Ак-Аркар, же асман-генерал тууралу баллада

Ак-Аркар, же асман-генерал тууралу баллада

Мургабдык карыя Абло Пармановдун

жаркын элесине арналат

 

Ак-Аркар!

Мекенисиң кийиктин,

Мекенисиң бийиктин.

Ак-Аркар!

Ылдыйды карасаң ыманың учат,

Өйдөнү карасаң тумагың учат.

Биз тоого кычап,

Тоо бизге кычап,

Жаанбай экөөбүз

баратабыз аскердик машинада

тоого коңуздай жармашып.

Жолдогу таш менен арбашып.

Аты эле жол,

Ат жол да мындан жакшы.

Асмандап баратабыз,

Баскандай зымдан дарчы.

Таштар ташты атып түшкөн,

Ээндик өзүнөн да ашып түшкөн.

Эч ким жок,

Как эткен карга жок,

Кук эткен кузгун жок.

Бир дагы дарак жок,

Бир куштун барбы уясы?...

Тизилет тоолордун армиясы.

Даяр жүрүшкө.

Буйрук берсе эгер ал,

Асман-генерал.

Ак-Аркар!

Бийиктикте шаң кураган.

Кылымдын храмдары заңгыраган!

...Тарыхтан карасаң барактардан.

Манас жүргөн улуу Памир,

Тажиктерге карап калган,

Кыргыздын көп жерлери каракталган.

Мургабда 98 пайыз кыргыз жашайт,

Анан кантип тажикке карап калган.

Калдыңбы күчкө көнүп,

Андан көрө жакшы эле го,

Атыңдан түшсөң өлүп.

Россия, Кытай, Англия,

Кетишкен жериңди үчкө бөлүп улак тартып.

Азыр да көз артышат кулак тартып...

Ак-Аркар!

Арып-азып барып келдик.

Топоз баккан чабандын

жалгыз кызын

мектепке алып келдик.

Элден алыс, жерден алыс,

Куш жете алгыс,

Улуу тоодо,

Жашайт жапан чабан жалгыз.

Мына кыргыз табияты,

Эч бир адам түшүнө алгыс...

Кыргызды билиш үчүн,

Тоолордун тилин билиш керек.

Тоолордун тилин окуткан мектеп барбы?

Кыргыздардын

Улуу Тоо Академиясын,

Улуу Тоо тарбиясын,

Улуу Тоо философиясын,

Улуу Тоо армиясын

билген барбы?

Адам барбы аны баштаар,

Жаңы Манас, Жаңы Барстар.

Кыргызды жеңе албайт,

Эшек жеген каңгы баштар.

Мистеси, бадамдары,

Мистери, мадамдары.

Түшүнбөйт кыргыздарды,

Түз жердин адамдары...

 

ak-arkar-zhe-asman-general-tuuralu-ballada 2Өмүрбек Тиллебаев акын, жазуучу

Бишкек. Көлмө.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.