Ө.Бердибаев: "Сары-Колдун чыгаан инсандары"

Сары-Колдун чыгаан инсандары


Кулжалуу төрдө таш түнөк,

Көргөнүм айтам жакшы деп.

Бийикте калган таш түнөк,

Билгеним айтам жакшы деп.

Белестүү жерде таш түнөк ,

Баарысын айтам жакшы деп .

Кыраңдан баскан аталар,

Кылымга изи сакталар.

Тескейлеп баскан аталар,

Түбөлүк изи сакталар.

Жүздөгөн жылдар өтсө да,

Жеримден чыккан инсандар,

Тарыхы бекем сакталар.

Жүзүмдү бурдум кыбылага,

Алакан жаям дубада .

Олуя Шажан дубана,

Токурбек жана Рахманкул.

Көкөнбек менен Жапаркул,

Азирети бүзүрүг,

Дуа кылам жүгүнүп .

Сайпидин – Ата, Ак- Эшан,

Бахпур- Ата азизим.

Асамидин, Өтөнбай,

Кудайберген, Жутаңкы.

Айылчы, Асан, Камчыбек,

Сарыколдон чыккан улуулар.

Бердибеков Касымдар,

Элине жасап ак кызмат,

Аттиң ак жерден көптөр атылган.

Эшанкул, Касым, Атабай,

Эл үчүн кызмат өтөгөн.

Жерим деп жүргөн аталар ,

Термечиков, Артыков .

Талканчиев агайлар,

Жеримден чыккан далайлар.

Бакир Абдыкадыров ,

Алимсейитов, Айдаров .

Малабеков, Көчөнөв,

Батасын алган далайдын,

Конокбаев Салайдин.

Мургаптын асыл жеринде ,

Биздин аталар турган көрк берип .

Кенжекулов, Исманов,

Ахмеджанов, Пахиров.

Атабаев Осмондор.

Калк ичинен суурулуп,

Таскактап доордо озгондор.

Айдекеев, Чокоев,

Примбердиев Көчөн,

Байботоев Акайбек.

Карабаев Назарлар,

Түбөлүк эстеп унутпай,

Тарыхка бекем жазарбыз.

Сарыкол жерим кең талаа,

Мал киндиктүү жайыт көп .

Чарбаны түптөп көбөйткөн,

Шайимкулов, Шайиков,Жороев

Абдырахманов, Жуниев .

Калмамбетов Кошмамат,

Атабаев Бакирлар .

Алыскы тоолуу жеримден,

Далайлар чыккан асылдар .

Акжолбеков,Таипов,

Ниязбеков Камаридин.

Кенжекулов Сатыбалды ,

Бердибаев Гожолор.

Улансын учу үзүлбөй,

Аталар баскан бул жолдор.

Акназаров Ысмайыл ,

Камчыбеков Көкөнбек.

Колчокбаев Тешебай ,

Абдрахманова Сайралар.

Бадахшандын бермети ,

Көк кашка Аксуу дайрадай.

Урустамов, Жолукээв,

Мурзанбетов, Шажанов.

Санай берсем Сары-Колдо,

Булагы дары эм экен.

Элимде асыл көп экен .

Абдыкадырова Зулпухан,

Конокбаева Батмалар.

Жолуну жолдоп улуунун,

Сарыколдой бийик жеримден.

Бата алып чыккан атадан.

Коңкобаев, Назиров ,

Таабалдиев, Үсөнов .

Ыса уулу Абибилло,

Журтуна жасап көп эмгек ,

Азыр жалпыга жарык жүздөрү .

Турдубеков Саипбаказ ,

Түнү -күнү иштеген.

Тоо койнунда жол салып,

Таштуу жолду түздөгөн.

Ош-Хорогдун жолуну ,

Көп жыл турду башкарып.

Өкмөт берген буйрукту,

Кынтыксыз иштеп аткарып.

Атабаев Адылбек ,

Кызыл гүл эле көктөмдө.

Эмгегин эл унутпай,

Атыны койду мектепке.

Бөрүбеков, Тажалиев,

Каландаров Шайдилда.

Ташибеков Жээнбек,

Жапаров Төлөнбай ака,

Эл үчүн жүргөн инсандар,

Ак кызмат өтөп элим деп.

Жумабаев Миталип,

Түнөгүндө аркардын.

Сезимге сыйкыр ой салып ,

Көп иштерди аткарды .

Жазган ыры дары эле,

Кыл калеми бар эле.

Арадан көп жыл өтсө да,

Унутпайт эстейт баары эле.

Кенжекулов Митабар,

Низаев Халык, Тургунбай.

Газыбеков Боронбай,

Амираканов Аттокур.

Тагайбек тагам Миңбаев ,

Камчы сап эле Сары-Колдо.

Коопсуздукту коргогон,

Бет маңдай жоодон коркпогон.

Мурзаян, Штирлиц Болотбек ,

Кыраан көк жал Элчибек.

Милдетин бекем аткарган ,

Шерлер чыккан Сары-Колдон.

Өлүмгө тике караган ,

Айтканынан кайтпаган .

Эрлер чыккан Сары-Колдон.

Миңбай, Замир Касымов ,

Милдетин так аткарган.

Мен билбеген канчалар,

РайПОну башкарган.

Газыбеков Тойчу ажы,

Жакыны Ганы Боронбай,

Кадырлуу инсан калкымда.

Козубеков Сулайман,

Абдилатов Сайитбек.

Орунбаев Исраил ,

Жазуучу агам Майрамбек.

Туруке Талип ажылар.

Журтумдун болгон сыймыгы.

Мамырайым ажылар

Энчилеп элге жараткан,

Агайлар Умар, Өмүрбек,

Кудайдын берген сыйлыгы.

Алишеров, Бердибаев,

Шарап Теңирбердиев.

Алапаев Дөөлатбек ,

Абдрахманов Абдиназар.

Молдобаев Нажилар .

Колхозго жасап көп эмгек ,

Жүз пайыз план аткарган .

Айылда Жолдош агайлар ,

Билимин берди аянбай.

Аталар баскан жол улуу,

Аталар жүргөн тоо улуу .

Аздектеп дайым жүрөлү ,

Унутпай ата жолуну.


Ө.Бердибаев "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.