Агайыбызга арналат (сүрөт)

Эл агартуунун отличниги, ардактуу чек арачы , ветеран интернационалист Жоробеков Базарбай агайдын жаркын элесине


Пышарттын суусу шар агат ,

Адамдан асыл жаралат.

Жарыгы жанса жакшынын,

Ааламга нуру таралат.

Олтуруп эстеп жазганым,

Ортодо бийик орду бар.

Омоктуу ойду көп айткан,

Агайыбызга арналат.

Гүл чыккан белди көп ашкан,

Адашпай байкап төп ашкан.

Көрөңгөлүү сөөлөтү,

Көркөмүнө жарашкан.

Тарбия берип жаштарга ,

Уядан бүркүт учурган.

Балапан багып бапестеп ,

Темир канат куш кылган.

Жараткан жалгап жалпыга ,

Жакшы адамды туш кылган.

Мектепти оңдоп түздөгөн,

Жигитке өнөр үйрөткөн.

Атайлап келсе сынчылар ,

Тике карап сүрдөткөн.

Орустар барктап сыйлаган,

Кадырлуу эле кыйлага.

Баарына калыс мамиле,

Кыянаттык кылбаган.

Кызылын терип тектирден ,

Кыз уулун мыкты өстүргөн.

Кырааны болуп бүркүттүн ,

Кыялуу жолдо көп жүргөн.

Асманда каалгыйт булуттар,

Өткөндү сезим унутпайт.

Кийикте жүрөт турукта,

Күндөрдү тарых унутпайт.

Алтындай асыл адамдар,

Эли журт эстейт унутпайт.

Жай берсин кудай бейиштен,

Ордунуз ойлойм бейиш деп.

Бир элес жашайт көптөрдө,

Сиз менен жылуу көрүшкөн.

Бир сезим жашайт эл журтта ,

Күндөрдү чогуу бөлүшкөн.

Асманда каалгыйт булуттар,

Өткөндү тарых унутпайт.


agaiybyzga-arnalat 2
agaiybyzga-arnalat 3
agaiybyzga-arnalat 4

 

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.