Ө.Бердибаев "Андан бери..."

Ө.Бердибаев "Андан бери..."

Ушул ыр саптарын кайталангыс талант Миталип Жумабаевдин жаркын элесине арнаймын.

 

Андан бери жылдар өттү көпөгөн

Кимдер келди кимдер кетти дүйнөдөн

Аркарыңыз түнөгүнөн кайта элек

Мезгил өктөм суу түбүнө чөкпөгөн

 

Андан бери суулар акты көптөгөн

Жаштык өттү өтпөөчүдөй көрүнгөн

Аркарыңыз түнөгүнө кайта элек

Күтөт окшойт сизди наркы дүйнөдөн

 

Алтын доор ошол алтын адамдар

Артыңардан биздин баскан кадамдар

Кайберендер түнөгүнөн кайткыча

Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар

 

Ырдын пири Алыкулдун ырындай

Узак узак болсун болсун бул сапар

Кайберендер түнөгүнөн кайткыча

Балким кайра жолугушчу күндөр бар...

 

Өскөнбай Бердибаев

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.