Тойдон кийин да той керек

Тойдон кийин да той керек

Элибизде кычыраган кыштын суугуна карабай, үйлөнүү тойлор биринин артынан бири жер-жерлерде болууда. Токчулукта той көбөйөт болуп турганы Кудайга шүгүрчүлүк жакшы жышаан деңизчи...

 

Бирок өтө эле аша чаап баратат окшойбуз, стол той (кафе той), ЗАГС, ушунун баары эл көрсүн (Рия) дегенге окшоп барат. Кафеде 100 адамга ылайык орун болсо, чакырылган коноктор 300 адам, орун жок, бала-бакыранын ыйлаганы, ызы-чуу, кайната-кайнене, кайнага-кайнеже, алар менен бирге күйө бала менен келиндин бийлегени, фата (той көйнөгү) жука денеге жабышып көкүрөктөрү ачык, күйөө баланын жылаңбаш жүргөнү жана башка ушундайдын баары эртеңки күндүн урмат сыйынан бизди ажыратып бараткансыйт.

 

Ланг Крузер, Мерседес, Паджеро жана башка кымбат баалуу унаалар менен убай-чубай жүргөн, ЗАГС деп кечке чейин жүргөндөрү, кызды жасап ЗАГСка чыгарганда акча алмай, баланы чыгарганда акча алмай (жеңе акысы), бут кийимдерди катып коюп акча алмай (балдыз акы), кафеде тамадага, ырчы-бийчилерге акча бермей (договор) келишим менен ал гана эмес той башталарда өзбек элиндегидей аялдардын алдын ала жуучу болуусу, өкүл ата тандап ага (алтын шакек, алтын сөйкө) буйрутма (заказ) берүүсү ж.б.у.с. майда-чүйдө ырым жырымдын көбөйүүсү, балким үйлөнгөн эки-жашка унутулгус кубанычтуу күн болуусу мүмкүн, бирок пайдасы жок көрүнүш.

 

Ушул кеткен чыгымдарды той ээлери жакшы эсеп-кысап кылып көрсө, эки жашка бир же эки бөлмөлүү батир, турмушка керектүү буюм-тайым алып, никеден кийин мал союп, тууган-уругунан, коңушу колоңунан ак бата алып, экөөнү ошол батирге киргизип коюшса, түбөлүк ата менен энеден калган мүлк болуп калчудай. Насыя (кредит) алып той кылып, ал төлөнбөй калып, куда-кудагыйлар ортосундагы пикир келишпестиктер, (агым кетти-көгүм кетти) деген илдет сөздөр балким үйлөнгөн эки жашка терс таасир берип, ажырашууга чейин жеткени баарынан жаманы болууда.

 

Олуялуу Сары колдо, башка элден келген салт санаа болуусу мүмкүн эмес. Тажикстан Республикасынын “Үрп-адат, каада-салттарды жөнгө салуу” мыйзамы да жок жерден чыккан эместир, анын негизги максаты салтты жоюу эмес, ысырап-керчиликке жол бербөө экендигин Улут ажосу 2017-жылдын 22-декабрындагы Кайрылуусунда дагы баса белгилеп кетти.

 

Ушинтип майда чүйдөгө көңүл бурбай бара берсек, келечек муундарыбыз да олуялуу сарыколдун санжыралуу салт-санаасын, үрп-адат, каадасын унутуп, бара-бара жоготуп алабыз го деп чочулайм.

 

Кыскасы, “жети өлчөп, бир кесип” терең ойлонуң урматтуу окурман!

Балким, менин пикирим туура эместир, калганын өзүнүз байкап көрүңүз...

 

Темир Маматмусаев

Мургаб району

"САРЫКОЛ" пресс.

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены