Кайран эл

Кайран эл

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

l

Алла сөзү биринчи,
Салам менен кайран эл!
Кагаз алдым колума,
Калам менен кайран эл!
Макка-Тилла, Мадина,
Талас менен кайран эл!
Мухаммад өткөн ааламдан,
Манас менен кайран эл!
Жалган дүйнө ушундай,
Талаш менен кайран эл!


Ай асманда жаралган,
Жылдыз менен кайран эл!
Кара түн да жаралган,
Кундуз менен кайран эл!
Жети атабыз жаралган,
Турмуш менен кайран эл!
Жетимиш беш жыл жашадык,
Ырыс менен кайран эл!
Козголдук асыл жерлерден,
Уруш менен кайран эл!


Кашкар, Кытай, Афганга,
Тозуганбыз кайран эл!
Далай-далай жылдарда,
Кошулганбыз кайран эл!
Кайгы-мунду тарыхка,
Толтурганбыз кайран эл.
Бейиштин жыргал төрүндө,
Отурганбыз кайран эл.
Кайра куруу козголуп,
Чочунганбыз кайран эл!


Айтып-айтып түгөнгүс,
Кебиң калды кайран эл!
Кең Сары-Кол, кең Памир,
Жериң калды кайран эл!
Алтын, күмүш аралаш
Кениң калды кайран эл!
Атактуу Ак-Суу, Аличор,
Төрүң калды кайран эл.
Ак-Жол, Бек-Жол чоң мазар,
Шейит калды кайран эл!
Ак-Балык Ата, Мусапыр,
Бейит калды кайран эл!
Бахбур-Ата, Чырак-Таш,
Кейип калды кайран эл!


Нуркап, Нура, Сары-Кол,
Жериң калды кайран эл!
Тейит, Кыпчак, Найман эл,
Элиң калды кайран эл!
Ак-Байтал, Талдык, Кызыл-Арт,
Белиң калды кайран эл.
Ата бабаң тынч жаткан,
Гөрүң калды кайран эл!


Кичи-Алай, Чоң-Алай,
Абад калды кайран эл!
Кара-Көл менен Раң-Көл,
Кабат калды кайран эл.
Кичи Памыл, Чоң-Памыл,
Санат калды кайран эл!
Жокчулуктан мөгдүрөп
Жадап калды кайран эл!
Галчалар келип жеримди,
Талап калды кайран эл!
Кой, топозду өткөзбөй,
Санакка алды кайран эл!
Көрүнгөндү колуну,
Карап калды кайран эл!


Булуң-Көл менен Жашыл-Көл,
Көлүн калды кайран эл!
Муз-Так Ата, Ак-Аркар,
Төрүң калды кайран эл.
Жетим-жесир кеталбай,
Көбүң калды кайран эл!
Чүй, Чаткал, Ошум кайда деп,
Жолуң калды кайран эл!
Чат-Токой менен Чеш-Төбө,
Жайыт калды кайран эл!
Аркар, кулжа, ак шумкар,
Кайып калды кайран эл!
Ооматынан мынчалык
Тайып калды кайран эл!
Зар заман менен Шор заман,
Аныкталды кайран эл.

ll

Бал тили менен башкарган,
Бийиң калды кайран эл!
Башка журтка баш ийген,
Күнүң калды кайран эл!
Башчысы жок бул заман,
Күйүт салды кайран эл!
Топ-топ качкан топ аркар,
Кийик жандуу кайран эл!

 

Нургаб менен Жерге-Тал,
Калтыс кетти кайран эл!
Чүй, Чаткал, Ош ар кайда,
Кайткыс кетти кайран эл.
Отун-суунун айынан,
Башсыз кетти кайран эл!
Үй-жайынан ажырап,
Тамсыз кетти кайран эл!
Күтүрөгөн төрт түлүк:
Малсыз кетти кайран эл!
Түндүк түшүп,үй чечип,
“ЗиЛге” жүгүн жүктөшүп.
Ош, Памирдин жолунда,
Күндүз жана туүндө өтүп.
Сары-Таш менен Ала-Арча
Тоноду элди жүдөтүп.

 

Ош, Алайды аралап,
Жерге-Талдан көч келет.
Көчкөн дагы кыргыздар,
Тоскон дагы кыргыздар:
Бири-бирине өч келет,
Тоодон качкан кайран эл,
Таможныйга кептелет.
Колдорунда автомат,
Көңтөрүп жүктү аңтарат.
Көчтүн коюн жетелеп,
Шофердон бензин алып калат.
Качкан, бозгон элиме,
ОМОНдор неге чаң салат.

 

Оштон, Бишкек, Чүйгөчө,
ОМОНдор посттон кетпеди.
Ой-арманы элимдин,
Акимге арзы жетпеди.
О заман, заман дейбиз го,
Адамды адам тепседи.
Он сом, миң сом алалбай,
ОМОНдор жаман кектеди.

 

Ай, жыл, кылым алмашып,
Асман аалам жалгашып
Азаптуу заман болду го,
Ачарчылык жармашып.
Ак үйдөгү акимдер,
Амал талаш кармашып.
Гүл заман арман элиме,
Бул заманды каргашып.

 

Асман толо жылдыз бар,
Ааламда кыргыз мундуз бар.
Азап бир тартып баратат,
Алакандай кыргыздар.
Күндөн-күнгө бул заман:
Кысып барат укмуш тар.
Бей-бечара, карыпка,
Кыйын болду турмуштар.

 

Тейит менен Бостон бар,
Теги түбү Оштон бар.
Тегиз эмес бул заман,
Тентишти го адамдар.
О дүйнөдө кан Манас,
Колдойт бекен арбактар.
Азирети Али Мухаммед,
Кыйналды элиң кайрандар.
Кыпчак менен Найман бар,
Калың элде арман бар.
Армандуу элдин арзына
Аралашпайт акимдер.

 

Антип-минтип бул дүйнө,
Өтөр кетер закымдар.
Кээ бирөө баскан дүйнөнү,
Кээ бирөө тарткан кыйноону,
Адамды адам такымдар.

lll

Гыдырша менен Баргы бар,
Кыйын болду кайгы зар.
Кары-картаң байкушту,
Кандай күнгө баргызар.
Кам көрөр каны болбосо,
Кантет экен кыргыздар.

 

Бөрү менен жору бар,
Бөлүнгөн элдин тобу бар.
Бозоргон элди томсортуп,
Бул дүйнө болду кайгы зар.
Ойлоп-ойлоп отурсаң,
Элиме болду заман тар.

 

Ак калпак менен көк телпек,
Ар уруу элден көп табат.
Алсызга алдуу карабай,
Алды алдына булкунат.
Акыбет кетип замандан,
Аккан суудай шаркырап.

 

Алапа Шайым Кочкор бар,
Ар уруу элден достор бар.
Арман болду аттиң ай,
Азаптуу элим Ошко зар.
Кыргызды кыргыз тоногон,
Кыйын болду жолу тар.
Чегилтир менен Жаманан,
Ченемсиз турмуш самаган.
Чамасы жок бул заман,
Чачылып элим тараган.
Бала-чака, үй-жай деп
Чарк айланат кара жан.
Жарымын элдин бүлүнтпөй,
Кармап турган Ага-хан.

 

Канай менен Жанай бар,
Кальң элде далай бар.
Жан багам десең Чүй ана,
Мал багам десең Алай бар.
Ишсиз калып эли-журт,
Тозуп барат далайлар.

 

Төөлөс менен Чогорок,
Тагдырга катуу ойлонот.
Тыркырап качып кайран эл!
Кыргызстанга корголойт.
Тагдыры тайкы туугандар,
Көзүмдүн жашы шорголойт.

 

Кызыл-Кыя асыл таш,
Көздөн акты кайгы жаш.
Каңгып качкан кайран эл!
Болсо экен дейм кайгырбас.
Аттиң дүйнө арман ай,
Кыйын болду кары-жаш.

 

Өтөр кетер бул турмуш,
Калың элде не кылмыш.
Заман, закон оңолуп,
Кайра келсе гүл турмуш.
Кайран кылым кулпуруп,
Жашайт беле бир укмуш.
Кыргызды качкын дебестен,
Кыргызга кыргыз көмөктөш.
Кан Манастан бер жакка,
Ат жалында өбөктөш.
Уул үйлөп, кыз чыгар,
Урматтуу элим өнүп өс.

 

Халил Мурзахматов
Мургаб району
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.