Алтынбүбү Рысмахамат кызы: "Сен менин бар арманым" (ыр саптар)

Тарыхка ыр сап

Ажайып дүйнө сулуу

Өзүнө тамшандырган

Атырган таңдар сырдуу

Көркөмү көз кадырган

Антсе да арман-арзуу

Көңүлгө калыптанган

Кусадар сезим муңдуу

Көөдөнгө сыйбайт улам

 

Жараткан керемети

Жашоонун термелгени

Жан дүйнөм кыйналгансыйт

Жаштыкты эстеп ээми

Жаңырып саат жебеси

Жарышып тетикери

Жабыркап тургансыймын

Жаштыкты дегдеп ээми

 

Байкатпай жылдар жылып

Баратат кайда сызып

Баары өтүп көз алдымдан

Балалык нечен кылык

Баркталбай калдың кызык

Бааланбай сезим ыссык

Башталган учкун сүйүүм

Башкача мүнөз сылык

 

Өмүрдүн өттү шаңы

Өкүнбөйм калды баары

Өзгөрдүм байаакыдан

Өнөрдөн таптым даары

Талантты кабыл алдым

Тамызбайм көздүн жашын

Тамгалап, сөздөн терип

Таарыхка ыр сап жаздым.

 

Чогулалы курбулар

Билим күнү шаңга толуп айланам

Биринчи ирээт ак мектепти аттагам

Ошол күнү көп бакытты таап алып

Келечекке чоң кадамды таштагам

 

Мен ошондо билим үчүн каттагам

Мектептеги күн тартибин жаттагам

Агай эжей келатканда адептүү

Саламдашуу парзым эле карманган

 

Он жыл бойу бир уяда ээрчишкен

Ошол курбум, классташым эстесем

Окуучулук күндөр кымбат табылгыс

Өзүңөргө саламдарым жетсе экен

 

Биз ал кездин кадырына жеттикби?

Билим менен элге кызмат эттикби?

Мунун баарын бир чогулуп байкайлы

Он жыл бойу кыйын тагдыр кеттикби?

 

Кымбат мага курбуларым күлүшүң

Айаштар да жаман ойсуз түз түшүн

Мектеп менен мекенге бир чогулуп

Сагынычты таркаталы кел бүтүн.!

Адамдарга үмүтүм

Аалам биздин пайдабызга жаралган

Адам-ата, Оба- энеден таралган

Келген менен бул жарыкка ыңаалап

Кетээрибиз анык тура кайрадан.

 

Төрөлгөндө билбечи элек эч нерсе

Төгүп мээрим, чоңойтушат ата-эне

Төп көркөмү, адам сулуу, сырдуу да

Төлөмү жок нейматтар бар билгенге.

 

Адамзатка акыл берген жараткан

А адамдар аны кайда сарптаган

Айбанаттар акылы жок болсо да

Алар баары кызматы адал байкасам

 

Өсүп турат жерден далай ырыскы

Өндүрөбүз, көбөйтөбүз кызыгы

Өзүбүзгө жазылган бир тагдыр бар

Өмүр бүтөт; ченеми бар сызыгы

 

Канаттуулар кайкып учса көкөлөп

Карап турсам,караандары жок болот

Асманда бар байкайм сырдуу ал дайым

Катылгандай сырлар анда түрмөктөп

 

Балким биз да көккө учуп бараарбыз

Жер алдына сөөгүбүздү катаарбыз

Бул жашоонун сынактары бүткөндө

Түбөлүктүү жашообузду табаарбыз

 

Ойлоп ойлоп чече албасак түйүнүнүн

Адам алсыз, унутчаак деп бүгүлдүм

Кечир Аллах! кечире көр кулдарың

Бейиш болсун дарегибиз-үмүтүм.

 

Туруксуз

Алыстаар болсоң кайрадан

Арзыдың неге?-өзүмө

Өзгөрүп кеттиң бат эле

Айтып кой?-менде не күнөө

 

Бөлүнөөр болсоң кайрадан

Бөлөдүң неге?-сүйүүңө

Бурулуп кеттиң туруксуз

Болдубу?-менде көп күнөө

 

Сүйүктүүм деп сени неге тандагам

Сүйдүрүп да, сүйүлүп да арбаган

Неге? неге? -деген гана суроолор

Көңүлүмдү өйүп жашайт ар качан

 

Ал кезде жүрөк шордуу сен деп жүргөн

Арзыган жандар калып көз жаздымда

Сага окшоп туруксуз жан болгум келбей

Азыр да жашай берем жалгыздыкта.

 

Сен менин бар арманым

Сага тартылам

Кыялга арбалып

Сага кол сунам

Кылыгың эске алып

Сен деген көңүлүмдү

Кайтара албадым

Өзгөчө мүнөзүңдү

Башкадан байкабадым

Буулуккан күндөрүмдү

Мен кимге айтайын

Бурулуп күлгөнүңдү

Эңседим ан-сайын

Үзсөм да үмүтүм

Сени ойлоп күнү-түн

Каректе элесиң

Кылчайып күлүшүң

Мендеги бар сезимди

Кастарлап байкабадың

Тагдырга багындырган

Сен менин бар арманым.

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.