теитбаев: "Бул дүйнөнүн бүтпөй келет санаасы" (ыр саптар)

Кызыма

Бугүн көрдүң кызым ушул дүйнөнү

Бакыт болдуң кызым ушул үйдөгү

Өмүрлүү бол Ата Журттун гүлү бол

Ай ааламдын күнү болгун тийгени

 

Асманда күн жүзүн сага өптүрсүн

Кудайым сага жаман жолун өчтүрсүн

Таалайы бол бакыты бол атандын

Табийгат да өзүн сага чөктүрсүн

 

Аруулуктун тоскун кызым ак таңын

Асыл кызым жаман жолго баспагын

Жашоо деген баардык жанды жыгытат

Жеңилбегин ыйлабагын качпагын

 

Ак Булут агам кеп айтат

Кири жок сенин дүйнөң ага таптаза

Калкыйсың көктө сөөлөтүң дагы башкача

Кусалык деген сагыныч деген таркабас

Көз жашың көктөн мен жакты көздөй акпаса

 

Боорукер жансың көз жашың мөлт мөлт агызган

Боорууңа кысып сүйлөйсүң мага асыл жан

"Жалгызмын дебе агаң бар мендей сегизөө

"Жарашпайт сага жалгыздык"- дейсиң андыктан

 

Жаралган жалган жакпады мага иним ай

Жалганга дилим батпады -дейсиң күнүм ай

Ак кардай таза дүйнөңө таазим этемин

Ак Булут агам асылым менин пирим ай

 

Балалык

Таш чогултуп үй тизип

Ойноочубуз биз анда

Кой жеген чөптөн чогултуп

Салчуубуз сынык казанга

 

Топурактан камыр жуурушуп

Кыздар нанын жабышчуу

Таштарды болсо топоз деп

Балдар топоз багышчуу

 

Мен болсо абдан жалкоо элем

Уйкуну абдан жактырган

Топозду чоңдор багат деп

Чоңдорго топоз бактырган

 

Кеч кирди дешип чогулуп

Үй бүлөө элек бактылуу

Билбепиз аттиң ошондо

Билбепиз бала баркыны

 

Ошондо салган биздин үй

Дагы эле турат жайлоодо

А бирок анда биз эмес

Жаш балдар топоз айдоодо

 

Бул дүйнөнүн бүтпөй келет санаасы

Көк асманды кара булут каптады

Күркүрөп чабышкансып жоо менен

Көктөн жашын жерге төктү сур булут

Кой кайтарып мен ошондо тоодо элем

 

Ал ангыча күн жаркырап ачылды

Булут таркап асман болсо көгөрөт

Аппак туман катар туруп баратат.

Тоолор менен амандашкан өңдөнөт

 

Туман тоону тоо туманды кучактап

Эски достор табышкандай карачы

Кээде ачык кээде булут каптаган

Бул дүйнөнүн бүтпөй келет санаасы

 

Жебе таптым

Жебе таптым, күнгө жаанга кара абдан чириптир

Кайдан келип ушул жебе кай тарапта жүрүптүр

Качан кайда ким эмнени атыптыр

Ким экенин анын кимдер көрүптүр

 

Кара досум бул жебеге кылым болгон көрүнөт

Андан бери жер шаарында канча айланды дөңгөлөк

Тоо аркарбы же душманбы аныгыны ким билет

Ушул жебе бир жандуунун жанын кыйган өңдөнөт ...

 

Мен жана ручка

Мен сени кандай жазсам шондой жазып

Ак баракка каныңды төгөсүң да

Сен менин жан курбум да сырдашымсын

Сен көрөсүң эң биринчи жазган ырым

 

Ырлар жазып сенин каның түгөнгөндө

Алып чыгып сени эшикке бургап салам

Базарга барам дагы бир күндө

Өзүңдөй кандуу ручке сатып алам

 

А бүгүн карап көрсөм мен өзүмдү

Тагдырым окшоп кетти сеникине

Мен дагы сага окшоп ырлар жазып

Азырынча жашап жүрөм жер бетинде

 

Ыр жазып ырлар жазып жүрүп акыр

Сага окшоп менин каным кургап калат

Мен сени бургагандай ошол кезде

Тирүүлүк мени дагы бургап салат

 

Экөөбүз бул дүйнөнөн кетсек дагы

Саргарып кагазда эски ырлар калат

А бирок тирүүлүк менден жаңысыны

Кандуусуну жандуусуну табып алат

 

Мургаб району

Кош Агыл, Ак жылга

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.