Улуу тоолордун арасындагы кыргыздар

Улуу тоолордун арасындагы кыргыздар

Сарыкол (Мургап) кыргыздары дүйнөнүн чокусу аталган деңиз деңгээлинен төрт, беш миң метр бийиктиктеги “Памир" тоолорунун арасында кылымдардан бери жашап келе жаткан байыркы улуу эл. Сарыколдук кыргыздар бийик тоолуу аймактын климаттык катаал шартынын оордугуна (түтөк, шамал, суук) ж.б. түйшүктөргө карабастан, ата - бабалардан калган мал чарбачылыкты жоготпой , өнүктүрүп өстүрүп келүүдө. Сарыколдо климаттык шартка байланыштуу чөп өсүмдүгү жерге жапыз өскөндүктөн кышка карата көбүрөөк тоют камдоо мүмкүн эмес. Күзүндө бир- аз, төл мезгилине жаңы туулган козу -улак үчүн, бир эки машина чөп чабылат.

 

Мал-жандык дээрлик табигый чөптөрдү тоо түздөрдөн оттойт. Сарыкол (Мургап) кыргыздары Тажикстандын көп жерлерин эт азыктары менен камсыз кылып турат. Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун токсон пайызын табигый таза, кой, эчки жана топоз эти менен камсыз кылат. Күн сайын Сарыколдон (Мургап), Хорог шаарына жана башка аймактарга тонналаган эттер жолтандабас "Паджеро”, "Тойота "унаалары менен ташылып жеткирилип турат.

 

Сарыколдун (Мургап) топозунун эти табигый экологиялык жактан өтө таза табылгыс азык болуп саналат. Ден - соолукка өтө пайдалуу, курамында холестерин аз. Топоз эти организмдеги зат алмашууну жакшыртып, иммунитетти көтөрөт. Каны аз адамдарга (анемия ) өтө пайдалуу. Топоздун канынын курамында эритроцит болгондуктан этинин өңү каралжын тартып, кийиктин этине бир аз окшошуп кетет. Илимий изилдөөлөрдө топоз эти 62 - оорууга табылгыс даары экендиги далилденген. Топоз этинен даярдалган шорпону суукчан адамдар ичсе, башы айланганы жоголуп көңүлү ачылат. Бийик тоонун чөбүнү жеген топоз этинин даамы өзгөчө. Топозду өстүрүү эмес, деңиз деңгээлинен төрт, беш миң метр бийиктикте жашоонун өзү ары түйшүктүү ары кооптуу.

 

Мына ушундай табылгыс азыкты калкка даярдаган, тоо арасында топоз багып элди сапаттуу (дүйнө элдери тамшанып жетпей жүргөн) эт менен камсыз кылган Сарыколдун күжүрмөн эмгекчил элине даңк!

 

Тээ илгертеден бери ата - бабаларыбыздан калган чарбаны чачпай, ыссыкка күйүп суукка тоңгон, шамалга жүзүн тосуп өжөрлүк, кайраттуулук, менен жашоонун учугун улап келе жаткан Сарыколдук кыргыздар бар болуңуздар, чыныгы тоонун нукура улуу журту демекчимин !

 

Бар болуңуздар чыныгы тоонун нукура кыргыздары !

 

"Янги- Овоз" эл аралык

жазуучулар союзунун мүчөсү

Өскөнбай Бердибаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены