Болуп өттү Сармерден

Болуп өттү Сармерден

“Өнөрлүү өлбөйт»

Токтогул Сатылганов.

“Эркек жыгылып женилсе да, далысы топону көрбөйт”.

 

3-май 2018-жылы райондогу болуп өткөн “Сармерденден” кийин 20 жылдан бери, сахнага чыкпагандыктанбы, же шербетинен көбүрөөк жутпагандыктан, айтор ким билет, Сармерден оюн концертинде медик кыз-келиндерден жеңилип ичим жалын, тышым чок, кыжаалат болуп аны ойлоп сахнада эмес кой кайтарып жүрүп аларга арнап, жеңди өйдө түрүп калгандай ошондогу медиктерди сүйүп аларга арнап сөз берметин тандап, эшегимди жандап, аны оңдоп токуп, «Сармерден» деген чыгармамды кошуп жазгандагы кербезим. Анткени мен: Кемпир-чал тойго, койчулар койго баргандай, сармарден болушуна бир күн калганда чакыруу менен кошулуп даярдыгым жок утулуп. Сахнада ырдалбаса да, күйүт басты болсун, Газеттен эли-журтум окуп койсун, ошол сахнаны элестеттим да комуз менен ырдап жаткан кезим.

 

Ээй сулуу келин, сулуу кыз

Жалдырап бизди карашат

Аңги чалыш акындар,

Адептүү сөздөн адашат.

Токтосун Тыныбековтун ырындай,

«Көрүнбөйүн» деп кыйындай.

Ушул сөз келип эсиме

Чыкпадым кошуп ал жерде

Көрүүгө оюн тамаша

Клубка толо эл келген

Медиктер ырды жазыптыр

Атыны коюп Сармерден.

Концерттин аяк кезинде

Аны ырдап жаткан мезгилде

Кайтарып жооп бере албай

Кыйналган учур эсимде.

Эркектен оомат аялга

Оодарылып кеткенби?

Сүрлөрү басып алардын

Жүрөктү жаман эзгенби?

Жаш кездей эргип ыр чыкпай

Каарылык Жабай жеткенби?

Өркүндөп өнөр шыгыңар,

Эл-журтка жакты ырыңар.

Бактылуу болуп жашоодо,

Артист медик кыз келин

Ар дайым аман болуңар,

Менин калом баарыңа,

Байсалдуу болсун жолуңар!

 

Сармерден

Соргоктун акылы тамактан кийин,

Бирөөнүн акылы арактан кийин,

Апыздын акылы сармерден болуп өткөн, сынактан кийин.

 

Райымдуу, боорукер Аллахтын аты менен, баштап жазам болуп өткөн Сармерденден, Сары-кол жерде «Кыз оюн» - деп аташкан илгертеден , көңүл ачып, жарпын жазып, көөнөрбөс мурас болуп эли-журтта, үрп-адат, каада-салтын сактап учурунда.

 

Илгери элибизде, уул үйлөп, кыз күйөөлөп, той берген кездеринде. Кыз тарап, кыз күйөөгө арнап атайлап, бир зор ак өргө, кыргыз жасалгалуу үйүн тигип, уул тарап, кыз тарап жаштар ал үйгө кирип, «Кыз оюну» - деп аталган азыркы учурдагы Сармердендин көрүнүшүн, көнүл ачып, ырдап жыргап өткөрүшкөн. Эрке жеңенин ролун кыз тараптан, жакшы өнөрлүү шайыр шыктуусу башчылык кылса, уул тараптан күйөө жолдошторудан, өнөрлүү сөзгө чечен, талант акылы менен баарын чечкен, күйөө жолдошу башчылык кылып эрке баланын ролун аткарган.

 

Ошондо: айтыш обондуу ырлар, өлөңдөр, табышмак, тил сындырмак, жаңылмач макал-лакап, бий бийленип, болуп өткөн кыз оюнунун көрүнүш бир элеси, ушул жерде кошулбаптыр илгерки оюн тоотмеги.

 

Ал кезде айтчуу «Кыз оюн», Сармерден азыр болгонун, улантып ырдап коеюн.

 

Ассалому алейкум,

Концертке келген калайык.

Эң оболу сиздер менен,

Учурашып алалык.

Тууган-урук, эли-журт,

Коңшу-колоң аманбы.

Сармерден оюн тамаша,

Сахнадан айтам саламды.

Кара кылды как жарган,

Калыстык кылып барк алган,

Калыстар тобу аманбы?

Баш күндөн эле Сары-колдо

Таланттуу келет элибиз.

Жараткан Алла буйруган,

Жылдызга жакын жерибиз.

Эл жердин сырын илгерки,

Сөз менен ачып эстейлик.

Сармерден элдик мурасты,

Кай жерден чыкты эстейлик

Куйкум сөз сүйлөп кычылап,

Куудул келет элибиз.

Сармерденди айталы

Созо бербей элибиз.

Илгери Сарыкол жеринде,

Ак-калпак кыргыз элимде.

Уул үйлөп, кыз берип,

Тойлошуп куда келгенде.

Уул тарап, кыз тарап,

Жаштар анда жыйналат.

Кыз оюн азем өткөргөн,

Баалап аны эл көргөн.

«Жеңет»- азыр кайсыл жак.

Сармерден эмес булл жерде,

«Кыз оюну»-деп аташат.

Сармерден болсо сармерден,

Айтайын анда бир сабак.

Жүрөктөн чыккан жыкшы ырлар,

Калбасын алар ырдалбай

Рахат издеп таппайсың,

Жакшы жар менен жакшы ырдай.

Өчкөн өнөр чырагын,

Жандырган сен Сармерден,

Суусаган талант чеберин,

Кандаргын сен Сармерден.

Өнөрлүүнү өстүргөн, түрү болдуң Сармерден,

Көз жоосун алып кулпунган,

Гүлү болдуң Сармерден.

Акылга акыл кошкондун,

Өзү болдуң Сармерден.

Эли-журт көрүп кубанган,

Көзү болдуң Сармерден.

Үзүлгөндүн учугун,

Улаган ушул Сармерден.

Таланттарды ар жерден,

Кураган ушул Сармерден.

Өнөрлүүнү өзгөчө,

Сынаган ушул Сармерден.

Унутулган кыргыздын.

Мурасы булл сармерден,

Төө болсо жетелер

Буйласы бул Сармерден.

Чыныгы талант жоголбос,

Уйгашы бул Сармерден.

Өнөрүң болсо өйдө чап,

Тил сындырмак макал айт.

Мее сезим иштетер,

Жаңылмачы табышмак,

Өнөрпоздун өнөрүн,

Калыстар сындайт, эл сындайт.

Көңүлү элдин ачылып,

Күлүп жайнап бүт жыргайт.

Өнөрдү катпай ичиңе,

Тартуула шаттык элиңе.

Болуп жатат Сармерден,

Район ичи бул жерде.

Бейкуттук болуп элимде,

Тынчылык болуп жеримде.

Бактылуулук болуп элимде,

Алладан тилеймин сиздерге.

Ишке ашып тилек оюңар,

Сак саламат болуңар.

Булл жерде эзип олтурбай,

Клубту ырга толтурбай,

Кезекти берем кыздарга,

Учурашат эл менен,

Угуңуздар ал кандай.

 

Олжочиев Жаанбай Эшназарович (Жабай апыз),

Мадиян өрөөнү Мургаб району

 

"САРЫКОЛ" пресс

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.