Бийик тоодогу чыныгы кыргыз өңү

Бийик тоодогу чыныгы кыргыз өңү

Мен ушул жазган чыгармачылык эмгегимди Сарыколдун чыгаан уулу, "Ордо" оюнунун уюштуруучусу, Ак калпагын башынан түшүрбөгөн агам, бийик тоодогу чыныгы кыргыз өңү Гожомберди Ниязбековго арнаймын.

 

Илгери өткөн заманда бир акын, улуу жибек жолун басып өтүүгө камынган соода кербенинин башчысына, мени да сапарга кошуп алыңыз деп өтүнөт. Кербен башчысы, кербенчилерге жардам берсеңиз кошуп алууга макулмун дейт. Баягы акын кербен башчысына токтоосуз макул болуп, кербенге кошулуп алыс сапарга аттанат. Жолдо кербенчилердин ойлогон ою сүйлөгөн сөздөрү жалаң гана соода- сатык, байлык , алтын, күмүш боюнча болот.

 

Кербенчилер дүйнө сөздөрүн сүйлөшкөндө, акын өзүнчө ойго батып тоо - таштарга, жер- сууларга, дарыя- көлдөргө, жаратылыш табиятка суктанып жол улап келе берет. Узак сапарда кербенди ээрчиген акын, жан- дүйнөсүнө тоодой руханий байлык чогултуп, сапардагы көргөн билгендерин ыр кылып кагазга түшүргөн экен.

 

Ала кап аркан тартылган,

Ат минип алтын артынган.

Тоголуу аркан тартылган,

Төөлөргө күмүш артылган.

Таардан куржун кош кулак,

Талаада жылкы бош турат.

Талдыктын бийик белинде,

Буйуккан бороон кошкурат.

Алты күн жолго шайланып,

Алайдан өттүк айланып.

Кызыл- Артка жеткенде,

Күүлөнбөй калдык жайланып.

Кызыл - Арт кызыл жер экен,

Кызыгы бүтпөс бел экен.

Кыялап ашкан жолоочу,

Кыр- кырдан түшкөн сел экен.

Кербенди ээрчип жолдомун,

Керемет кыял ойдомун.

Агарып жүрөт аркарлар,

Ааламда бийик жондомун.

Аттарды алга сүйрөйбүз,

Алтындын баасын сүйлөйбүз.

Төөлөрдү алга сүрөйбүз,

Күмүштүн баасын сүйлөйбүз.

Уй- Булак жердин көзү экен,

Маркан- Суу жылга төрү экен.

Ат баскан изди улаймын,

Акмалап улам сураймын.

Керилип жаткан Кара- Көл,

Керемет дүйнө өзү экен.

Жибектин жолун уладым,

Жолдоштордон сурадым.

Улуу жолду уладым,

Уңгулуу журтту сурадым.

Артайыл кайрып октордум,

Аттарга шибер откордум.

Тердикти кайрып октордум,

Төөлөргө камгак откордум,

Кымызга жуурат кошподум,

Кербенди түзөп коштодум.

Айранга асый кошподум,

Ат менен төөнү коштодум.

Ак- Байтал аштык чубалып,

Ай карап асман узадык.

Жетимиш төө жети ат,

Чокуну тепчийт буралып.

Ырабат , Ыраң, Кашка - Жол,

Ыраңы көрктүү башка жол.

Ак - Байтал ашуу Чакыр- Жол,

Ат мүдүрбөс какыр жол.

Көлөкө түшпөс тескейлер ,

Көбүргөн баштуу терскендер.

Шамалы катуу куюндайт,

Шаштыргандай жез кемпир.

Күйгөндөй күнгө кара таш,

Күңгөйдө күйкө ала таш.

Чырагы жанган аскада ,

Ыраң - Көл , Шор - Көл канатташ.

Аңырдай ак- куу сайрачу,

Ак- Байтал , Ак- Суу дайрасы.

Бүлөсөң канжар курчуган,

Бүлөөдөй экен сай ташы.

Улуу жибек жолудур,

Тогуз жолдун тоомудур.

Ааламда бийик жер көрдүм,

Айланып ыйык эл көрдүм .

Аркарлуу жылга тоо көрдүм,

Ак - карлуу мөңгү зоо көрдүм.

Тектирди ашып сапарда,

Тектүү эл көрдүм катарда.

Чокуну ашып сапарда,

Чогуу эл көрдүм катарда.

Айланып аалам кыдырып,

Акак таш көрдүм базарда.

Касиет бүткөн жер бастым,

Кайкалап басып чер жаздым.

Кашкарга кайтып кеткенче,

Калемим учтап шер( ыр) жаздым.

Каадалуу жерде чер жаздым,

Касиет бүткөн жер бастым.

Кабулга кайтып кеткиче ,

Калемим учтап шер( ыр) жаздым.

Улуу жибек жолу бул,

Тогуз жолдун тоомудур.

Ааламда бийик жер көрдүм,

Айланып улуу эл көрдүм.

Кашкарга ашып кеткиче ,

Калдайган көгүш көл көрдүм.

 

Өскөнбай Бердибаев

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.