Улуу тоолордун мекени Сары-Кол

Улуу тоолордун мекени Сары-Кол

Сары-Колдо туулуп, азыр тагдырдын буйругу менен дүйнөнүн ар кайсы булуң бурчтарында, Кыргызстандын ар кайсы райондорунда жашап, ал жерге эл болуп , жашоо кечирип келген Сары-Кол деп, Сары-Колдун ажайып кооз керээмет жаратылышын, Сары-Колдогу өзгөчө тоо койнундагы, анын өзүнө гана таандык болгон жашоону, ошол тоо, табигат, өзүнө тартып дайыма эстеп, Сары-Колдун суусун ичип ,тузун татыган , адамдын эсинен кетпес!. Ошол бир аз жашоо, эстен кетпей өзүнө тартып, кыял сыяктуу өтүп кеткен жашоону, эстебеген эскебеген адам болбос.! Сары-Колдун тоолорун, тоо арасындагы жайлоолорун жерлерин, көлдөрүн, ыссык сууларын сагынган мен, жана мен сыяктуу алыста, сагынуу, арзуу менен жашап келген, ой толгоолорубузду бириктирген бирден бир "Сары-Кол" ( www.sary-kol.ru ) сайты аркылуу бир аз ой пикиримди билдирип, бир аз ой бөлүшөйүн дегенмин.

 

Сары-Колдо бардык нерсе нукура ( оргинал ). Эң таза, даамдуу эт гөш Сары-Колдо, эң таза курут май Сары -Колдо, чыныгы нукралуулукту ( оргиналдуулукту ) издесең Сары-Колдон табасың. Сары-Кол аялдары да, кыздары да, нукура таза аруу жараткан. Сары-Кол аялдарына гана тиешелүү болгон аруулукту ,тазалыкты, өзгөчө назиктикти, кыз назын, Сары-Кол аялдарына гана берген.

 

Сары-Кол эли кылымдарды карыткан, Сары-Кол жери, "Кызыл арт" ашуусун ашкандан кийин чоң аймакты( территорияны) өзүнө камтыган өзүнчө эле бир мамлекет сыяктуу айтылуу Сары-Кол өрөөнү башталат. Нечендеген кылымдарды башынан кечирген, нечен түркүн окуяларды ичине камтыган, карт, улуу тарыхы бар, эч кайсы улутка аралашпаган. Жазуучу кинорежиссер Кыргыз эл баатыры Дооронбек Садырбаев "Журтумдун көрөңгөсү " деп атагандай тоотмек ойноп, кол ойнотуп, комуз чертип, ат жалында, шамалдай ойногон, шайыр шайдоот көрөңгө болуп, бир ууч кыргыз эли байырлап мекендеп, жашап келет. Сары-Кол өрөөнү тоолорго, кайберен, кийик, илбирс мекендеген тоолор, тоолорго батпаган кендерге бай. Карт тарыхка кайрылсак эл ичинде нечендеген сөз берметтерин шурудай тизген акылман, аксакалдар, чечендер, кара кылды как жарган казылар, эл бийлеген бийлер, өткөн.

 

-----------------------------------------------------------

 

Кайрылуу !

Сары-Кол элим ! “Сары-Кол” ( www.sary-kol.ru ) сайтынын көрүүчүлөрү! Сиздерден бир сураныч, убакыт учкан куш сыяктуу,күндөр чууруп зымырап өтүп жатат. Жашоо да, өмүр да убакыт менен жарышып өтүүдө. Базарбай акам менен бирге иштеген,замандаш болгон, бирге жүргөн кишилер да картайып, катары азайып суюлуп баратат, ошол үчүн кимдер акам Таштанов Базарбай тууралуу билгендерин, көргөндөрдүн сүрөттөрүн “Сары-Кол” сайты аркылуу же болбосо Мургабда Мурзаева Айша же уулу Таалайга берип койсоңуздар. Же болбосо алыстагылар мүмкүнчүлүгү барлар менин почтама же Вацаптан жөнөтүп койсоңуздар сураныч.

 

Жердештер Сарык-Могол айылынын 70 жылдыгына карата Совет доорундагы Сары-Кол, Алай өрөөнүндөгү эл кызматындагы кээ бир адамдардын өмүр баяндарын жана жер суулардын аттарына байланышкан эски уламыш-тарыхтарды чогултуп даярдап басмага бергенмин бирок чыга элек. Азыр дагы мурда жарык көрбөгөн Сары-Кол, Сары-Могол, тууралуу ар кандай окуяларды, жер суунун аттарына байланышкан жана Совет доорундагы эл үчүн эмгек кылган белгилүү адамдардын өмүр баяндарын да чогултуп жүрөм. Жараткан насип кылса бир күн сиздер берген эмгектерди кошуп чыгарабыз деген ойдомун. 2017 жылы "Түбөлүк бейпил, бейиш жашоосуна карай" деген котормо, накыл сөздөр, тил баалуулугу тууралуу жазылган жыйнак китеп чыгарганмын.

 

uluu-toolordun-mekeni-sary-kol 2Мен Мусурманкуов Ибраим Таштанович

1961 жылы Сарык-Могол айылында төрөлгөнмүн.

1982-1985ж. Дүйшөмбү шаарындагы №1 мед. окуу жайыны аяктадым

1985-2000ж. Сарык-Могол участкалык ооруканада иштедим.

2000-2009 жылдары КР Чек ара кызматында иштедим.

 

Менин почтам:

ibraim.musurmankulov@mail.ru

ibraim.tashtan@gmail.com

Ватцап номер: +996 779 90 81 33

 

Мусурманкуов Ибраим Таштанович

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены