Бекмамат Байсеитов: "Ырлар жыйнагы"

Бекмамат Байсеитов: "Ырлар жыйнагы"

Жайлоосу сонун Сары-Колдун

Сагыныч санаа ырларды,

Кусалык көпкө кыйнады.

Жаштыгым сенде болгон деп,

Жүрөгүм бүгүн ыйлады.

 

Ак-жылга жайлоо элеси,

Тартылат көзгө желеси.

Кой багып жүрөк сырларын,

Кошунам айтып бербеспи.

 

Ал баян ырдан башталат,

Ырларын уксаң жаш тамат.

Махабат дартын сактаган,

Ал акеме ырахмат.

 

Кой багып коштоп экөөбүз,

Кеч кирип чогуу келебиз.

Чыдабай ашык отторун,

Сырларын шунтип женгенбиз.

 

Ал акем азыр алыста,

Турмушуң улап жарышта.

Чакырсам жообу бул болот,

"Ээ укам кол тийбейт азыр барышка."

 

Ат жайлоо ичи кең жайыт,

Анда да жүрдүк ажайып.

Атайлап эми барыш жок,

Алыска кетип ал калып.

 

Кулукей ичи тар болчу,

Тар болгон менен шаң болчу.

Ашыкең алып комузун,

Жылгама дайым ыр кончу.

 

Осукем ойго батчу эле,

Обонго ырын салчу эле.

Ошо кезде мен жашмын,

Ойногонум калчу эле.

 

Машыкем минип сары атын,

Малдын билген азабын.

Акылман кебин көп эле,

Айтып бир калчу санаатын.

 

Аяш акем Жусукем,

Ал дагы жанда турчу эле.

Аябай кызык сөздөрдөн,

Айтып ачык курчу эле.

 

Ушинтип жайлоо Сары колун,

Аябай көпкө болгонмун.

Арманым акем жоготуп,

Муңканып ичке толгонумун.

 

Балдарыма белегим

Балдарым бакыт жолун улап келет,

Күнүмдүк бул жашоомо кубат берет.

Кээ күнү капалыка батып калсам,

Бактыма алтындарым баарын жеңет.

 

Сөздөрү ширин шекер кичинемдин,

Сагынып узак кетсем эзилемин.

Жумуштан чарчап үйгө келгенимде,

Сөздөрүн угуп анын жеңилдеймин.

 

Жараткан балдарыма бергин бакыт,

Береке өмүрлөрү, суудай агып.

Баарынан сый урматын көрөйүнчү?

Бакытка бул башымды жөлөйүнчү?

Көл толкуну

Күз кечи,толкуп турат көлүм менин,

Кусама толуп турат ошол сезим.

Өткөндү эске салып ойго баттым,

Балалык бакыт болгон жаштык кезим.

 

Кыш кечи,аппак болуп тазарасын,

Бал уйку таткан окшоп жанашасын.

Өзүңдөй сулуу таппай табийгаттан,

Чынында кооздуктарда ханышасын.

 

Жаз кечи,жанга батат толкун деми,

Чакырып тээ узактан өзүн мени.

Сырымды сага гана айтканым чын,

Сагынып турганым да Көлүм сени.

 

Жай кечи,жанга батат салкын желин,

Күч кубат кусалыкта берет демиң.

Айланып аалам кезип кетсем дагы,

Кусалык курчап калган көлүм сенин.

 

Классташтар кайда алтындай

А дегенде ,,А"тамгасы айтылат,

Айтылбаган сырлар ичке катылат.

Амансыңбы кайда жүрбө классташ,

Бул ырларым акындыктай айтылат.

 

Бирге окуп,бирге жүрүп ,бир күлүп,

Эң бир сонун жакшы күндү бир сүрүп.

Классымда бир партада баарыбыз,

Эже агай сабактарын биз күтүп.

 

Кээ күндөрү биз кыздарды ыйлатып,

Душманыны жеңген өңдүү кыйратып.

Жүргөн күндөр такыр эстен кетпеди,

Неге бирге жүрбөгөнбуз сыйлашып.

 

Балалыкта баркын анын билбедик,

Жакшы сөздү кулакка да, илбедик.

Тагыраагы таарынчбы баары бир,

Таазим кылып башты паска ийбедик.

 

Мына эми кыркка чыгып барабыз,

Бир бирибиз кантип эми табабыз.

Кудай буйруп жыйырма жыл келсе бат,

Алтымышка өмүр атын чабабыз.

 

Асылым кымбат Ата-энем

Суроо келет сени баккан ким деген?

Ал албетте аздектеген Ата-энең.

Суроо келет, алар үчүн эмнең бар?

Деген сөзүң жүрөгүңдү канатар.

 

Алар кымбат,билсең эгер жашоодо,

Жакшы сөзгө дайым тураар атоого.

Кадырыны көзү барда билбесең,

Шылтоо болот сага окшогон жалкоого.

 

Ал бир конок,үйдүн көркү карылык,

Куту болот ошол үйүн ачылып.

Алар келбес узак сапар кеткенде,

Пайдасы жок,өткөн ишке зарыгып.

Жасаламалуу өмүрүңө таарынып.

 

Алай району

Сары-Могол айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.