Асанкул кызы Калила: "Сары-Колум" (ыр саптар)

Сары-Колум

 

Мейкиндигин улуу тоолор курчап турган,

Суктанып чет элдиктер көңүл бурган.

Таштаба Сары-Колумдай ыйык жерди,

Суранам мен баарыңдан кыргыз тууган.

 

Туу тутуп мекен кылып Сары-Колумду,

Илгертеден ата бабам жашап келген.

Сары-Колдой ыйык жерде кор болбойсуң,

Себеби олуялар бата берген.

 

Тоосунда бүркүт шаңшып сайрап турган,

Тоосунда улар шаңшып сайран курган.

Сары-Колдой ыйык жерге мен ар дайым,

Ийилип, тизе бүгүп таазим кылам.

 

Таджикистаным

 

Көз каранды союз доорунда,

Эгемендик алып колуна.

Өркүндөй бер гүлдөп өсө бер,

Өз тагдырың эми колуңда.

 

Эркиндиктин туусу желбиреп,

Эл-Журтума күчтүү дем берет.

Өркүндөй бер гүлдөп өсө бер,

 

Азаттыктын улуу жолунда.

Ар улуттан турган калкым бар,

Өз элиңе кадыр баркың бар.

Көк мелжиген бийик тоолоруң,

Каухар, күмүш мүмкүн алтын бар.

Өз элиңе кадыр баркың бар.

Бүт дүйнөгө жеткен даңкың бар!

 

Асанкул кызы Калила

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.