Алтынбүбү Рысмахамат кызы: "Мекенчил сезимдериң" (ыр саптар)

Мекенчил сезимдерин!

Мургап деп аталганда элжиредим

Музтак-Ата бийик тоом эске келдиң

Дүйнөгө таң агарат бир өзүңдөн

Мунарым ар убакта эсимдесиң

 

Сары-кол деп эшиткенде апкаарыдым

Сапырылган шамалыңды ойго салдым

Сагынычым, сан ойлор өзүңө артып

Санаам сенде-мекеним,ыйык калкым

 

Памирим дүйнө элине сырдуу жерим

Аскалар көк тиреген, сыймык-демим

Атыңды уксам кулак эрксиз тыңдайт

Мекенчил менин тунук сезимдерим

 

Раң-Көл берекенин уйуткусу

Ыр ышкысын таптаган кудук- суусу

Сагынып алыстарда жүрсөм дагы

Киндик кан тамган жерим өзүң сулуу!

 

Мендеги сендик сезимдер!

Туйуктук мүнөзүңдү ача албадым

Түшүнүп жан дүйнөңө бата албадым

Негедир сырдуу болуп кезиктиң да

Коштошуп бурулуп да кете албадым

 

Үн сөзсүз мүнөттөрдөн жаалыгамын

Үңкүйгөн мүнөзүңө таарынамын

Негедир мамилебиз сууп баратса

Жоготуп албасам деп камыгамын

 

Көңүлгө бүлүк салып сүйө бердиң

Көндүрүп мүнөзүңө жүрө бердиң

Негедир жар болбосту билсек дагы

Кош дешке даай албастан жүрө бердим.

 

Учурбачы махабаттын үмүтүн!

Көрбөй калсам сагынып күчтүү болдум

Көңүл бөлүп сүйөөрүмдү сезчүү болдум

Эмнеле бир өзүңө айта албай

Артыңдан көп санаалар чекчүү болдум

 

Көңүлдүн талабына ээнчи болдуң

Көөдөнгө сактоодо мен элчил болдум

Ашыктык сезимимди сунуп сага

Айрылбаймын мен ээми дечүү болдум

 

Жараткандан тилине берчүү болдум

Жактырамын жолумду кош дечүү болдум

Өзүңдөн бир сыйкырдуу сүйүү күтүп

Көңүлдүн төрүн сага арнап койдум

 

Учкундары сезилгендей сүйүүңдүн

Ууртуңда бар жагымдуу бир күлүшүң

Уйаңдыгың жан дүйнөңдү тизгиндеп

Учурбасын махабаттын үмүтүн

 

Көргөзбөйүн ичте жаткан муңумду

Көмүскөөдө абайлайын сырымды

Көз жашымды тамызсам да жаздыкка

Күтүп жүрөм махабаттык сырымды.

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.