Ө.Бердибаев: "Памирден кат" (ырлар жыйнагы)

Памирден кат

Кат жаздым кокту колот салаасынан,

Кайберен түнөк тоонун арасынан.

Бийикте каркыралар кайкып учуп,

Бир каран узап узак барат улам.

Кат жаздым "Памир тоодон" сагынычтуу,

Ыр коштоп өкүнүчтүү жалынычтуу.

Баяндайм каттарымыдын саптарына,

Тагдырда, таш- жолдорду кайрылышты.

Эскирээк барактары саргайыңкы,

Эзилген сыялары саптарымдын.

Тамчысы көз жашымдын жашырылган,

Ыр кылып тоодо жазган каттарымдын.

Каттарда тоону жаздым сууну жаздым,

Саптарда көлдө аппак кууну жаздым.

Караны калдайган чоң кабат-кабат,

Касиет кайберендүү тоону жаздым.

Памир-Тоо ой кыялдар алып учат,

Памирде учкун жылдыз жанып учат.

Жаңыртып жан дүйнөнү жандуу шамал,

Ободо обон болуп жаңырышат.

Катылган элеси бар кай бирөөнүн,

Катымда сүрөтү бар кайберендин.

Сырымда сүйкүмү бар кай бирөөнүн,

Ырымда сыйкыры бар кайберендин.

Чынында арманы бар кай бирөөнүн,

Ырымда калганы бар кайберендин.

Элестеп катар жаздым жаңы ырым деп,

Белесте каттар жаздым "Памирим" деп.

Өзүмдү өткөн чакка кошуп жаздым,

Кырдагы кылым доорун өмүрүм деп.

Кыр жонду кыйып бастым бийик экен,

Кырлардын түгөй досу кийик экен.

Бийиктик сересинде билдим бир сыр,

Бийикте бийик болуу кыйын экен.

Колтугун паанектедим уя кылып,

Мөлтүрүн калемиме сыя кылып.

Кат жаздым калем кармап "Памирим" деп,

Шуулдаган шамалына кулак түрүп .

Толгонуп ыр жазууга бел байладым,

Тоодогу ырларымды желге айдадым.

Кызыгып ыр жазууга бел байладым,

Кырдагы ырларымды желге айдадым.

Аскалар айкелдердин элесинде,

Ай аппак ак чокунун сересинде.

Алп тоолор айкелдердин элесиндей,

Ай аппак ашуу белдин сересинде.

Көлөмүм көлөкөлүү зоо боорунда,

Караным калкалканар тоо жонунда.

Катарлаш басып барат кайберендер,

Кырлардан кыйгач өткөн оң жолунда.

Аскада ак-булуттар түрмөктөлөт,

А, ойлор атырылат дүрмөттөлүп.

Пенделик көр турмуштан кечем кээде,

Ырларда түбөлүккө жүрмөк болуп.

Турмуштун түйшүгүнөн тажаганда,

Калсам эхх, тоо көлүндө бермет болуп.

Дил бирге тоолор менен бөлөк өзүм,

Сүрөткө тартам тоонун көлөкөсүн.

Ырооло жаратканым ырларымды,

Тоолорго тоонун бергин берекесин.

Тамыр бир тоолор менен чырмалышкан,

Сезим бар тоолор менен нурданышкан.

Кыялдар ,кыялдар эх кырлардагы,

Кызыгам силерге мен ыр жазышка.

Каркыралар катар-катар миң учар,

Мен тоолорго жазган ырым угушар.

Кайтып кайра булагынан көрүшөр,

Кайберендер түнөгүнө келишер.

Кат сыяктуу менин жазган ырымды,

Кайып жандар кайрыктарын сезишер.

А, адамдар алай-дүлөй, ыр окубай калышкан,

Жан-дуйнөсү жанбай калган алыска.

Тыйын-тыпыр издеп жүрөт баарысы,

Ырбы тообу, аларга эми баары бир!

Бул каттарым кайып жандарга,

Кайберендер ырым угушат,

Каркыралар кайткан сапары.

Каркыралар балким угушат,

Жел шамалдын шоокум үнүнөн.

Тоолордон улап өмүр сапарымды

Тоолордон желге айдадым каттарымды


Топоз минген жигит (дастан)

Бадахшанда бар кыргыз ,

Бадал ийген ар кыргыз .

Сары-Колдо бүт кыргыз,

Саадак тарткан журт кыргыз.

Топоз минген ток жигит,

Толорсугу шок жигит.

Өгүз минген өрт жигит,

Өргө чапкан төрт жигит.

Муздуу белде муң кайрык,

Мургаптан чыккан бул кайрык.

Сап кайкыда муң кайрык,

Сары-Колдон чыккан бул кайрык.

Токочтой толмоч ак жигит,

Тоодо өскөн нак жигит.

Пешенеси дөң жигит,

Көкүрөгү кең жигит.

Жулкулдашсаң жулуп тарт,

Журт жумурга тең жигит.

Тулпар минген чабандес,

Тулга очогу бар элбиз.

Күлүк минген чабандес,

Көрктүү тону бар элбиз.

Күңгөй тескей жайгашкан,

Сай боюнда сан элбиз.

Өгүз чапсаң өйдөлө,

Ак-Жигит учкун өйдөгө.

Топоз чапсаң өйдөгө,

Ак-Жигит тоого өйдөлө.

Толтуруп туткан бармакты,

Томпойубуз салмактуу.

Арышын керип бармакты,

Ашыгыбыз салмактуу.

Эңкелери сакадай ,

Тең келери такадай.

Бөөнгө сары-май салып,

Бөрүдөй болуп жайсанып.

Карынга сары май салып,

Карышкыр сындуу жайсанып.

Мылтыгыңа милте жак,

Сүмбөңө сүйрү сай салып.

Топуктуу жүргөн ток жигит,

Топоз минсе шок жигит.

Жөө жүргөндө бир жигит,

Жөн жүргөндө гүл жигит.

Ак өгүзүң кең соору,

Жайкалган кооз жаңсоору.

Көк өгүзүң кең соору,

Көркөмдүү кооз жаңсоору.

Топозуңда артайыл,

Толорсугун тартайын.

Өгүзүңдө артайыл,

Өңгөчүнү тартайын.

Жалы өрүлгөн чоң өгүз,

Карааны кара тоо өгүз .

Жаткызып минген төөдөй,

Чөгөрүлгөн зор өгүз .

Өгүз минген Ак-Жигит,

Айтар сөзү шарт жигит.

Топоз минген Ак-Жигит,

Токтобой камчы тарт жигит .

Ак-Мөңгүдө ак өгүз,

Ашып өтсө нак өгүз.

Көк-Мөңгүдө ак өгүз ,

Көтөрүп өтсө нак өгүз.

Кайкы-кайкы какыр бел,

Кар турбаган такыр бел.

Өгүз баскан жол секи,

Топоз баскан сол секи.

Ак-Жигит тандап жибек ал,

Ак болот кырлуу шибеге ал.

Кабыгын тандап камчы ал,

Калыңын кайрап аарчып ал.

Бурулуп барып камчы ал,

Бутагын кайрып аарчып ал.

Калкымдан чыккан баласың,

Кар муздуу жолго барасың.

Баатырдай мүнөз баласың,

Бадахшан тоого барасың.

Жайында музу кетпеген,

Жарганат учуп жетпеген.

Ашууда кары кетпеген,

Алгыр куш учуп жетпеген.

Оң солунда көчкү муз ,

Опол тоого барасың.

Ошол үркөр төрт жылдыз ,

Ошол үрккөн төрт кыргыз .

Көк асманда көп жылдыз,

Көрүнбөс жерде көп кыргыз .

Ай асманда көп жылдыз,

Алыскы жерде көп кыргыз.

Тоолордун кокту салаасы,

Топоздо кыргыз баласы.

Өзөндүн кокту салаасы,

Өгүзчөн кыргыз баласы.

Көк куржуну бүктөлүү ,

Кесе идиши жүктөлүү.

Ак куржуну бүктөлүү,

Аш-оокаты жүктөлүү.

Сейрек гүл өскөн ашууда ,

Сен ошол кыргыз баласы.

Топоз минип чоңойгон ,

Өгүз минип торолгон.

Боз үйдө төрдө төрөлгөн,

Ак өгүздүү Ак-Жигит.

Бийикте кыргыз баласы.

Жүгү ообой кыяда,

Жүгүрүп баскан пияда.

Аштыгы ообой кыяда,

Бүктөлбөй бүркүт канаты.

Жетилген зоодо уяда.

Ак өгүз минген Ак-Жигит,

Дал ошол кыргыз баласы.

Артайыл тартып дөш кыйбай,

Арыгын сойуп гөш кыйбай.

Белини тарткан бекемдеп,

Оодуруп оорун бош кылбай.

Топозду ээрчип баскан биз,

Тоолорду эркин ашкан биз.

Жоголуп кеткен мал жанды,

Кайтарып кайрып кошконбуз.

Ак топоздун Ак-Жигит,

Алдыңа талпак сал жигит.

Ак өгүздү мин жигит ,

Алкынып сууга кир жигит.

Кыр кырдан ашып өт жигит,

Кырма-кыр жашап көч жигит.

Мунарык Мургап Муз -Чоку,

Муңайбай жашап өт жигит.

Бийикте болбой бир арман,

Бийиксиз калган күн арман.

Кыраңда кыргыз кызыл гүл,

Кызгалдак болуп буралган.

Кылычтын миздүү кыры бар,

Кырыны сактаар кыны бар.

Канжардын миздүү кыры бар,

Кырыны сактаар кыны бар.

Топоз минген Ак-Жигит,

Кырдагы кыргыз нак жигит.

Тоолордун сенде сыны бар,

Кыргыздын сенде сыры бар.

Кылымдын куусу ыры бар,

Ааламдан учкан алгыр куш.

Ак-Калпак элдин сүрү бар.

Топоздун жону жоорубай,

Өгүздүн бели оорубай.

Өзүңдү мээнет тоорубай,

Өрт болуп күйгүн Ак-Жигит.

Бадахшанда муз ашуу ,

Казып өткүн Ак-Жигит.

Бардык уккан сөзүмдү,

Жазып өттүм Ак-Жигит.

Сары-Колдо бийик бел,

Ашып өткүн Ак-Жигит.

Баардык көргөн билгенди ,

Жазып өттүм Ак-Жигит.

Опол-Тоонун тескейин,

Кайрып өткүн Ак-Жигит.

Ошол баардык сөздөрдү,

Айтып өттүм Ак-Жигит.

Ак өгүздүн көркөмүн,

Сүрөттөдүм Ак-Жигит.

Ак-Байталдын ашуусун ,

Билет дедим Ак-Жигит.

Көк өгүздүн көркөмүн,

Сүрөттөдүм Ак-Жигит.

Көчүп конуп жүргөндү,

Билет дедим Ак-Жигит.

Көк өгүздү билбеске,

Көрбөгөнгө көсөө таң.

Ак өгүздү билбеске,

Андай сөздөр айран таң.

Топоздордун сүрөтүн,

Сүрөттөдүм Ак-Жигит.

Тоодо жүргөн топ элди,

Билет дедим Ак-Жигит.

Өгүздөрдүн элесин,

Сүрөттөдүм Ак-Жигит.

Өйдө төмөн жүргөндү,

Билет дедим Ак-Жигит.

Тоонун аккан булагы ,

Соолубасын Ак-Жигит.

Тоонун пири жаныңда

Жолуң болсун Ак-Жигит.

Топозуңдун басканы ,

Арыбасын Ак-Жигит.

Тоодо учкан канатың,

Талыбасын Ак-Жигит.

Топозуңду алтындан,

Ноктологун Ак-Жигит.

Тоонун пири дилиңде,

Токтобогун Ак-Жигит.

Өгүзүңдү күмүштөн ,

Ноктологун Ак-Жигит.

Өргө чаап өйдөлө,

Токтобогун Ак-Жигит.

Бадахшан тоо аралап ,

Баса бергин Ак-Жигит.

Бата тилеп өзүңө,

Жаза бердим Ак-Жигит.

Мунарык муз тоолорду,

Аша бергин Ак-Жигит.

Мургабты ээн таштабай ,

Жашай бергин Ак-Жигит.

Өмүр тилеп өзүңө ыр ,

Жаза бердим Ак-Жигит.

Топоз минип тоолордо ,

Жашай бергин Ак-Жигит.

Бирөөлөр

Бирөөлөр калың топту сүрөп жүрөт,

Бирөлөр калк катмарын жиреп жүрөт.

Бирөөлөр үч кабаттуу үй салышса,

Бирөөлөр таштандыда түнөп жүрөт.

Бирөөлөр акча, тачка, пачка, жүрөт,

Бирөөлөр кара курсак ачка жүрөт.

Бирөөлөр алаң- булаң ала- көөдөн,

Бирөөлөр жан айласын таппай жүрөт.

Бирөөлөр дүнүйөгө тойбой жүрөт,

Бирөөлөр жоругуну койбой жүрөт.

Жамандан алган жарты адатыны,

Бирөөлөр эрки жетип жойбой жүрөт.

Бирөөлөр кызыгышат мандат амал,

Амалың шамал болсо учкан саман.

Жашоодо мансап бийлик колдун кири,

Бул нерсе көпкө келип көптөн калган.

Бирөөлөр депутатты агалашат,

Бирөөлөр кандидатты сагалашат.

Бирөөлөр билип билбей саясатты,

Калп эле калк үчүн деп аралашат.

Бирөөлөр кара жанды уруп жүрөт,

Ак иштеп келечегин куруп жүрөт.

Бирөөлөр ак-эмгектен бала багып,

Көңүлү жаркып күндөй күлүп жүрөт.

Бирөөнүн ала турган айлыгы жок,

Бирөөнүн курсагы ток байлыгы жок.

Бирөөлөр калп каткырып куру намыс,

Кубарган жүзүн сүрткөн майлыгы жок.

Бирөөлөр билип билбей сүйлөп жүрөт,

Бир-бирин билбесе да сүйрөп жүрөт.

Бирөөлөр билинсе да бир иштери,

Билгизбей бирөөлөрдү пүйлөп(үйлөп)жүрөт.

Бирөөлөр чын дилинен элди ойлошот,

Бирөөлөр чын жүрөктөн жерди ойлошот.

Бирөөлөр акыреттин камын көрүп,

Билгендер бара турган жерди ойлошот.

Түбөлүк жата турган гөрдү ойлошот,

Бирөөлөр алаң-булаң шашып жүрөт,

Бирөөлөр өйдө-төмөн басып жүрөт.

Бирөөлөр бирөө үчүн жанып жүрөт,

Бирөөлөр бирөөлөргө барып жүрөт.

Бирөөлөр бирөө үчүн күйүп жүрөт,

Бирөөлөр бирөөлөрдү сүйүп жүрөт.

Бирөөлөр чындап муктаж болуп жүрөт,

Бирөөнүн карды эптеп тойуп жүрөт.

Бирөлөр зарыл болуп акча алышып,

Бере албай турмуш кыстап качып жүрөт.

Бирөөлөр жели чыгып пастап жүрөт,

Бирөөлөр акчасы көп мастап жүрөт.

Бирөөлөр кече турган кечүү таппай,

Бирөөлөр ичер суу жок ташып жүрөт.

Бирөөдүн жаны эч бир тынбай жүрөт,

Бирөөнү бирөө аңдып сындап жүрөт.

Бирөөнү бирөө канча сындаса да,

Колунан келбей өзү кылбай жүрөт.

Бирөөгө ыраа көрүп бербей жүрөт,

Бир өзүм кылсам баарын деген менен.

Кээ бирөө иштин көзүн билбей жүрөт,

Бирөөлөр жакшыны да жаман кылат.

Бирөөлөр кылган ишин амал кылат,

Бирөөлөр жарылам деп жарыла албай,

Бирөөлөр сабыр сактап араң турат.

Бирөөлөр умтулушат утамын деп,

Бирөөлөр жулкунушат жутамын деп.

Бирөөлөр билип билбей чепеңдешет,

Бирөөгө кыйын болуп тытамын деп.

Бирөөлөр каткырышып мактанышат,

Бирөөлөр карга окшош тарп аңдышат.

Бирөөлөр өз башында билгени жок,

Бирөөнүн буйругуну аткарышат.

Бирөөлөр өз адамын мактайын дейт,

Бирөөлөр өз адамын сактайын дейт.

Бирөөлөр бирөөлөргө жалган айтып,

Сендейди эч убакта таппаймын дейт.

Бирөөлөр кымбат унаа минип жүрөт,

Бирөөлөр билгизбестен күлүп жүрөт.

Бирөөлөр бирөөлөрдүн артын чукуп,

Билгизбей бет келгенде күлүп жүрөт.

Бирөөлөр бирөөлөрдөн качып жүрөт,

Бирөөлөр бирөөлөрдү ташып жүрөт.

Бирөөлөр талыкбастан иштеп жүрөт,

Тапканын тамшандырып тиштеп жүрөт.

Бирөөлөр ичип кеткен үй жайы жок,

Селсаяк атка конуп биттеп жүрөт.

Бирөөлөр Москвага жетпей жүрөт,

Бирөөлөр кубаласа кетпей жүрөт.

Бирөөлөр бир кездеги бир күндөрүн,

Унутпай түбөлүккө эстеп жүрөт.

Бирөөлөр эртеңкисин бүгүн кылат,

Бирөөлөр тапканына шүгүр кылат.

Бирөөлөр жети тыйын берип алса,

Бергин деп күндө сурап кыйынсынат.

Бирөөлөр Аллах үчүн кызмат кылат,

Ар жанды ак-дилинен урмат кылат.

Тең көрүп улуу кичүү баарысыны,

Мусулман бир тууган деп ызаат кылат .

Бирөөлөргө бирөөлөр таарынышат!

Бирөөлөрдү бирөөлөр сагынышат!

 

Сары-Кол

Мөңгүсү күмүш тоолору алтын, шибери килем булагы мөлтүр,

Суулары бермет, аскасы кулжа асманы улар .

Кымбаты калтар сымбаты суусар ,

Көркөмү кундуз жырткычы жылбырс.

Шамалы куюн дайрасы тунук,

Көлдөрү терең, тарыхы кылым тагдыры кыйыр .

Элеси жылдыз, пейили кенен ээси кыргыз .

Ортодо эңке оюну ордо, колунда томпой.

Дүйнөсү деңиз , көңүлү куунак мүнөзү тегиз.

Асманы ачык ааламы чексиз .

Тоо жолу тескей ,тоюту терскен .

Чарбасы топоз, жайыты күңгөй,

Коктуда боз-үй төрүндө комуз .

Зоосунда кийик түндүгү бийик ,

Ак- Калпак улут, Сары-Кол ыйык .

Саймасы кооз, тулпары күлүк.

Көргөнгө кызык, укканга жомок .

Жетбегенге арман,узаганга сагыныч,

Эстегенге элес ,уйкуда көргөн түш.

Кайберенге түнөк , кайрылып тиктегенге тилек .

Аралаганга төр, арбытканга жол.

Айланып көргөнгө базар, аздектеп барганга мазар!


Сарез-көл

Ээ-айт айт десең нени айтам ,

Эл билбеген жерди айтам.

Элсиз тоонун арасы ,

Ээн калган көлдү айтам .

Ээ- чокуда калган ырды айтам,

Чогулуп калган сууну айтам.

Ээ- сарала кушка сыр айтам,

Санжыра кылып муну айтам.

Ээ- айткан сөзүм жарыя,

Ак-Суунун суусу дарыя.

Ээ- сабалып агып олтуруп,

Сарезге куят толтуруп .

Ээ- уюган жердин толтосу,

Сарез-Көл тоонун ортосу.

Ээ- тамчысы мөлтүр өмүрдүн,

Тоосунда толгон Памирдин.

Ээ- Чокуда чөйчөк мөлтүрөйт,

Сарездин көлү мелтирейт.

Ээ- Аксуунун суусу айланып,

Көбүрүп келип турат дейт.

Ээ- ар жылгадан аккан суу,

Көбөйүп келип куят дейт.

Ээ- көлөмү көлдүн бийик дейт,

Көлкүлдөп турган туюк дейт.

Ээ- күн сайын толуп көбөйүп,

Толкуну улам бийиктейт .

Ээ-кудайым өзү сактасын,

Ачылып кетсе не болот .

Ээ-кулач урган сел болот,

Көлкүп аккан көл болот.

Ээ-өйдөлөп акпайт биз жакка,

Өзөндү каптап чөл болот.

Ээ-илгери жер титиреп,

Тосулуп тоолор калыптыр.

Ээ-агып чыгар жери жок,

Айланып дайра толуптур.

Ээ-жем ыргытсаң койбой жейт,

Жээгинде балык койдой дейт.

Ээ Чат-Токой Сарез Сарыгой,

Сан жылдар өткөн тарыхый.

Ээ-кылымдап кыргыз жашаган,

Кыйырда калган жанып ий.

Ээ-дубурттөп качкан кийиги,

Дүйнөдө көлдүн бийиги.

Ээ-тосулуп дайра көл болгон ,

Кыртыштуу бекем уюлу.

Ээ-чокуда чөйчөк мөлтүрөйт,

Чайпалып "Сарез" мелтирейт.

Ээ-тоо койнунда деңиз бар эй,

Ээ-тегереги тегиз жар эй...

 

Сактагын "Сары-Кол" деген печетиңди

Мургапчым унутпагын Мургабыңды,

Бүгүнкү кечээгиңди мурдагыңды.

Жылгада жылдыз санап жымыңдаган ,

Жылт этип жылып өткөн жылдарыңды.

 

Сарыколчум унутпагын кийиктерди ,

Сап- сапта басып өткөн бийик белди .

Саналбай өтүп кетер сансыз өмүр ,

Сагынып самап жүрүп бийиктерди .


Эстегин эстеп жүргүн Шаймагыңды,

Кыраңда аркар жүргөн аймагыңды .

Көңүлдөн көрксүз кылып чийип салба,

Көмөчкө сүртүп жеген каймагыңды.


Ойлогун Ыраң-Көлдү, Чечектиңди,

Ойногун ордо сызып кечээкиңди.

Дүйнөнү түрө кыдыр аалам кезип ,

Жүрөктө сакта "Мургап" печетиңди .


Жер үстүн жети айланып чыксаң дагы ,

Жүрөктө сакта "Сары-Кол" печетиңди!


Турмуш көчү

Ээн калган кең талаалар керилип ,

Эңгиреген эрме чөлдөй көрүнүп .

Эс-мас кыял жалгыз өңдүү дүйнөдө,

Эски журттан жөнөгөнсүйм бөлүнүп.


Ык салышып күрү-күүгө укмушка ,

Мындагылар кеткен өңдүү туш-тушка.

Кызыл күнүн кыйыр салган издерин ,

Кызык көрбөй кечкен окшойт турмушта .


Жер алдынан сугарылып тамыры,

Жеримде өсчү жыпар жыттуу мамыры.

Сенден алыс кетсем дагы тоолорум ,

Сен деп жанар жан-дүйнөмдүн жалыны .


Унутулуп калган эски буюмдай,

Урат мени санаа ойлор уюлдай.

Көч артынан кетет окшойм мен дагы,

Көркөм жерим калдыбы ээ буюрбай.


Жигит жалгыз баскан өңдүү селкисиз,

Жылдар эми тоосуз жайдак мөңгүсүз.

Көптү эрчиген көч артында бир адам,

Күнүм бүтсө калар жерим белгисиз.

Ээнсиреп жалгыз өңдүү дүйнөдө,

Эски журттан жөнөп кеттим бөлүнүп .


Өмүр дастаны

Ак чокулуу мөңгүдө,

Ак кулжасы оттогон.

Жаштык кез болот турбайбы,

Чагылган отту тоотбогон.

Кыраңда кызыл гүл өсөт ,

Кырларда гүлдүн түрү өсөт .

Түбөлүк дайым жаш бойдон ,

Картайбас болуп ким өтөт .

Өмүр бул жашоо кемеби,

Жел урса сызып желеби.

Кайрылбай кетсе каран күн,

Кармалбай турган немеби .

Ар дайым турбайт байланып ,

Алгыр куш учат айланып.

Зымырап өткөн өмүр күн,

Элесин көрөм дайранын.

Адамзат күлүк жоргосуң,

Ардайым сапар жолдосуң.

Артыңдан калбай ээрчиген ,

Көлөкөң болот жолдошуң.

Күлүгүң чуркап турганда ,

Күнчүлүк жер…


                        *****


Жашоону биз тапкан өңдүү көктөмдөн,

Жашадык биз чар тарабы төп келген.

Жаштык курак сүйүлчү элек сүйчү элек ,

Жалын учкан чагылышкан көздөрдөн.


А өмүр не? келчү кезек кетер кез,

А биз пенде кезектешип кетербиз .

Күн батканда күмүш түстүү жарык нур ,

Күн бүткөндө күлгө айланып өчөрбүз.


Жардан агып турган мөлтүр булактай,

Жарык чачып турган түнкү чырактай .

Бир өмүрдө бир берилген жаштык кез,

Түйшүк салып түшкө кирдиң ынактай.


Жаштык ыры жашоого эмес таарыныч,

Өмүр сүйүү тагдыр жолдор сагыныч.

Ар бир адам, ар бир пенде жарыктык ,

Жаштык күнүн жашап өтөр сагынып .


Улутунган улгайынкы карыя ,

жаштык күнүн эстеп өтөт сагынып !

 

 

Өскөнбай Бердибаев

“Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.