Ө.Бердибаев "Ырлар менен сырдаштым"

Той берет кыргыз чачылып

Той берет кыргыз чачылып.

Той берет кыргыз шашылып.

Чакырып эл журт тууганын.

Очокко казан асылып.

Дасторкон толо жер жемиш.

Табактап эттер тартылып.

Дуйум табак баары бар.

Кафеде жаштар каарылар.

Столдун усту титирейт.

Эмне издезесен табылаар.

Салаттан баштап шоколад.

Кызыл кок ак да сары бар.

Музыка улам жанырып.

Баарыны бийге чакырып.

Аксакал чыкты тансага.

Шайтаны койбой шаштырып.

Шылкылдап бийге тушкондо.

Ооздор калды ачылып.

Кафеге толоп нак пулун.

Той берип жаткан чак бугун.

Кембагал байга тенелип.

Сабалып жатат саптыгын.

Ысырап болду тамактар.

Таштанды болуп салаттар.

Кредит алып той берип.

Кыргыздын конулу шат бугун.

Тамакты турлоп торт берип.

Тоок эт балык коп берип.

Меймандос кыргыз берешен.

Шорпого салып чоп берип.

Ашказан байкуш кыйналды.

Синире албай кептелип.

Той берет кыргыз чачылып.

Той берет кыргыз шашылып.

Карызга батып белчеден.

Апкаарып турат аптыгып.

Бахбур- Ата

Кайнар булак казаныңда кайнаган

Кырларыңда аркар кулжа жайнаган

Алтын өрөөн касиеттүү мекеним

Мен өзүңдүн ырларыңа айланам

 

Бахбур- Ата мекен деген ыйык жер

Аздектеген жүзүн чайып улуу эл

Кабыл кылып тилектерди жараткан

Баласыздар бала көргөн баатыр шер

 

Аруу таза ойлордун түнөгүсүн

Бахбур-Ата кең Аксуунун жүрөгүсүң

Түбөлүк кайнап турган кылымдарга

Өмүрдүн өчпөй турган мүрөгүсүң


Ырлар менен сырдаштым

Ээрчий басып эчен бийик кырды аштым

Кыялымда ырлар менен курдашмын

Жоолугушуп жолдон аркыл тагдырга

Жандос болдум ырлар менен сырдаштым

 

Жакын болуп жолдош болдум ырларга

Бирге бастым талаа түзгө кырларга

Кемтигимди кайрык менен толтуруп

Жашоомдо балкып турдум жыргалга

 

Үмүт менен чырагымды жандырам

Ырлар менен чанкоомду кандырам

Көртирликтен тажап кеткен күндөрү

Ырлар менен жанымды жай алдырам

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.