"Улуу Памир элечеги" (сүрөт)

"Улуу Памир элечеги" (сүрөт)

31-июлда Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинде "Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында "Улуу Памир элечеги көргөзмөсү ачылды.

 

Кыргыздар Борбордук Азияда байыркы элдердин бири, салттуу маданиятты, улуттук кийими менен тарыхый этностук аймагында миндеген жылдар бою жашап келген.

 

Кыргыздын улуттук баш кийминдеги кол өнөрүлүктүн сейрек кездешүүчү түрүн сактап өнүктүрүп, этникалык кыргыздардын жашоосундагы өзгөчөлүктөрүн окумуштуулар изилдеп келген. Кыргыздардын уруу-уруу көчүп конуусу, соода байланыштары, башка улуттар менен узак убакыт коншулаш жашоосу кийимдин өнүгүшүнө таасирин тийгизген

 

Биздин максатыбыз кыргыз аялдарынын баш кийимин маданий мурас катары сактоо,унутта калып бара жаткан кеп такыя,элечектерибизди таанытуу жана даназалап жайылтуу эле.

 

Көргөзмөдө Туркиядан келген Конурбүбү апабыздын нукуралуулукту сактап, аймактык өзгөчөлүгүнө көнүл бурса, Кытай жергесинен келген Тилек апасынын атуусундагы элечектин Бугу, Төөлөс, Найман ж.б урууларынын элечегигин өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди,

 

Ошондой эле Рахманкул атабыздын уулу Памирден Авганистан, Пакистан дан көчүп- көнүп Туркияга келген кезин элестөөсү менен тарткан сүрөтүнүн көргөзмөсү чагылдырылды,

 

Көргөзмөнү уюштурууда "Аталар изи" коомдук фондусунун жетекчилиги Асел Калканова биргеликте иш алып барды..Бул иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Учурда туристер тынбай келип , көрүп, улуттук баш кийимииздин тарыхына, кооздугуна,анан сырларына кызыгып жаткан учуру.

 

Көргөзмөгө К.Р Өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Чолпон-Ата мэриясы менен шаардык кенеши өз салымдарын кошуп, колдоо көрсөтүштү.

 

Көргөзмө 15-августка чейин улантылат.

Интернет булактары

 

uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 1 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 2
uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 3 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 4
uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 5 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 6
uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 7 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 8
uluu-pamir-elechegi-s-r-t 1 9 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 2 1
uluu-pamir-elechegi-s-r-t 2 2 uluu-pamir-elechegi-s-r-t 2 3

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены