АДАБИЙ БЕТ: "КЕРЕМЕТТҮҮ САРЫ-КОЛ"

МАЗАРЛУУ ЖЕРИМ МАДИЯН

Мургабтын мадиян жеринде,

Айтылуу мазар жери бар.

Мазардын суусу дары деп,

Айтышкан ата-бабалар.

 

Мазарлуу жерим мадиян

Ыссык-Суу атка конгону,

Тарыхта мазар жазылган,

Жүз жылдап өткөн болжолу.

 

Мазарым суунун булагы

Мазарым памир чырагы

Мазарлуу суусу тура бер,

Мазарым жерим турагы.

 

Мадиян мазар жүрөгү,

Мазарым суунун мүрөгү.

Мазарга душман чыкпасын,

Мазардын куту учпасын.

 

Мазарым кыргыз элдин эшиги

Мазарым сары-колдун мекени

Ушул жерде ата-бабам жашаган,

Бузулбасын мазарлуу жердин эшиги.


Аталган мадиян жеринде,

Мазарлуу жерлер көп болгон.

Канча адамдар басып өткөн,

Кыз мазар деген жеринде.


Суулары таза мазардын.

Суусунан канып жутканмын.

Суулары таза сага окшош,

Эч кайсы жерден унтпадым.


Абасы таза мазардын

Абасын жыттап уктадым.

Абасы таза сага окшош,

Эч кайсы жерден укпадым.


Мадиян мазар жеринде,

Канча адамдар түнөгөн.

Жыттасаң чериң жазылат,

Шибери көкмөк гүлдөгөн.


Мадиянда мазар жери бар,

Суусунда дава даары бар.

Сакайбай жүргөн жаралар,

Жуунса сууга сакайар.

Турдуматова Н.


КӨЛ ТОЛКУНУ

Көл толкуну кандай соонун керемет,

Көңүлгө бир башкача сезим келет.

Отуруп көл жегин карай берем,

Ойлонуп сүйлөшкөнсүп толкун менен.


Көл толкуну көңүлүмдү эргитип,

Толкундар бирин бири эрчишип.

Бараткансып көл үстүндө мен дагы,

Кыялданам толкундарды эрчишип.

Кулсариев Абдималик.


КЕРЕМЕТТҮҮ САРЫ-КОЛ

Кереметтүү кандай жерде жаралдым

Алыс кетсем ата-энемдей самаймын

Көңүлүм чөгүп капа тарта калгандай

Кубат алып Сары-кол тоолорун караймын

Кимдин келсе жүрөк сырын ачкысы

Кел Сары-колго жүрөктөрдүн ачкычы

Кылымдардын кылымдарын каарыткан

Ак сакалдуу бабалардын батасы

Ыйманы бар Сары-кол калкымда

Мурас кылып каарысыда жашыда

Сары-кол жерин сүйгөн үчүн кыргыздар

Ак калпагын кийип жүргөн башына

Байзаков А.


ШАЙМАГЫМ

Бийик бийик тоолоруң асыл таштан.

Берекелүү элдериң шайыр жаштан.

Шаймагым алтын уяам жан турпагым.

Бала чагым сенде өткөн жаш убагым.


Сууларың бар ысык ысык кайнап турган.

Уларың бар жазында сайрап турган.

Жыпар жыттуу гүлдөрүң аңкып турган.

Мекен үчун жанымды кылам курман.


Байыртан жашап келген ата бабам.

Алардын тукумдары сенде калган.

Езелтен жашап келген ата бабам

Алардын елестери сенде калган.


Сагынам көрбөй калсам ыйык жерим.

Сагынбайт кимдер гана туулган жерин.

Шаймагым мен туулган кымбат жерим.

Өркүндөп өсө берсин сенин элиң.

Маширапов Мустафа.


АПАКЕМ

Апакең бул дүйнөгө керек деди,

Апакең бул дүйнөгө белек деди.

Апасын сыйлаган адамдарга ,

Аллахым бейишти белек берди.


Апакем бул дүйнөгө алып келди,

Бапестеп мееримиге бөлөм мени.

Жан апам ак сүтүнү аябады,

Тогуз ай көтөрүп аярлады.


Мен кулсөм кошо күлгөн алтын апам,

Ыйласам кошо ыйлап ойго баткан.

Кечигип келбей калсам күткөн апам,

Мен үчүн сар саанада жүргөн апам.


Мени деп агардыго кара чачың,

Мени деп ага берет тамчы жашың.

Ыйлабай жүрөр элең асыл апам,

Егерде болгонумда тамчы жашың.


Апаке өмүрүңүз узун болсун,

Апаке уй бүлөңүз шаңга толсун.

Бар болчу алтын апа бактыбызга,

Аман бол алтын апа кашыбызда.

Маширапов Мустафа.


ЖООКЕРЛЕР
Жеңиштин 40 жылдыгына (1945-1985ж.ж)

Көп жылдар болуп өтсө да,

Түгөнбөйт айтса газалы.

Улуу Ата-Мекендик,

Кан күйгөн согуш четинде,

Болот деп жоонун бетинде.

Туулуп өскөн жер калып,

Ата-Эне курдаш эл калып.

Тагдыры тайкы болгонбу,

Батышка көздөй айдалып.

Кайыр кош айтып баарлыгы,

Сары-Колдон кеткен аттанып.

Бир жүз сексенге жакын,

Жергемден жоокер барыптыр,

Өкүмү шейит болшуп,

Жүз элүү ашык калыптыр.

Жыйырма жети тирүүсү

Эл жерге кайра кайтыптыр.

Ааламат эмей бул эмне,

Калайык калкым ойлосоң.

Жыйырма ашык атуул,

Дайынсыз алар жок болгон.

Гитлер ойлоп ал кезде,

“Дүйнөнү басып алам”-деп.

Барборос план бул түзүп,

Курулуш “Т-ны салам”-деп

“Дүйнөдө андай кезикпес,

Ибадаткана курам”-деп.

“Кул кылып бүткү Дүйнөнү,

Жеке өзүм бийлик кылам”-деп.

Ойлогон ою ишке ашпай

Беш жылга жетпей жок болгон.

Апаат согуш кезинде,

Душмандан бизден ойлосоң,

Кары жаш дебей канча адам,

Кырылып анда жок болгон.

Согушка кеткен канча жан,

Кайрылып келбейт кайрадан.

Ата-Эне, перзент, сүйгөн жар,

Унутпай аны сыздаган.

Тарыхта калар сакталып,

Канча мүлк анда кыйраган.

Түгөнбөс дастан ыр болот

“Согуш”-деп кошуп ырдасам.

Ачылып жарк деп пешенең,

Эл журтка кайра келишкен

Бир баштан айтып санайын,

Бул ырга кошуп эми мен.

ЗСП 54-аткычылдар полкунда,

Айтиев Мурзахмат,

Касымов Арзыбай болгон.

Маматосмонов Маматали

станковый пулемётчик,

Раматшоев Рузадор

матрос “Кенибергди”

алды деп медал алган.

Нажимидинов Жоробай,

Шогунов Вазирбек

Аширов Тагаq шофёлук кылып

италияда түрмөдө богон,

Стамкулов Борошо шофёр болуп

Бутунун балтырыдан жараат алган.

Касымов Белек, Сейитов Зайрбек

Парманов Ахмат Мадиян жеринен

Абдыкадыров Абдилай.

Кара-Көл жеринен байланышчы

Сраждинов Адахан. Раң-Көл жеринен

Таштанбеков Гожомкул

Москва, Ленинград,

Талинде согушта жүргөн,

биздин элде генерал дешет.

Азыр алай жеринде жашашкан

Гожонов Шарабидин менен

Абдрахманов Нусрат,

Матанов Камар.

Аткычтар полкунда

новотчик Асанов Айдар

туткунга түшүп бошогон.

Жаркырап орден медалдар,

Өкмөт берген сый алар.

Мекенди коргоп душмандан,

Ак эмгек менен алгандар.

Аттары жерде сакталып

Бир китеп болор-деп ойлойм,

Бардыгы кийин такталып.

Тогузунчу май күнү,

Өлкөдө жеңиш майрамы.

Катышкан улуу согушка

Кетишип келбей калганды

Душманды жеңип бул күнү,

Эл журтка кайра кайтканды

Эскерип жана куттуктап,

Жаанбай кошуп жазганы.

Жавай апыз.


“АТАКЕМЕ”

Атам Анапияев Султанбайдын жаркын элесине

Сагындым атаке бирге жүргөн күндөрүңдү,

Сагындым атаке акыл айтчуу сөзүңдү.

Сагындым атаке бейиш жыттуу жытыңды,

Сагындым атаке мөлтүрөгөн көздөрүңдү.


Сагынып күтөмүн асылым атакемди,

Эңсеймин бир көрүүгө элесиңди.

Гүл коюп бейитиңе дуа кылам,

Кайрылып келбеген соң, жокко аргам.


Эч нерсеге чектелгис байлыгым сен,

Үйүбүздө жанып турган жылдыз элең.

Ар дайым туйгунум деп эркелеткен,

Таш боор ажал алып кетти сени бизден.


Кудайыма миң мертебе шүгүр кылам,

Апакемдин, эже агамдын бардыгына

Атакемсиз бөксөргөн жерим толбойт туура.

Ыраң-Көл жамаатынын башталгыч

классынын окутуучусу Султанбаева Даткайым.


"САРЫКОЛ" пресс

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.