“Сезим кайрыктары” поэзия кечеси (сүрөт)

“Сезим кайрыктары” поэзия кечеси (сүрөт)

Кечээ 20 январь күнү Ош шаарындагы Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканада “Сары -Кол жаштары” коомдук бирикмеси уюштурган акын жердешибиз Өскөнбай Бердибаевдин “Сезим кайрыктары” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

 

Кеченин биринчи бөлүгүндө автордун "Бийиктик", "Поэзия Ордо" жана "Улуулар баскан улуу жол"аттуу китептеринин бет-ачар аземи болду.

 

Кечеде Сарыкол жергебиздин кадырлуу аксакалдары Мамасайит Тажалиев, Идрис Шаджанов, Замир Касымов жана этникалык кыргыздардын өкүлү Исматилла Корголбаев, Кыргыз республикасынын Ош шаардык улуттар ассамблеясынын Тажик улуттук Дусти маданий борборунун жетекчиси Алиназаров Холикназар, жазуучулар союзунун өкүлү Бермет Закирова, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Мырзаева жана башка акын жазуулар авторду кызуу куттуктап чыгармачылык ийгиликтерди каалап сөз сүйлөштү.

 

Кеченин аягында “Сары- Кол жаштары” коомдук бирикмесинин жетекчиси Медетбек Ислаев облустук китепканага белектетерин тапшырып жана Сарыкол элинин ордо оюнуну аздектеп ойногон уюткулуу улуу журт экенин баса белгилеп Сарыколдун чыгаан журналист Гожомберди Ниязбеков жазган Сарыкол кыргыздарынын “Ордо оюну” китептерини жалпы элибиздин атынан эстелик катары китепкананын китеп текчесине калтырды.

 

Бар болгула “Сары–Кол жаштары" коомдук бирикмесинин намыскөй эр азамат жигиттери.

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены