Балтабай Полотов: "Жеңемдей боло көрбөсүн" (ыр саптар)

Балтабай Полотов: "Жеңемдей боло көрбөсүн" (ыр саптар)

Кээ бир кыз

Кээ бир кыз керимселдей бойду сүйөт,

Кээ бир кыз терең акыл ойду сүйөт.

Болбогон ушакчынын сөзү менен,

Жигитин таштап койуп жигит сүйөт.


Кээ бир кыз жигиттерди көрүп сүйөт,

Кээ бир кыз жигиттерди көрбөй сүйөт.

Акыры насип буйруп кошулган кыз,

Жүрөгү сызык болуп майдай күйөт.


Кээ бир кыз ата энесин тилин албайт,

Кээ бир кыз үйрөнгөнүн кылбайт кылбайт,

Кээ бир кыз көңүл менен көчө издеп,

Бечара жигитинде тыйын калбайт.

 

Жеңемдей боло көрбөсүн

Кадырман жеңем баяны,

Качанда көрсөм баягы.

Ар дайым барсам жумулбайт,

Аш ичкен идиш аягы.


Тасмалда чайнек чөгүнү,

Тазараак болбойт өмүрү.

Тамак -аш аскан жеринде,

Ташыган оокат төгүлдү.


Айылда жүрсөң кыйындай,

Акчаны кармайт тыйындай.

Төрүнү барып карасаң ,

Төшөгү жатат жыйылбай.


Түйдөк бир чачы бузулбайт,

Түрдөнөт жеңем ушундай.

Боёнуп чыкса көчөгө,

Бойдок бир сөкүр кызындай.


Айыл аймак жактыбы,

Билбеймин шаар жактабы.

Жеңемдей боло көрбөсүн,

Азыркы заман кыздары.


Ыраң-Көл алтын бешигим

Булуту кетбей башыдан,

Бүркүтү учат ташыдан.

Ыраң -Көл учкан уямсың,

Эч качан кетпес эсимден.


Каз өрдөк сүзүп көлүндө,

Аркары жүрөт төрүндө .

Ыраң-Көл алтын бешигим ,

Эч качан кетпес көңүлдөн.


Жайлообуз "Мамек" чалкалап,

Жайылат малы кыркалап.

Береке тоодо турбайбы,

Бетеге шыбак жыттанат.


Ыраң-Көл менин аймагым,

Топоздун жедим каймагын.

Сексенге жетип калсам да,

Кайрат күчтөн тайбадым .


Балтабай Полотов

Мургаб району Ыраң-Көл айылы


Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.