“Үйлөн дешет”

“Үйлөн дешет”

Акыркы учур ушул сөз кулак тешет,

Үйлөн дешет эли журт үйлөн дешет.

Бел байлап келечекке кадам жасап,

Эртереек аш оокатка үйрөн дешет...

 

Үйлөн дешет агалар үйлөн дешет,

Сендей кезде далай кыз сүйгөм дешет.

Кээ бири айта кетет армандарын,

Кеч үйлөнүп убакыттан күйгөм дешет...

 

Үйлөн дешет ата энем асылдарым,

Үйлөн дешет курбу курдаш жакындарым.

Теңимди Кудай буйруп тапканымча,

Турса экен бекем кармап сабырларын...

 

Токтобек Камаров

Мургаб району Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.