Эненин арманы

Илгери өткөн заманда, Сарыколдо, бир жаш жигит мергенчиликке чыгып дайынсыз жоголуп кеткен экен. “Биз ошондо Үч -Жылга деген жерди эки күн издегенбиз”- деп атам айтчуу эле.

 

 

Эненин арманы

Кара баар жаз болду ,

Көк чунак шишек өрлөдү.

Кийикке кеткен уулумду,

Кантип эч ким көрбөдү.

Ай алмашып күн өттү,

Күйүтүм ичтен жүдөттү.

Жоголуп балам дайынсыз,

Каңырыгымды түтөттү.

Көз жашым соолуп кургады.

Арманым ичтен ырбады,

Кашымда жүр деп көп айттым,

Какшатып балам укпады.

Жоголуп кетти дайынсыз,

Көргөн бир адам чыкпады.

Ээрчитип кеткен итиңдин ,

Бири келди бири жок.

Эчкирип ыйлайм күн түнү,

Каралдым уулум тирүү жок.

Чыйбаркыттан шымынын

Чекелери көк эле,

Зоого чыгып өлгүдөй ,

Өзүнө өчү бар беле.

Калпагында назиктен ,

Шурулуу папик бар эле.

Камалып ташта калгыдай,

Качан каргыш алды эле.

Өтүгүнүн өкчөсү

Сары жездуу така эле,

Көздүүнүн көзү тийдиби

Чырактай жанган бала эле.

Сары боолуу мылтыгы ,

Сай салынган ичине.

Көздөн кайым жоголду,

Көрүнбөй жан кишиге.

Үйүлгөн кумду түздөдүк,

Үймө үй жүрүп издедик.

Сайдагы кумду түздөдүк,

Сап - сапка чыгып издедик.

Чаңытып чыйыр таптадык,

Чарчадык эч бир таппадык.

Дарыя жээгин таптадык,

Дайыныны эч бир таппадык.

Кирген суудай шар эле,

Кийикке кызык бала эле.

 

Алтындай күмүш зар эле,

Алаңдап шашкан бала эле.

Кайберен пири сур эчки,

Кырда жүрөт топ эчки.

Сыйрыймын деп тээрисин ,

Каргышка калып кеттиби.

Аркар, теке , топ эчки

Кайберен пири сур эчки.

Атамын деп апкаарып,

Же аңга түшүп кеттиби.

Көкүрөк жаным муздады,

Күйүттөн жаным сыздады.

Жанчылып денем ооруду,

Көз жаштан карегим соолуду.

Кайрылып келип калар деп

Кеткен жагын караймын,

Айланып күндөр айларга

Саргайып саат санаймын.

Айткан сөздү укпадың,

Кандай күнгө туш болдуң.

Тирүү болуп жерде жок,

Өлүү болуп көрдө жок.

Аттиң ай караансыз

Кеткен куш болдуң.

Илгери атам кеп айтчу,

Билгендерин көп айтчу.

Кайберенди куруткан ,

Каргышка кетет деп айтчу.

Адатыңды койбодуң,

Короодон токту сойбодуң.

Аскада жүргөн текенин,

Эңкесине (чүкө),тойбодуң.

Аттиң ай, арман уулум ай,

Санаага бизди калтырдың.

Өзүңдү кайда жашырдың,

Күйүткө бизди калтырдың

Сөөгүңдү кайда жашырдың.

Кара баар жаз болду ,

Көк чунак шишек өрлөдү.

 

                         -//-

 

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук

бирикмесинин мүчөсү. Алай району.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.