АДАБИЙ БЕТ: "Сарыкол элестери"

КУРБАНТАЙ

Курбантай суунун төрүсүң.

Жап-жашыл болот өрүшүң.

Жазында жайнап гүлдөрүң,

Шаңшыган булбул үндөрүң.

 

Айылдын өзүң төрүсүң,

Суктантат элди өрүшүң.

Булагы тунук шар аккан,

Мүрөктүн суусу көрүшүң.

 

Курбандай суунун булагы,

Ынтымак элдин турагы.

Жанып бир турсун ар үйдө,

Ынтымак коошун чырагы.

Джусупов Абдилмажит

 

САРЫКОЛ БАЙЛЫКТАРЫ

Байлык көп деп Сарыколдо баарысы,

Көз артышып дүйнөнүн жарымы

Байлыгына чынында эле баа жетпейт,

Алтын, күмүш, аркар, кулжа баарысы.

 

Асман тиреп аска зоосу мелтиреп,

Токтойтурчу алдагы да байлыкбы?

Эр намысын коргогон Токурбек менен Көкөнбек

Ал байлык эмес эмне дейт?

 

Жылдыздар жымыңдап асманда,

Топ-топ болуп минтишет

Эл башкарган дайыма Орозо, Назар, Гожо, Камалдар

Күмүштөн кымбат байлык дейт

 

Шаркырап тоо суулары оргуштап,

Ысык суулар бүрк-бүрк кайнап сөз узатышат.

Өсүмдүк такыр бышбайт деп капа болбо,

Токур, Койчубай, Алымкул, Боронбай агайлары

 

Жылы бою мөмө берген дарактан артык го дейт.

Таң атып жер бетине келе жатканда,

Ышкырып тоодон улар үнү угулат.

Муса, Саткын, Надыр, Жамийлалар

 

Ырдаганы бизден эмне кем беле дейт.

Көз чаптырсаң айланага,

Кыш ак халатын кийип алган жердин бети.

Сайит, Туратбек, Гулипалар

Ак халатын чечпеген го дейт менден бетер.

Абдирашид Небереходжоев.

 

САРЫКОЛ ЭЛЕСТЕРИ

Сарыкол тоосу бийик талаасы кең,

Өсүмдүгү жапыз өскөн жалгыз терскен.

Ойлосоң алар кантип жашашат дейт

Аллахым берекесин төгүп берген.

 

Сарыкол кышы узун, жазы кыска,

Кокту-колот, толуп турат таза сууга.

Аккан сууда батпай келет балыктары,

Тоолоруна берип койгон байлыктарды.

 

Сарыкол айырмасы башка жерден,

Түтөгү бар, жери бийик

Өсүмдүк өспөйт деп таң калбагын

Тоолору толуп турган жалаң кийик.

Абдирашид Небереходжоев.

МЕКЕН ЫЙЫК

Мекен ыйык бир төрөлгөн кишиге,

Ким сүйбөсүн өз мекенин дилинде.

Өнүгүүдө биздин ыйык кең мекен

Өсүп жаткан жаңы доор ичинде.

 

Өзгөрүлдү шаарга айланып мекеним,

Мургабымдын жетишкенин дегеним.

Илимдүү да, билимдүү да көп өткөн

Унутпайбыз алар сыймык экенин.

 

Ар-намыстуу тоолук элбиз биз дагы,

Ата-баба жолун үзбөй уланткан.

Жашап сүйүп, ата-журттун урпагы,

Памир, Сарыкол – турак болуп Мургабым.

Айзаада Жуниева.

 

ЫЙЫГЫМ-ТАЖИКСТАН

Ыйыгым-Тажикстан кең мекеним,

Өзүңө мен сыймыктанып келемин.

Кайда жүрсөм жүрөгүмдө, түпкүрдө

Бийик тоону мекендеген элдерим.

 

Кыргыз-тажик достугуна тан берем,

Мекен үчүн эмгектенген эл менен.

Бекем болуп биримдикти кетирбей

Мекен үчүн кайтпас кайрат дем менен.

 

Тажик өлкөм көрккө келди келишкен

Өсүп жатат, билим жактан жетишкен

Өлкө башчысы Эмомали Рахмон,

Тынчтык үчүн коргоп келет мекенин.

 

Таазим кылам Президенттин ишине,

Ынтымакты, эл достугун түзүүдө.

Канча эмгек жумшаганы анык да

Өлкө өстү “Улуу көсөм” күчүндө.

Айзаада Жуниева.

 

ЖАЗ

Бийик зоодон улар үнү угулат

Жан жыргаткан суу агымы шылдырап

Теребелге көңүл буруп карасаң,

Жаз келиптир көктөм жыты буркурап.

 

Куттуктайбыз жаздын күнүн гүл берип,

Жан дүйнөгө жаз күнүндөй күч берип.

Жаз күнүндө жакшы маанай жаралсын,

Жалаң гана жакшылыктар бир келип.

 

Мөңгү суусу жылгалардан куюлат,

Көңүлдөргө жаздын деми туюлат.

Секин соккон атыр желдин илеби

Эс алдырып көңүлүңдү, муютат.

Айзаада Жуниева.

 

"САРЫКОЛ"- пресс

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.