Дөөлатбек Эргешбаев: "Өмүр жөнүндө ой толгоо"

Дөөлатбек Эргешбаев: "Өмүр жөнүндө ой толгоо"

Өмүр жөнүндө ой толгоо

 

Күндөр өтөт тизилишип шурудай,

Жарым мүнөт бир орунга жөн турбай.

Чар тараптан турмуш алып кысымга,

Бара жатам бир артыма кылчайбай.

 

Токто өмүр демимди ичке алайын,

Окуйунчу өтмүшүмдүн барагын.

А сен болсо мени бир азга бош койчу,

Ансыз деле кекиртектен арманым.

 

Жыйырманчы жазды тосуп турамын.

Жап жаш гүлдөр бурат адам кыялын.

А мен үчүн дале жаздан кабар жок.

Ич дүйнөмдөн сезем кыштын ызгаарын.

 

Эх өмүр ай сенин эмне кылганың.

Уурдап кеттиң менден жашоо жыргалын.

Кана достор , кана курбу классташ.

Кесип алдың бүтүн жандын барчасын.

 

Кечээкимди ойлой калдым дегенче.

Балалык кез кылт дей түшөт эсиме.

Таң заардан, күн уяга батканча,

Оюн менен күн кечирген кез эле.

 

Чөнтөгүмдө кочураган чүкөлөр.

Тааныш жүздөр ,эң жагымдуу күлкүлөр,

Жаштыгымды жатка билип айта алган,

Кайда калды жан кыйышпас күбөлөр .

 

Жаза берсем карагай убалы,

Чыя берсем түтбөс калем сыясы.

Тирүү болсок жолугабыз бир күнү,

Жүрү өмүр ай , биз жолду улайлы.

 

Дөөлатбек Эргешбаев

Мургаб району Ыраң-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.