Көчкүдө калган мергенчи (кошок)

Көчкүдө калган мергенчи (кошок)

Илгерки өткөн заманда, бир уруу журтту баккан көзгө атар мерген болгон экен. Күндөрдүн бир күнүндө тоо арасында аң уулап жүргөн мерген көчкүдө калып кетет. Көчкү астында калган мергендин аялы күйөөсүн жоктоп, ыйлап сыздап, кошок кошуп ырдаган экен.

 

 

Көчкүдө калган мергенчи (кошок)

Тоңгон муз чоку бийик бел,

Топтошуп оттойт кийиктер.

Ай чапчыйт бийик аскалар,

Айланып оттойт аркарлар.

Күңгөйдө кокту жылгалар,

Куушуп оттойт кулжалар.

Көчкүгө кетип өлгөнүм,

Көрүнбөйт эми мергеним.

Кийикке кетип өлгөнүм,

Келбейби эми мергеним.

Кумайлуу түздө жатчу элең,

Кулжаны тандап атчу элең.

Тектирлүү тоодо жатчу элең,

Текени тандап атчу элең.

Бир айыл элди бир өзүң,

Белсенип жалгыз бакчу элең.

Кош ооз мылтык асындың,

Карааның кайда жашырдың.

Дүрмөттүү мылтык асындың,

Денеңди кайда жашырдың.

Шаа мүйүздүү кулжаны,

Шашпай басып атчу элең.

Шырп алдырбай шагылда,

Шамалдай жеңил басчу элең.

Көзүмдүн жашын көлдөттүм,

Көчкүгө кетип мөгдөттүң.

Басылып карда калдыңбы,

Баарына кайгы салдыңбы.

Жуулбай карда калдыңбы,

Журтуңа кайгы салдыңбы.

Көмүлбөй карда калдыңбы,

Калкыңа күйүт салдыңбы.

Кайгынын тарттым азабын,

Кайнабайт этсиз казаным.

Кан жутуп тарттым азабың,

Какшыды этсиз казаным.

Кызыгып кырга басканым,

Кызыл калтар атканым.

Кадамдап тоого басканым ,

Карышкыр илбирс атканым.

Кар көчкү алды өзүңдү,

Кантейин карарып күйдү асманым.

Чектелүү экен өмүрүң,

Жайдары эле көңүлүң.

Кыска экен аттиң өмүрүң,

Кызгалдак эле көңүлүң.

Курчутуп жалын мизиңди,

Жайнатып күлүп жүзүңдү.

Журтум деп жүрүп жашоодо,

Жашырып кеттиң изиңди.

Коргошун эле огуңуз,

Санаалуу болду жолуңуз .

Күмүштөн эле огуңуз ,

Кейиштүү болду жолуңуз.

Алтындан эле огуңуз,

Армандуу болду жолуңуз.

Айсыз түндө уктадык ,

Акыркы сөзүң укпадык.

Жансыз жүзүң көрбөдүк,

Жакшылап жууп көмбөдүк.

Тоодон издеп таппадык,

Топурак сала албадык.

Кантебиз эми айла жок аттиң,

Кайрылгыс болуп тез кеттиң аттиң.

Бейиштин гүлүн жыттагын мерген,

Бейиштин суусун ууртагын мерген.

Бейиштин кооз гүл багын көрүп,

Бейиште бейпил уктагын мерген.

Кумайлуу түздө жатчу элең мерген,

Кулжаны тандап атчу элең мерген.


“Янги-Овоз” эл аралык жазуучулар

союзунун мүчөсү Өскөнбай Бердибаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.