Эне орду

Эне орду

Чоң орду бар бул жашоодо эненин,

Энем барда бирин койбой жеңемин!

Эне эне, эне ата, бир тууган,

Толтура алат бүт оорунду дегеним.

 

Эне күчтүү мейли күчтөн акылдан,

Эне ойчул, эне деген акылман.

Жаман болгун жакшы болгун бары бир,

Энең сүйөт энең сага жакын жан.

 

Кышында тон жайы сага көлөкөң,

Аксап калсаң аса таяк жөлөгөн.

Кандай кырдаал болсо дагы сен менен,

Энең кымбат энең сенин берекең.

 

Өзү ачка сен жеп жатсаң кубанган,

Жараткандан сага бакыт суранган.

Кантсем дагы жеткире албайм тил менен,

Эне кымбат энеден журт куралган!!!

 

Ардактуу аял заты майрамыңыздар куттуу болсун !!!

Терең урматтоо менен Токтобек Камаров

Мургаб району Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.