Ө.Бердибаев: "Салам жалпы Нуркап элине" (ыр жыйнагы)

Салам жалпы Нуркап элине

Салам жалпы Нуркапта туулгандар,

Күн нуруна күмүштөй жуурулгандар.

Чеш-Төбөнүн кайнаган булагына,

Чер жаза чөмүнүп жуунгандар.

Айран сүт апаппак азыгыңар,

Аалам чоку ак алтын казыгыңар.

Кең жерде керилип бой салган,

Кайберен кийиктей басыгыңар.

Жылгаларда жылдыздай жүргөнүңөр,

Жымыңдашат жылт этип күлгөнүңөр.

Кандай соонун Нуркапта нурга балкып,

Күнгөй тоодо гүл өмүр сүргөнүңөр.

Баш төбөңөр асманга тийип силер,

Бийик тоолу Нуркапта бийиксиңер.

Миң жылдап соолубай мөңгү суулар,

Мөл булак тамырдан ийипсиңер.

Бар болгула Нуркапта туулгандар,

Бахбур-Ата суусуна жуунгандар.

Кара--Көлдүн үстүндө кайкып куштай,

Толкун болуп жээгине урулгандар.

Мен силерден кеткенмин алыстамын,

Жем издеген куш сымал жарыштамын.

Түпсүз турмуш түйшүгүн бетке тутуп,

Көр тирликтин айынан алышканмын.

Өзүм терип кеткендей гүлдөрүмдү,

Өткөн чакта калтыргам күндөрүмдү.

Бир аз жазам бирдеме билгенимди,

Бийиктикте өткөргөн түндөрүмдү.

Салам алыс Памирде төрөлгөндөр,

Салты улуу элимде жөрөлгөңөр.

Соолубасын түбөлүк кемибесин,

Алп тоолордой көлөмдүү көрөңгөңөр.

ГЭСтин көлү, көлөмдүү балыгыңар,

ГЭСтен көбү бөлүнөт жарыгыңар.

Ак-Суу дайра түбөлүк ага берсин,

Арышы кең өзөндүү арыгыңар.

Бир кездерде тоо жолу кыялаган,

Жүрөгүндө тоолору уялаган.

Бир уулуңар алыста биле жүргүн,

Сагынычын баракка сыялаган.

Салам, салам сагынычтуу!

Бир кезде Нуркапта жаралгандар,

Нур болуп ааламга таралгандар.

Билемин, бир гана силерсиңер,

Бийикте бийиктик саналгандар.

Тирүүмүн өңүмдө бул жактамын,

Түбөлүк сезимде Нуркаптамын.

Салам Нуркапта төрөлгөндөр!

Сезимде мен дагы Нуркаптамын!


Пазилет

Панардай жарык көрүнгөн,

Памирдин жылга төрүнөн.

Чырактай жанып көрүнгөн,

Жеримдин жылга төрүнөн.

Кайберен сындуу Пазилет,

Маңдайы жарык сезилет.

Ак-аркар сындуу Пазилет,

Ажары сырдуу сезилет.

Ак-Байтал ашуу чокусу,

Ак-карлуу мөңгү топусу.

Памирден чыккан Пазилет ,

Пакиза аруу тоо кызы.

Кызыл-Арт ашуу чокусу,

Кыраңда мөңгү топусу.

Кыргыздан чыккан Пазилет,

Кырк-өрүм чачтуу тоо кызы.

Ай жашынган тектирден,

Аркарлар оттоп көп жүргөн.

Күн жашынган тектирден,

Кулжалар оттоп көп жүргөн .

Жайкалган жашыл жаз илеп,

Жамалы сулуу Пазилет.

Көрктөнгөн кооз жаз илеп,

Көйкөлгөн сулуу Пазилет.

Ыраң-Көлүм көк кашка,

Ыраңы көркөм көп башка.

Кара-Көлүм көк кашка,

Караның көрктүү көп башка.

Суу-Башы, Көөнө-Коргондон,

Суктанат сизди көргөндөр.

Токтомуш, Көөнө-Коргондон,

Тамшанат сизди көргөндөр .

Көпүрө-Башы, Ак-Балык,

Көргөндөр жүрөт мактанып.

Баш-Күмбөз, Аличор, Ак-Балык,

Баргандар жүрөт мактанып.

Кайберен сындуу таскагы,

Пакиза селки басканы.

Кийиктей көркөм таскагы,

Ийиктей жеңил басканы.

Көөдөй түндө панарсыз,

Көз кандырып жанарсыз.

Көпчүлүк болсо Айдын-Көл,

Сиз ошол көлдө аралсыз.

Жел айдаган бурганак,

Желпинген чөптөр ыргалат.

Сары-Колдон чыккан Пазилет,

Санжыра болуп ырдалат.

Мургаптык сулуу Пазилет,

Муңканган обон ыр канат.

Миң жылдар жашап ыр калат.

Булуң-Көлдүн жайыгы,

Бурулуп өтөт кайыгы.

Сары-Колдон чыккан Пазилет,

Сыныңдын жоктур айыбы.

Жашыл-Көлдүн жайыгы,

Жай алып сүзөт кайыгы.

Жеримде сулуу Пазилет,

Ырдасам жоктур айыбы.

Ак-Суу, Шаймак, Тузакчы,

Айланып тиктейм узакты.

Пазилет сулуу жашаган,

Памирим көркөм узак бир.

(Памирим көркөм узакбы?)

Сарездин көлү көк-тунук,

Сарсанаа болом көп туруп.

Жаныңдан кеттим айланып,

Жамалың көрбөйм көп жүрүп.

Жашоого жүрсөк жан-үрөп,

Жашартып бизди жаңы-илеп.

Жакшы ырлар болсун жаңылык,

Жарыгы жанган Пазилет.

Шаймактын салкын шамалы,

Сезимден айдайт санааны.

Сары-Колдун жер-суу көлдөрү,

Суйкайган жандын жамалы.

Пейилдер болсун жаз-илеп,

Памирлик сулуу Пазилет.

Сезимдер болсун жаз-илеп,

Сары-Колдук сулуу Пазилет.

90-жылдык маарекең кут болсун Мургабым

Күндүн нуру төгүлгөн,

Гүл өскөн жылга төрүңдөн.

Аппак нуру төгүлгөн,

Ай чөмүлгөн көлүңдөн.

Алыста бийик гүл багым,

Айланып барам Мургабым.

Кайкыда бийик гүл багым ,

Кайрылып барам Мургабым.

Аскага бүркүт конуптур,

Айланып кылым толуптур.

Зоокага бүркүт конуптур,

Закымдап кылым толуптур.

Топ жылдар өтүп Мургабым ,

Токсон жашка толуптур.

Тагдырлаш Мургап мекеним,

Тарыхта көргөн неченин.

Кылымга калды жазылып,

Өткөн чак доор кечегиң.

Тоютун тапкан өндүрдөн,

Тоолуу жер топоз өндүргөн.

Ак эмгек менен күн көрүп,

Аталар өттү өмүрдөн.

Сапарлаш күндөр орток дос,

Катарлаш жылдар ортоктош.

Билгизбей бизди сагынсаң,

Биз көзүңдөн тамган мончокбуз.

Аркарлар жылга төрүндө,

Атажурт ыйык жеримде,

Кулжалар кокту төрүндө,

Көп күндөр калды жериңде.

Муунтуп бууган ызалык,

Муңканып алыс узадык.

Өзүңдөн кеттик алыстап,

Өзөктө бирок кусалык .

Доордун болгон күбөсү,

Тоолордун бийик төбөсү.

Кең пейил асыл кыргызым ,

Тоолуктун тоодой мүнөзү.

Мургабым мүрөк булагың,

Акактай мөлтүр сууларың.

Таңшыган тоодо таң тосуп,

Талпынып учкан уларың.

Ааламга бизди узатчу,

Айылга кеткен узак жол.

Сары-Колго барсаң сагынып,

Сапарлаш сага түз ак-жол.

Мургаптын талаа түздөрү,

Көптөрдүн калды издери.

Кыр-кырдын талаа түздөрү,

Кыргыздын калды издери.

Алыстан ал жай сурашып,

Аталар басты кыр ашып.

Жакындан ал жай сурашып,

Жакшылар кетти кыр ашып.

Мургабым мурда мурдагың,

Билбеймин азыр бул жагын.

Жыгылып кетсек тосчу элең,

Жыргалга толгон кучагың.

Күнүмдүн шаңы Мургабым,

Түнүмдүн таңы Мургабым.

Кылымдын тосуп узаткан,

Көөнөрбөс жаңы Мургабым.

Койнуңда толуп төрөлдүк,

Колунда өсүп торолдук.

Оромпой тээп ордо атып,

Тоо жолуң басып чоңойдук.

Шат жүрүп бастык кыяда,

Каткырып бастык пияда.

Нускалуу эле жеримде ,

Нур жүздүү кыздар зыяда.

Тоолордон агып берекең,

Толуп турсун Мургабым .

Тоо элине жакшылык ,

Болуп турсун Мургабым.

Бийиктен агып кут ырыс ,

Толуп турсун Мургабым.

Бүт элдерге жакшылык ,

Болуп турсун Мургабым.

Тынчтык күнү жаркырап ,

Тийип турсун Мургабым.

Нурдан бүткөн нур жүзүң,

Күлүп турсун Нургабым.

Кылым арткан дооруң,

Түптүү болсун Мургабым .

Токсон жылдык маарекең,

Кутуу болсун Мургабым .

Алыста бийик гүл багым,

Айланам сенден Мургабым.


Шамал

Суук-Сайдан суурулуп чыккан шамал,

Маркан-Суудан буулугуп учкан шамал .

Тескеримден урганда тегеретип,

Терскенимди колумдан жулган шамал .

Уй-Булакта удургуп турган шамал,

Бурулушта буйтасам бурган шамал .

Булутумду буйдамга токтобостон ,

Кум толтурат кулакка курган шамал .

Ак- Байталдын ашуусу улуйт шамал,

Алас-алып айламды кууруйт шамал.

Ырабатка жеткенде ызырынбай ,

Жеңил желпи жел ырга жууруйт шамал .

Чечектинин түзүндө желдейт шамал ,

Черим жазып ойлорду жөндөйт шамал .

Албууттанса алыстан айгай салып ,

Каршы-терши кармашып келбейт шамал .

Көөнө -Коргон ызгыган жолдо шамал,

Көңүлүмдү көтөрөт жондо шамал .

Боз үйүмдүн боо-чуусу бошоң тартат ,

Борой борой боз куюн болсо шамал .

Зым карагай зыркырайт санаа шамал ,

Кар учурган талаада ала шамал.

Бирде эрке бир туруп мүнөзү шок ,

Бизде ойнойт бийикте кара шамал .

Чаңын күбүп кийизди кагат шамал ,

Жерден үзүп жеңилин алат шамал .

Булут учса томуктай тоо аралап,

Алас алып артынан барат шамал .

Саамай чачым сеңселткен сары шамал ,

Сагынганда Сары-Колду дарым шамал.

Симфония сыяктуу аскалардын,

Кырдан ырдап үн салган шаңым шамал .

 

Өскөнбай Бердибаев

“Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.