Ө.Бердибаев: "Мерген" (арноолор)

Мерген

Көөнө- Коргон айылынан чыккан

Орозаали мергендин жаркын элесине

 

Кайберендүү тоодогу элден элең,

Калың журттун мергени элең.

Касиеттүү айылдагы элден элең,

Калдайган журттун мергени элең.

Кулжалуу төрдөгү элден элең,

Күнөстүү тоонун мергени элең.

Аркарды атып ашыгын алган,

Кулжаны атып эңкесин алган.

Кырларда басып кыялап сапты ,

Кийигин атып олжосун алган.

Шамалдуу жердин шайыры элең,

Ай түшкөн көлдүн кайыгы элең.

Шагылдуу зоонун бүркүтү элең,

Селкинин шыңгыр күлкүсү элең.

Көлөңкө жердин булагы элең,

Шиберлүү беттин тулаңы элең.

Кырдагы элдин кыраасы элең,

Көптөрдүн бийик мурасы элең.

Кудайдын элге бергени элең,

Бир уруу журттун мергени элең.

Көптөрдүн жакшы көргөнү элең,

Көпчүлүк журттун мергени элең.

Сайраган улар обону элең,

Жакшынын колго толору элең.

Жар бойлоп жалпы жашаган элдин,

Бычакка саптык болоору элең.

Мергенге көптөр жандоочу эле,

Жагалмай куштун жан досу белең.

Карааның көрсө алыстан байкап,

Унаасын сизге айдоочу эле.

Төлгөнүн ташы төп келчү беле,

Айылга конок көп келчү эле.

Райондон келген акитив чоңдор,

Адашпай сизге түз келчү эле.

Абайлап баскан баамдуу белең,

Аркардын эти даамдуу еле.

Коктуда баскан баамдуу элең,

Кулжанын эти даамдуу эле.

Тажидин ака жан досуң эле,

Баарыны өздөй саноочу элең.

Турсунбай ака жан досуң эле,

Достукту бийик кармоочу элең.

Мылтыгың күмүш алма баш эле,

Пендеге кара санабас элең.

Мылтыгың кыска пырсылдак эле,

Жаштыгың тоодо кулпурган эле.

Какмалуу бетте камыкпайт элең,

Тоолордо чуркап дамыкпайт элең.

Кыр- кырлап сапты кыраңдап жүрүп,

Үшкүрүп чарчап чаалыкпайт элең.

Узатып конок кетирдиң мерген,

Көптөргө бижи жедирдиң мерген,

Аттантып мейман кетирдиң мерген.

Айылга куурдак жедирдиң мерген,

Санабай конок чакырдың мерген.

Мейманга уча тарттырдың мерген,

Үмүттө келген үйдөгү жанга,

Сыйрымдан шорпо ичирдиң мерген.

Колу ачык дайым кайрымдуу элге,

Үзүлбөй үйгө дос жары келген.

Кудайдын сүйгөн пендеси элең,

Таш - кебек жасап талаада жеген.

Гүлү элең мерген эрте өскөн жаздын,

Жылдырып калем чиймелеп жаздым.

Гүлү элең мерген Сарколдо жаздын,

Токтобой калем санаттап жаздым.

Кабырың нурга бөлөнсүн мерген,

Бергендин сообун көрөсүң мерген.

Гөрүңүз нурга бөлөнсүн мерген,

Гөштөрдүн сообун көрөрсүз мерген.

Конокко сүттүү чай бердиң мерген,

Бейиштен кудай жай берсин мерген.

Калемдин башын бурадым мерген,

Ийилип дуа кыламын мерген.

Учугуң улап уул кызың жүрсүн ,

Кудайдан тилек сурадым мерген.

 

Жаанбай аяш ата

Мен ушул ырымды

Жаанбай аяш атама арнаймын

 

Тоо арасы дале күүлөр жаңырат,

Тоонун эли комуз үнүн сагынат.

Көз алдымда кол ойнотот бир адам,

А, чоң энем улам, улам, жалынат.

Ошол түнү таң аткыча

Жаанбай досум ырдап чыкты...

(Атамдын айткан сөздөрү)

 

Убакыт өмүр өз мөөнөтүн кыскартып,

Жылдар жылып барат узап кыр артып.

А, мезгилдер кыл мурутчан жигитке,

Бубак салат кундуз чачын кубартып.

Комуз чертип ыр ырдап, аяш атам Жаанбай.

Ыр менен көңүл сугарып,

Көктөмдө жааган жаандай.

Кол ойнотуп комуз черткенде ,

Кош сезим жанат жылдыздай.

Кулагын түрөт кыз жигит,

Топоздор калат саалбай.

Совхоздон буйрук жазылып,

Шоопурга милдет тагылып.

Алтымыш алты гүрүлдөп ,

Жөнөөчү көчкө агылып.

Азыр да эстейт менимче,

Ал күндү аяш атам дале сагынып.

Кабинанын ичине, кээде келин кыз түшүп калчу эле,

Шансты кетирбей шоопурлар

Жеткенче ырдап барчу эле.

Кылтылдаган бөтөлкө сиденияга жашынчу,

Ой кырда жүргөн жаш шоопур,

Кынтыксыз кылып жашырчу.

Баарыны жалгыз сокчу эмес,

Бирок Кылт эткизип ашырчу.

Козу өлсө көчтө мууздаган,

Кабырга этин туздаган.

Жүз граммдан ашык иччү эмес,

За рулем,правиланы такыр бузбаган.

Ролду кайрып түздөгөн,

Башкалар окшоп туалетини сүзбөгөн.

Аяш атам барган айылда,

Ошол күнү концерт болучу

Бала чака хаары жаш,

Чогулуп колу коңушу.

Жүрөктү эзип ырдачу,

Миң түркүн ырлар ырдалчу.

Ошондо зоолор да кетчү жаңырып,

Кайберен кийик тыңшачу.

Бараарда кузов бош болчу,

Баардыгы көңүл кош болчу.

Жаанбай барган көчтөрдө ,

Жалаң ыр күү коштолчу.

Эртеңки көчкө таярлик,

Эргүүлөр менен топтолчу.

Кара Дөмөр Мадиян,

Чөпкө барчу Жаанбай.

Комуз чертип Зоо Ташка ,

Көчкө барчу Жаанбай.

Шакарактын түзүндө төрт менен урчу карабай

Теке Чапты ашууда передный кошчу аярлай,

Ырда десе калайык төгүп салчу аянбай.

Пендеге кудай тил берген,

Өнөргө аруу дил берген.

Жандүйнөсүн жалаң гүл кылып,

Жабайга Кудай ыр берген.

Жалындуу кезде иштеген,

Жаш чакта кимдер ичпеген.

Нормадан бир ааз ашканда

Аян болуп Алладан,

Аяш атамды(кызыл гөрдө)

кыздар тиштеген. (тамаша)

Сарыколдун шаңдуу булбулу,

Кызматын көргүн уулуңдун.

Кайберен түнөк ыйык жер,

Сарколго ,таберик болуп туулдуң.

Атамды көргөн атамсың,

Ак көңүл шайыр адамсың.

Ырчы эле эмес мен үчүн,

Бүтүндөй бир чоң ааламсың.

Ардактуу аяш атамсың,

Ак көңүл жакшы адамсың.

 

Маман ака

Жердешим Кудайберди уулу

Маман агама арнаймын

 

Чеш -Дөбөнүн дөңдөрү бийик эле,

Жарты - Гүмбөз мазары ыйык эле.

Кайда кеттиң өзүмдөй көргөн агам,

Көрүнбөйсүз бир барсам кийин эле.

Ыс - Булактын дарыясы узун эле,

Маман акам айылдын түзүгү эле.

Кудайберген ававыз ажы аксакал,

Топоз койлуу бай болчу шүгүр эле.

Кийик аткан саптарың горум эле,

Кулжа сойгон бычагың соонун эле.

Алги качкан сары ат жорго эле,

Чоң казанда саар кеч шорпо эле.

Кара - Балта тарапка кеттинизби ,

Аман эсен кыйналбай жеттиңизби.

Кыргызстан тарапка кеттинизби,

Ак жол берип Кудайым жеттиңизби.

Насип айдап кең Чүйгө бардыңызбы,

Үйрөнүшүп жайланып алдыңызбы.

Сары - Өзөндө мөмө жемиш тердиңизби,

Сары Колдой аркар кулжа көрдүңүзбү.

Ал жерде да беттеп өгүз баса бекен,

Алаң - булаң ат үркүп кача бекен.

Кара - Белес түндө түшкө киреби,

Жүргөн жерлер кээде эске түшөбү.

Кайда болсо аман болсун башыңыз,

Ден соолукта аман эсен жашаңыз.

Ат алсаңыз сары жээрде тандаңыз,

Качырбастан бекем кагып байлаңыз.

Дайым жарык тийип турсун күнүңүз,

Бак таалайда бакубат жашоо сүрүңүз.

Кез кездерде ,бир кылчайып өткөнгө,

Жердештерди бизди эстей жүрүңүз.

Кез кездерде бир кылчайып өткөнгө,

Жердештерди ,бизди эстей жүрүңүз.

Жол жумушчуулары

Кызыл Артта жол жумушчуусу Таалайбек ака, жана булдозеристь Амантай ака, мен төрт күн сиздердин чайиңиздарди ичтим. Сиздердин мага кылган жардамыңыздарды унутпайм. Бар болгула бороондуу белдин, чыдамкай, эмгекчил, ак көңүл, боорукер адамдары. Сиздерге жана Кызыл - Арт ашуусуна менден таазим.

 

Кызыларт, бороон улуйт кар уютуп,

Түйшөлөм чылымымды күйгүзө албайм.

Ар - сар ой туңгуюктай эртеңкиси,

Жолчулар булдозерин жүргүзө албай.

Не айла а биз сыртта үшүп жүрдүк,

Жүр ,жүр ,дейт жүргүлө деп үйгө кирдик.

Жылуу чай эриткенде көңүлдөрдү,

Жылмайып өзүбүзчө күлүп турдук.

Кызыларттын белинде,

Амантай ака Таалайбек.

Бороон урган кокту бел,

Жыргалыдан түйшүк көп.

Союздан калган эстелик,

Жүрөөр жүрбөс булдозер.

Тамак аш болсо көңүл ток,

Жарытарлык көмүр жок.

Жогорудан жардам бергенге,

Чоңдордо неге көңүл жок.

Жыгачы сынып жыртылган,

Зым менен байлап тартылган.

Жараксыз эски үйлөрдө,

Жолчуга милдет артылган.

Чатыры калган тешилип,

Эшиги сынып жешилип.

Чарчаган шордуу шоопурлар,

Капарсыз уктайт көшүлүп.

Эшикте жатат эски зым,

Троско кошо эшилип.

Мезгилсиз чылым түтөткөн,

Коногу көп жүдөткөн.

Бет маңдай урган шамалы,

Демиңди кысат түтөктөн.

Алсызды кудай жөлөйбү,

Кызыларт бели көйгөйлүү.

Жүз үйрүп таштап койгудай,

Өкмөткө бул жер өгөйбү.

Же Сарколчуга эле керек деп ,

Атайлап көңүл бөлбөйбү.

Пордөбөдөн пограндар ,

Постон келип сүт сурайт.

Кызыларттан таможный ,

Демитип келип жытыркайт.

Билбемиш болуп сөз сурайт,

Тамшанып келип суу сурайт.

Жыртык тамда канттиң деп,

Жылмайып келип ким сурайт.

Уңгулуу жолду ким улайт,

Карлуу жерде кантти деп.

Кайрылып келип ким сурайт,

Этеги кыска жеңи узун ,

Эстүүлөр элин эстебейт.

Эскиче чөп жесе да,

Эч качан эшек кепшебейт.

Адамдын ары болбосо ,

Айткандарга кеп жебейт.

Тамтыгы чыккан жолдорду ,

Такыр эч ким эстебейт.

Даткалар ашкан дабаанды,

Эмнеге эч ким эстебейт.

Бирок билип алгыла,

Улуу Жибек жолунун ,

Босогосу Кызыларт.

Өтүп кеткен тарыхтын

Коңгуроосу Кызыларт,

Улуу журтун катташаар

Көпүрөсү Кызыларт.

Кыз Жибектин көөнөрбөс ,

Шөкүлөсү Кызыларт.

Кар ээрисе түбүндө

Музу калган Кызыларт,

Олуя Ата, Баабанын

Изи калган Кызыларт.

Сайга түшүп эзилип ,

Дабаа болуп ичкенге.

Ак тулпарчан эшандин

Тузу калган Кызыларт.

Жолчунун көрүп күрөгүн,

Эзилип жаман жүдөдүм.

Үйүнүн көрүп эскирген,

Ачышып кетти жүрөгүм.

Тешилип сынган эски там

Оңдолсо деп тиледим,

Эл кыйналбас сапарда

Жол болсо деп жүрөмүн.

Кызыларт жолу сүрүлүп,

Түздөлсө деп тилеймин.

Эл журтум жүрсө кыйналбай ,

Ушул эле менин тилегим.

Обида жок эч кимге (тамаша)

Ушул эле менин тилээрим.

 

Чейме ака

Биз Чейме ака экөөбүз Дүйшөмбүдө он беш

күндөй жүргөнбүз (атамдын эскерүүлөрүдөн)

 

Чейме ака экөөбүз Дүйшөмбүдө жүрөбүз.

Тоок этине тойо албай ,

Тамак аштан бир ааз жүдөйбүз.

Керилип басар кокту жок,

Үйдөгү даамдуу шорпо жок.

Камырында чөп чар көп,

Чаңкоону басар көк чай жок.

Жалгыз эмес үчөөбүз,

Газ суудан улам ичебиз.

Күндүн урат аптабы,

Ыссыкта терлеп түтөйбүз.

Салкындап уктаар убакыт жок,

Мөлтүр кашка булак жок.

Ызы чуудан чарчайбыз,

Тынч уктаарга кулак жок.

Жалбырактуу курма көп,

Биздеги кара куурма жок.

Чайханада жүрөбүз,

Мурч кошулган мантыны,

Май агызбай кармап жеп.

Суутуп чайды үйлөйбүз,

Сарыколдун гөшүн сүйлөйбүз.

Жыты келсе келсе килканын ,

Жактырып анча сүйбөйбүз.

Гиссардын кара дарбызын,

Ортосуну ойобуз.

Нанга кошуп сугунуп ,

Курсан болуп тойобуз.

Ээ балам, көп жолду бастык сыдырып,

Көп жерди көрдүк кыдырып.

Баа баркын билдик ошондо,

Садагаң Сарколдой жердин кадырын.

Чыйралдык талаа түздөрдө,

Үзөңгүлөш болдук көптөргө.

Тагдырдын насип буйругу,

Таберик ырыс бөктөргө.

Баамдап билдик уңгусун,

Сарыколдун ичтик туз суусун.

Ашыгын чертип чер жаздык,

Журтумдун ойноп ордосун.

Чейме акадай кыраандар,

Үзөңгү кагыш көп жүрдүм.

Шаарда эстеп Сарколду

Тооктун гөшүн жеп жүрдүк.

Сагынып тоонун гөшүнү,

Артынып далай жеп жүрдүк.

Көп жолду бастык сыдырып,

Көп жерди көрдүк кыдырып.

 

Апа

Бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен

апам Маматкулова Жамбыхандын

жаркын элесине арнаймын

 

Кызыл -Жылга ,кызык жылдар ,кызгалдак,

Кырдын баары кыйма чийме көрүнгөн.

Кыйланы айтат кыял ойду терметип,

Картаң эне көргөн күнү жөнүндө.

 

Өмүрдү айтат , өткөн күндөн кеп айтат,

Жаштыкты эстей жалын күнүн көп айтат.

Түндүк түрө албууттанат боз шамал,

Каран калгыр күчөйт улам мындайда.

 

Кызыл - Жылга,Кызыл - Белес ,Кыз -Мазар,

Кырда энелер таңды күтө турушат.

Көптү көргөн, көптөр көргөн бул тагдыр,

Элестетсем эсимди ээлейт бир чоң шаар.

 

Кулжалуу-Төр баштык илген куу бакан,

Күрпүлдөгөн мөлтүр кашка мөңгү суу.

Картаң эне көрөңгөлүү апалар,

Көз алдымдан кетпей турат элеси.

 

Кызыл -Жылга, кызык жылдар , кызгалдак,

Жандүйнөмдө жашай берет элеси.

 

Айсалкын Жунус кызы

Кытайлык кыргыздардан чыккан

булбул үндүү ырчы

Айсалкын Жунус кызына арналат

 

Муз - Тоо ата асман тиреп бийиктир,

Күн шооласы кыл чокуга тийиптир.

Кылкылдаган сан кытайдын четинде ,

Бир кыргыз кыз таңшып ырдап жүрүптүр.

 

Кызыл-Суунун жээгини көп бойлоп,

Кыраң - Белде кыргыз күүсүн кол ойнот.

Кырк чилдеде кызыл гүлдөй кулпургун ,

Соолубагын шамал соксо бороондоп.

 

Күмүш топчуң жарашып ай жүзүңө,

Кырдан ырдап комуз черт жер жүзүнө.

Жарашып өс , ылайым жанашып өс,

Ак чокулуу Ак- Тоонун гүлдөрүнө.

 

Кызыл - Суунун жээктерин көп бойлоп,

Кыраң - Белде комуз чертип кол ойнот.

 --------------------------------------------------------------

 

berdibaev-mergen-arnoolorӨскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.