"Кара-Көлүм", "Достор" (ыр саптар)

Достор

Көчө толо кучакташып жүрчелек

Тамашалап, ар нерсеге күлчелек

Сулуу ыраак кыз көрүнсө көчөдө

Ар кимибиз ар мааниде суйчелек

 

Биз чоңойдук, тарап кеттик ар жакка

Бири жокко, бири кетти бар жакка

Ошол бойдон чогулалбай келебиз

Ээ жигарлар келгилечи бер жакка

 

Сахалинде, Ошто,Кызыл-Кыяда

Кээбирибиз өскөн "Алтын уя" да

Келгилечи бир чогулуп күлөлү

Сөз чозушуп наары , бээри, туурага

 

Досту досу сатып кетсе жакшыбы?

Жаратпайт го молдосубу бакшыбы

Өзүңөргө албагыла досторум

Бул дегениң акыйкаттын какшыгы

 

Достун досу оор күндө кол сунат

Өксүп турган көңүлүңдү толтурат

Башың ийип капа болуп турганда

Көңүл курап маңдайыңда олтурат

 

Мактана алам мен жолдуумун достордон

Баардык жерде тегеректеп коштогон

Достор менен маектешип калганда

Эч бирөөсү сөзүм бөлүп тоспогон

 

Мактана алам менде достун алтыны

Кээлер билбес, алтындардын баркыны

Досторума ыраазымын ар дайым

Жашырышкан кээде айткан калпымды

 

Кечиргиле кылсам капа бир жолу

Мага жакпайт көкүрөктө кир болуу

Ачык айтып ак өлөйүн досторум

Кечиргиле бир жолу эмес миң жолу!

 

Акылбек Жаңыбаев

Мургаб району Кара-Көл айылы

 

Кара-Көлүм

Жай алып көл боюнан тумарга окшоп

Көргөндо эңсетесиң жүрөк козгоп

Суктанып кооздугуңду тиктеп туруп

Калгансыйт жүрөк чиркин бир аз токтоп

Жагымдуу сезим ээлеп толкунданып

Ыр жазгым келип кетти эргүү коштоп

 

Шамалың эркелетип чачтан сылап

Толкундар жыбырашып коштоп турат

Сендеги кызга бүтбөс сулуулукту

Ак карлуу тоолор курчап,коргоп турат

Ай дагы ажарына таазим кылып

Күн дагы мээрим чачып коштоп чыгат

 

Бактылуу балалыкта койнунда өстүм

Алпештеп апакемдей мээрим төктүн

Кара-Көл туулган айлым алтын уям

Жээгиңде бойлой басып мен эр жеттим

Эч качан көз алдымдан кетбей койду

Көргөндү суктандырган кереметиң

 

Бар болгун Кара-Көлүм алтын уям

Ыр десте кабыл алгын сага сунам

Ырларды жазып жаттым өзүңө арнап

Сөздрүн тандап терип ыр багынан

Ажарын даңктап өтөм, мактап өтөм

Булбулдай обон менен кубулжуган

 

Таалай.Сайназаров

Мургаб району Кара-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.