Жээнбай мерген (уламыш)

Жээнбай мерген (уламыш)

Илгертен эле ыйык Сары-Кол жергесинде атактуу бийлер-бектер, даңазасы таш жарган мергендер, сынчы саяпкерлер, балбандар өткөнүн кимдер билбейт.


Ошолордун бири Жээнбай мерген болгон экен. Ал бала кезинен эле атасын ээрчип Кытай тарапка (Кашкарга) кетет. Жээнбайдын атасы өтө күчтүү, балбан адам болгон экен. Кашкарга баргандан эле анын балбан адам экени жөнүндө аңыз кеп кетет. Ошондон улам андагы даражалуу бийлер аны издетип таптырып маареке тойлордо тандалган балбандарга чыгарып күчүн сынайт. Бирок айтууда эч кимден жеңилбей, далиси жэрге тийбептир.


Байдын балбаны болуп карамагында баласы Жээнбай өкөбү жашап калат. Арадан айлар, жылдар өтүп балбан карый баштайт ал күчтөн таят, кубаты кете баштайт. Кадыры түшүп кожоюндун көзүн карап карыз боло баштайт. Жаткан жерлери ат сарай болүп калат. Ошол шартта жашап жаткан менен баласы Жээнбай бой жэтип каруу күчкө толо баштайт өзү да эр жүрөк кең көкүрөк тайманбас болуп байдын көзүгө түшө баштайт. Атасыдан өткөн күчтүү балбан Жээнбай болот деп бай атасына эркиндик (азат) бербей жүргөн дейт.


Муну байкап жүргөн атасы баламда мен окшоп байдын көзүн карап калбасын деп боору ооруп: - Балам сен бул жерден туулган жериң Сары-Колго качып кеткин дейт.


Күчүңдү сынар күн келет

Атаңдын жолун жолдобой

Артка кайра кеткин – деп кача турган жолун көрсөтүп берген экен.


Жээнбай атасын таштап кете албай жылдар өтөт. Атасы дүйнөдөн өткөндөн кийин. Качар күнү кайра келип, кайраттанып качууга тураа келет. Атасынын көрсөтүп берген байдын атыны минип түн ортосу качып чыгат.


Качкан Жээнбай качып белди ашкан дейт

Белге жетип ат түтөгүп өлгөн дейт

Куугунчулар тутулду Жээнбай бакуш деп

Куру сөзүн байга айтып барган дейт

Белди ашып Жээнбай ачка жүргөндө

Астын алып аркар тосуп алган дейт

Ач болсода аркар берген күч кубат

Сары-Колго алты күндө жеткен дейт


Ачып азып келе жаткан Жээнбай тээ алыстан бир кыргыз үй көрүптүр, сүйүнүчтөн жетине албай алачыкка дароо жетип келет. Алачыктын эшигиден көргөндөр Дөө келди деп сыртка качып чыгыптыр. Алачыкта жалгыз калган Жээнбай чарадагы айранды бүт жутуп бир күл көмөч койнуна катыптыр, үйдө турбай кайра жол алыптыр.


Андан ары үйүр жылкы көрүптүр арасыдан жыттап келген кулунду кармап алып азык кылып сойуптур. Жээнбай мерген ошентип туулуп өскөн Сары-Колго жетиптир..


Келген күндөн жолу боло баштады

Эркин басып кенен кадам таштады

Эл аралап,ширин өмүр кечирип

Кыжылчылык кайгы капа калбады

Кара мылтык асынып

Кайыптан ишини баштады.

Кайсы жерде жүрбөсүн

Кайып этин кайннатып

Талаада жата баштады

Аркар, гулжа, теке атып

Элини бага баштады

Этине батбай күч кубат

Эренген экен күчүнө

Экиден гулжа көтөрүп

Элине таштай баштады

Аттагы чыгып Алайга

Аттактуу Жээнбай палбан деп

Бахмал жылга белиде

Жээнбай гөжөк бар экен

Кыштын күнү үшүбөй

Гөжөктө жашап жүрчү экен

Жолуну тосуп гулжанын

Гөжөктөн чыкбай атчы экен


Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены