Уламыштар: Памирдеги ашуу эмнеге Ак-Байтал аталып калган

Уламыштар: Памирдеги ашуу эмнеге Ак-Байтал аталып калган

Чыгыш Памирдеги эң бийик ашуулардын бири Ак-Байтал ашуусу. Бийиктиги 4655 метр. Ал аркылуу Ош-Хорог жолу өтөт. Ашуунун эмне үчүн Ак-Байтал аталып калышы боюнча памирлик кыргыздарда уламыш бар.

 

Илгери Чыгыш Памирдеги кыргыздардын арасында 40 аялы, 40 ити бар Авлеч деген бай киши жашаптыр. Бир жолу ал аты менен Кытайдын Кашкарына барып, аялдыкка бир кытай кызды сатып алат. Бирок жаңы аялы байды жаман көруп, аны өлтүрүүнү ойлойт. Келе жатып түнкүсүн ашуудан алыс эмес жерге түнөмөк болушат.

 

Ошондо аялы күйөөсүнөн жашырынып каракчыларга барып, аларга акча берип Авлечти тоноп, өлтүрүүнү буюрат. Бирок ээсине берилген Байтал аялдын жаман оюн сезип калып, Авлечти ашуудан ашырып кетет. Бирок аялы каракчыларга дагы акча берет. Алар билгизбей барып байга кол салышат. Бай алар менен катуу салгылашат. Бирок качып баратканда аялы кармап калат. Авлечтин жанында жүргөн акылдуу ити аялды тиштеп, качууга жардам берет. Каракчылар байга жаа атып, жебелердин бири итке, экинчиси атка тиет.

 

Каарданган Авлеч каракчыларды, аялын да өлтүрөт. Бай өлгөн аты менен коштошуп, узакка ыйлаган экен. Кийин ошол жер Ак-Байтал аталып калыптыр.

 

Канымжан Усупбекова

www.super.kg

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены