“Ынтымак энелери” кербени (сүрөттөр)

“Ынтымак энелери” кербени (сүрөттөр)

Үстүбүздөгү жылдын 25-июль күнү эртең менен Мургаб районунун төрайымы, ардактуу Ражабзода Хусниянын катышуусунда "Ынтымак энелери" кербени алгач кыз-келиндердин кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп, райондун активи менен жолугуп, баарлашты. бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Мургаб районунун мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын имаратынын залында жолугушуу чын ыкластуу жана пайдалуу өттү. Мургаб районунун төрагасы Ражабзода Хусния райондогу көрктөндүрүү жана курулуш иштерине токтолду. Мургаб районуна келип, бул бийик тоолуу жана алыскы районго келген конокторду жылуу тосуп алып, бүгүнкү күндө биз сүйүктүү мамлекетибизде тынчтыкта, эркиндикте жашап жатканыбыз улут лидери Эмомали Рахмондун даанышман саясаты экенин айтышты.


Соңунда «Ынтымак энелер» кербенинин жана жалпы көрүүчүлөрдүн алкышына райондук маданият бөлүмү тарабынан түстүү концерттик программа тартууланды.



Марзия Гуломшоева

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены