Мераж Теитбаев: "Ата Журт сен деп ырдадым" (ырлар жыйнагы)

Сагынарсың

 

Тынчтыкты сүйүп жашар жан элем

Тынчтыкта кудай өзү алып кетсин

Ошондо менин изим тоолоруңда

Зоолоруңда таштарыңда калып кетсин

 

Узактан келген жандар арасынан

Бейиш жерим мени издеп кагылаарсың

Жол карап мени күтүп мени самап

Кең жайлоо ыйык төрүм сагынарсың

 

Гүлдөрүң жайнап өсүп турса дагы

Санага сагынычка чөмүлөрсүн

Таарынып кең Мургабым өзүң мага

Үмүтүң үзө албай сөгүлөрсүң

 

Жамынып ак булутту көз жаш төгүп

Бук болуп кээде ыйлап аларын чын

Сен гана нечен кылым мени күтүп

Сагынып жолду дайым караарың чын

 

Ата журт сенден узак кетсем дагы

 

Ата журт сенден узак кетсем дагы

Айланып кайра өзүңө келемин мен

Азапка батып кетем сени ойлоодон

Анткени көздөрүмдүн кареги сен

 

Ата журт сенден алыс кетсем дагы

Аскаңды зоолоруңду сагынам мен

Ай менен сагынычым барат сага

Анткени бүт денемдин жүрөгү сен

 

Айланып аркар баскан зоолоруңда

Бир гана мен баспаймын Ата журттум

Ай менен аркар жаткан тоолоруңда

Бир гана мен жатпаймын Ата журттум


Ата журт мээримине ыргалбаймын

Ыйласаң көз жашыңа чулганбаймын

Ата журт сенден узак кетсем эгер

Өзүңдө өмүр сурүп улгайбаймын

 

Тоолордо атамдын жыты жүрөт

 

Атамды тоолордун дили сүйөт

Тоолордо атамдын жыты жүрөт

Аптыгып улуу тоолор өпкөнсүңөр

Атакемдин таманын нечен ирет

 

Булагыны көрсөм мен улуу тоонун

Атакемдин жүзүнү көргөнсүймүн

Чанкап барып ичсе ал булагыны

Атакемдин жүзүнү өпкөнсүймүн

 

Тоолорду барып мен кучактасам

Атамды кучактап тургансыймын

Салкын жел уруп өтсө ошол тоодон

Атамдын жылуу үнүн уккансыймын

 

Атакем ушул жерде жашап өткөн

Ушул жер ыйык туура мага көптөн

Атакем ыр жазуу шыгын мага

Мурас кылып атайын берип кеткен

 

Атамды тоолордун дили сүйөт

Тоолордо атакемдин үнү жүрөт

Аптыгып улуу тоолор өпкөнсүңөр

Алаканын атамдын нечен ирет

 

Ата Журт сен деп ырдадым

 

Ырларды болсо күн санап

Өз каным менен сугарам

Акынмын дебейм а бирок

Ырлардын кылын бураган

 

Жаралган мен бир пендемин

Булутту чапчыйт ченгелим

Жүрөгүм ырга карматып

Жанымды ырга бергенмин

 

Аска зоо тоо таш басканым

Атамдын журтту жатканым

Тирүүлүк үчүн күрөшүп

Бир короо кой менин бакканым

 

Тоо гүлү менин дилдерим

Тирүүлүк бейишиндемин

Аа кээде түптүз талаадыр

Аа кээде аска жүргөнүм

 

Билеги күчтүү инсанмын

Мен деген зоого чыкканмын

Кыздардын шынгыр үнү эмес

Улардын үнүн укканмын

 

Тоо ташты сууну сүйгөнмүн

Нуруна күндүн күйгөнмүн

Гүл басып жатткан жылгада

Бейиште басып жүргөнмүн

 

Туптунук суусун ичкенмин

Агымын кызыл кечкенмин

Булуттарыңды мындай кой

Күнүнө дагы жеткенмин

 

Тоо ташында жатканмын

Кырларын канча ашканмын

Аркарлар менен тең чуркап

Боорунда жүргөм асканын

 

Ата журт сенсиң тирегим

Бейишим сенсиң билемин

Барсам да эмне тапмакмын

Жерине башка бирөөнүн

 

Ата журт сен деп ырдадым

Алтындан бүткөн Нуркабым

Өзүңдө көрүп өтөйүн

Өмүрдүн ушул жыргалын

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.