Акылбек Атабаев: "Улар үнү жаңырган улуу тоодо..."

Акылбек Атабаев: "Улар үнү жаңырган улуу тоодо..."

Улар үнү жаңырган, Улуу тоодо,

Бүркүт үнү шаңшыган, Аска зоодо,

Аккалпакчан Кыргыздар, Мөңгү өңдүү,

Асман тиреп турабыз Сары-Колдо.

 

Кайберенге пааналап сүкүт чалып,

Манас ата, Манас деп ураан тартып,

Тизе бүкбөй Кудайдан башка жанга,

"Ата журтун" Манастын биз кайтарып!

 

Манас атам баскан деп издерини,

Жылга жыбыт, коктуда биз жашайбыз.

Бүгүн бөлүк жерибиз бөтөн элде,

Арасатта турабыз өгөйлөнүп..

 

Күйгөн-токой, Жыланды жерлерибиз,

Көгөндө кишинебейт кулунубуз.

Булуң-Көл, Зор-Көл, Жашыл-Көлдө,

Аңырдын үнүн угалбай убарабыз...

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.