Дөөлатбек Эргешбаев: "Жасалма жан" (ыр саптар)

Дөөлатбек Эргешбаев: "Жасалма жан" (ыр саптар)

Эргешбаев Дөөлатбек Умарович 2002-жылы 27-июнда ТР Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында туулган. 2020-жылы Аблеч Шаиков атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап жогорку окуу жайына бет алган.

 

Учурда Душанбе шаарында Абу Али ибни Сино медициналык университетинин студентти. Жердешибиз Дөөлөтбек мектепте окуп жүргөн кезинде эле ыр жазууга кызыгып ушул күнгө чейин ыр жазып келүүдө..

 

Жасалма жан

Сүйчү элем сүйбөй калдым түңүлдүм

Кеч күздөгү жалбырактай күбүлдүм

Наздангансып жүз миң түрлүү кубулуп

Эх шүмшүк ай эмнеге сен сүйдүрдүң

 

Ал кездерде "мээ" кургуруң иштебей

"Көз" дегениң тактап сени тиктебей

"Жүрөк" акең баарын каптап башкарды

Калгандарын сиркесине теңебей

 

Бали "жүрөк" иштин баарын жайладың

Жасалмалуу келбетине алдандың

"Көз" байкуштун бууп салып жолуну

Көрө албадың "макияждын" ар жагын

 

Ал сулуунун турган түрү жасалма

Бети "крем" жүзү дагы жасалма

Кыргылдантып ичке кылып сүйлөгөн

Жада калса үнү дагы жасалма

 

Сени алдап сүйүшү да жасалма

Сага айткан күйүтү да жасалма

Мааниси жок ар нерсеге жылмайган

Ченеми жок күлкүсү да жасалма

 

Бали "жүрөк" иштин баарын жайладың

Көрө албадың "макияждан" башкасын

 

Интернет

Мен бүгүн ойлоп алып капаландым

Интернет байлап алды ит сыңары

Кыргыздын накта жырткыч кабыланын

Сөзүнү унуттук биз бабалардын

Ырыны окубайт азыр эчким

"Алыкул" аттуу залкар акындардын

Билинбей катарына кошулдук биз

Кадимки жан дүйнөсү жакырлардын

Көнүмүшкө айланды вайбер, ватсап

Көкүрөктү салды барын баттап

Интернет аттуу илдетке чалдыгып

Жүрүшөт көпчүлүк мээден аксап

Күзгүчө карап алат аның селфи

Токсондогу кемпирди кылып селки

Памияттын көзүнөн жаш агызып,

Түшүшөт- түшө берет алкы- телки

Вирус дарысы

Санаа чегип, тартпайлычы муң-кайгы

Жараткандын сыноосудур бул дагы

Жакшы күндөр келип калса эртелеп

Унутабыз ушул турган жагдайды

 

Маанайыңдын өчүрбөчү жылдызын

Кудай сактар жер шарынын кыргызын

Сабырыңды сары майдай сактасаң

Сан жеткиске көтөрүлөр ырыскың

 

Кыргыз деген жолун баскан тарыхтын

Кыргыз деген сыйлай билген карысын

Биргеликте жеңишти го биздин эл

Согуш кезин бетин жапкан жарыктын

 

Азыр мына жеңиш күнү салтанат

Жеңиш десе бүтүн өлке жарданат

Сабыр кылып тынчтык күнгө жетишсек

Биздин жеңиш так ушундай аталат

 

Чын чынында сабыр жеңет баарысын

Биз табабыз дагы жашоо жаңысын

Сабыр деп атайлычы туугандар

Алааматтуу бул илдеттин дарысын

 

Муңдуу күн

Бул жашооң азыр мени кыйнап турат

Чиренип жан чыдагыс сокку урат

Күчүм жок алсыз болуп турганымда

Пендеден ала албадым тилим кубат

Тек мага кек сактап турган өңдүү

Кыйнады асмандын бүркөлүгү

Мен келем тынбастан чалчык кечип

Асман тынбастан жамгыр төгөт

Көчөдө өз алдымча бара жатсам

Каргыш тийгир ит дагы мага үрөт

Дүйнөнүн мага болгон көз карашы

Жаныңды отко салып, жүрөк өйөт

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.