Клара Абибиллаева: "Болгум келет Алыкулдай алп акын"

Клара Абибиллаева: "Болгум келет Алыкулдай алп акын"

Болгум келет Алыкулдай алп акын

 

Сөздөрү курч жүрөгүңө так тийген,

Ырлары кооз окуганга күч берген.

Не бир кырлуу нечендеген ыр жазып,

Жазган ыры адамзатка жан берген.

Дал ушундай поэзия башчысы,

Болгум келет Алыкулдай алп акын.

 

Калемини кармаар кезде колуна,

Сөздөр агат кезектешип куюлуп.

Мени жазчы суранамын дегенсип,

Сөздөр өзү калеминен суурулуп.

Дал ушундай лириканын башчысы,

Болгум келет Алыкулдай алп акын.

 

Окуур кезде ар бир адам толкуган,

Ырларында акыл насаат токулган.

Ак баракка калем учу тийгенде,

Гүлдөй жайнап сөздөр өзү чууруган.

Дал ушундай акындардын атасы,

Болгум келет Алыкулдай алп акын.

 

Нечен китеп тонналарды оодарган

Сөздөр жаттап чет тилинде окуган.

Чыгармасын нечен тилде сүйлөтүп,

Бир канча элдин жүрөгүндө уюган.

Дал ушундай кыргыздардын акыны,

Болгум келет Алыкулдай алп акын.

 

Абибиллаева Клара Куттугалиевна.

Бишкек шаары 9-класс

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.