Бекмамат Байсеитов: "Кыштагымдан бир элес" (ыр саптар)

Каалоо болсун элиме!

(Дасторкон, тамак аш боюнча 1-орунду

алган жердештериме арналат)

 

Сары-колдо жаңылыктар,

Болсунчу жакшылыктар.

Кыштакта сүйүнгөндөн,

Көп болсун каткырыктар.

Көңүлгө катуу кеткен,

Болбосун бакырыктар.

 

Жараткан эли журтка,

Жаадырсын жакшылыктар.

Кара-Көл атак алып,

Көбөйсүн азаматтар!

 

Аллахым элге берсин,

Амандык дайым келсин.

Кылынган кызмат үчүн,

Журтума оомат берсин.

 

Жамандык иштер болбой,

Көп жакшы болсун тойлор.

Көралбас көздөр болбой,

Эң кымбат сөздөр болсун.

 

Жайылган дасторконго,

Жаннаттык жемиш толсун.

Журтума жараткандан,

Жалпыга бакыт консун!

 

Кара-Көлүм сулуусуң

 

Сырдашып сени менен тургум келди,

Сагынып бет сылаган салкын желди.

Балалык баалуу күндөр эсте калган,

Керемет кандай сонун көлдүн жээги.

 

Толкунуң жээкке карай шашып келет,

Көңүлгө көтөрүлүп дем күч берет.

Тээ кылым жашап келген тарыхыны,

"Тыңша деп"- толкун болуп күүлөп чертет.

 

"Кулукей" ашуусунан карап турам,

Шамалга энтиккенсип сенден улам.

Суктанып карап туруп сугум артып,

Ичимден айылыма маек курам.

 

Кыштагымдан бир элес

 

Айыл ичи свет жанчуу кечинде,

Тытыраган дизел үнү эсимде.

Ары бери биз жүгүргөн көчөдө,

Балалыктын катылыптыр изинде.

 

Мезгил эшип бул өмүрдүн арканын,

Байкабапмын канча таңдар атканын.

Бүгүн мына бир кылчайып карасам,

Балалыкты 40жаш курчап алганын.

 

Бекмамат Байсеитов

Мургаб району Кара-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.